Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, өлкөдө мамлекеттик баланста 575 тонна запасы менен АЛТЫН КЕНДЕРИ бар.
- Укук коргоочу Оливия Роуп: «Кыргызстанда АБАКТА ОТУРГАН аялдардын ар бир бешинчиси киши өлтүрүү же үй-бүлөсүндөгү эркек адамды капыстан өлтүрүп алуу боюнча соттолгон»,- деди.
- Президент Алмазбек Атамбаев журналист СЫРГАК АБДЫЛДАЕВГЕ «Эрдик» медалын тапшырды. Ал 2009-жылы Бишкек шаарында кол салууга дуушар болуп, кийин Швециядан саясий баш паанек алган.
- Орусиялык «Прайм крайм» сайты кримчөйрөдө САКАЛ деген лакап ат менен таанылган Улан Токтосунов Түркияда «мыйзамдагы ууру» болгонун жазып чыкты. Ички иштер министрлиги бул маалыматты 27-октябрдан бери тактап бүтпөй жатат.
- Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков: «10-декабрга чейин БАЖЫ СОЮЗУНА кирүү боюнча керектүү документтерди кабыл алышыбыз керек»,- деди.
- «Ата Журт» партиясынын катарынан өлкөдөгү эң бай адамдардын бири, депутат РОМАН ШИН чыкканы жатат. Анын билдирүүсүнө караганда, ишкер эмдиги жылы өтүүчү парламенттик шайлоого ат салышпайт.

- 26-октябрда БАКУ-БИШКЕК-БАКУ аба каттамы ачылды. Ошондой эле Азербайжанда Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча документке өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Курбаналы Узаковдун айтымында, азыркы тапта СИРИЯ менен Пакистанда 75 кыргызстандык согушуп жүрөт, 5 киши каза тапкан.
- Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов: «Расмий каттоодон өтө элек дубандагы мечиттердин саны 134тү түзөт»,- деди. Ошондой эле өлкө аймагындагы жаңы салынуучу мечиттер мындан ары муфтияттын макулдугу менен гана салынмай болду.
- Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ноябрь айынын башында ТҮРКМӨНСТАНГА иш сапары менен баруусу пландалып жатат.
- Айыл чарба жана мелиорация министрлиги «Талас облусунда төө буурчактын баасын ортомчулар түшүрүп жатат» деген билдирүү таратты.
- 2015-жылдын 1-январынан тартып Орусиянын чек арасынан өтүүдө Кыргызстандын жарандары, анын ичинде 16 жашка чыга электер да ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ПАСПОРТТУ көрсөтүшү керек болот.
- АЗИЗ БАТУКАЕВ Орусияда 3 жыл жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү каралат. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жөнөткөн катында билдирди.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg