«КАРА ӨРҮК САТЫП, КЫШКА ДАЯРДЫК КӨРҮП АЛДЫМ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Кара өрүк же болбосо айрым аймактарда кайналы деп аталган бул өсүмдүк август айынын орто ченинен тартып быша баштайт. Кара өрүк өстүргөндөрдөн дүңүнөн сатып алып кургатып, аздыр-көптүр тыйын-тыпыр топтоого жетишкендер да бар.

«БЫЛТЫР БАШТАГАН ИШИМДИН ПАЙДАСЫН БЫЙЫЛ КӨРДҮМ»
Аксы районунун Торук айылынын тургуну АЛИМЫРЗА АСКАРОВ кара өрүктү дүңүнөн сатып алып бизнес кылат:
– Биз кара өрүктү кайналы дейбиз. Бул жакта кайналы көп өсөт, ошондуктан кайналы бизнеси жакшы тараган. Мен дагы былтыр ушул бизнести баштаган элем. Бирок түшүм жакшы болбой, пайдасы аз болуп калган. Быйыл гана көзгө көрүнөрлүк пайда таап отурам. Мындан дагы көп киреше тапмакмын, иш кызып жаткан учурда үйүм өрттөнүп кетип, кайналы кабыл алууну убактылуу токтотуп коюуга туура келди. Азыркы тапкан кирешеме нааразы эмесмин. Кышкыга көмүр алдым, үйдөгү майда-бараттын баарына жетти, кыскасы, кышкыга даярбыз.

«КАБЫЛ АЛУУНУН 2 ТҮРҮ БАР»
– Алгач айылдарды аралап, кимдин короосунда кара өрүк болсо үйдүн кожоюну менен сүйлөшүп, эгерде өзүбүз кол менен терип беребиз десе, атайын жашиктерди таштап кетебиз. Анда 1 килограмм мөмөгө 18 сомдон төлөнөт. Кээ бирөөлөр терип бергенден эринишет, алардын кара өрүгүн өзүбүз барып күүп, терип алабыз. Мындай учурда 12 сомдон төлөйбүз. Үй-бүлөлүк бизнес болгондуктан, кара өрүктү теришүүгө тууган-уруктар жардамдашып, көп чыгаша болгон жокмун.
Кара өрүктү Аксынын эле айылдарынан алдым. Байкашымча, ар бир айылдын ортосунда бышуу убактысы боюнча 20 күндөй айырма болот экен.

«БИЗДИН КУРГАТЫЛГАН КАРА ӨРҮКТӨР ЧЕТ ЭЛДЕРГЕ КЕТЕТ»
– Быйыл жалпысынан 3,5 тонна кара өрүк сатып алдым. Адамдарды жалдап, 50 килограмм кара өрүктү данегинен тазалап, кургатып бергендиги үчүн 150 сомдон төлөдүм. Кургатканда үйдүн чатырларына чейин кара өрүк болуп кетет, темир тунукенин баары толот. 10 килограмм кара өрүктү кургатканда 3 килограмм болот. Эгер мөмө эттүү болсо, 4 килограмм болушу мүмкүн. Кара өрүктүн кургашы күндүн ысыганынан көз каранды. Орто эсеп менен 3-5 күндө кургайт. Кургатылган мөмөнү капка салып, нымдуу эмес жерге сактайбыз же мүшөккө салып, атайын жел жакшы өтчү жерлерге илип койсо болот. Ошентип 3, 5 тоннанын баарын кургатканымда 1050 килограмм как түштү.
Бизде шаршемби жана жума күндөрү чоң базар болот. Ал күндөрү айыл элинин баары базарга чыгат. Андайда мүшөк-мүшөк кылып кара өрүктү базарга алып чыгабыз. Орточо баа менен 100 сомдон жогору сатабыз. Бирок быйыл дүңүнөн 92 сомдон сатып жибериптирмин. Азыр болсо кургатылган кара өрүктүн баасы 132 сомго көтөрүлдү. Кээде бизден кургатылган кайналыны сатып алып Баткенге алып кеткендер болот, андан ары Тажикстанга жана башка өлкөлөргө алып кетишет экен.

ЧЫГАША ЖАНА КИРЕШЕ

Чыгымдар:
Сатып алууга – 42 000 сом
Бензинге – 2000 сом
Кургатууга –10 500 сом
Жашикке 10 000 сом
3,5 тоннадан 1050 килограмм кургатылган кара өрүк түштү, аны 92 сомдон сатканда
96 600 сом болду.
Киреше – 96 600 сом
Чыгым – 64 500 сом
96 600-64 500 = 32 100
Таза киреше – 32 100 сом

«Айылдагы ар бир үйдөн жок дегенде 20 жашик кайналы чыгат».

«Пайдалуу бизнес баштап алдым, муну токтотпой улантмакчымын».

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
10.11.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайналы. Корорго козум жок. Тергенден жаргандан тажадым. Сата келгенде эч канча деле болбойт. Бул суукда келет колдорубуз какшап ооруйт.
10.11.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anara-anara, Айтпаныз корорго коз жок, бир чака кайналыны жарып бутмойунчо уйдун чатырынан тушурбой козубуз кочодо ойноп жаткан жаш балдардан торт болуп кыйналчубуз. Суукта отор жерине отуп кетет какшап соокторун
10.11.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол кара орукту сатып анан ошонун пайдасына окуп жатбайбызбы
12.11.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо оруктон ушундай акча болсо,аябай аз экен замандашым-((( балким союзга кирсек эмгегинер кайтаар.....
13.11.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МашаАллах ишинизге береке! Бекер жургондон коро озунузду да, башкаларды да иш менен камсыздапсыз азаматсыз
13.11.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси кыйын экен? Мен да Аксыдан болом кайналы терип жарып эле жургом эч кыйынчылыгы жок. Бир сооонун эле тирилик кылса болот. Кайра каткырык кулку менен соонун иш болот.
13.11.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх кайнлы кайналы Алмырза Аке менин бала кезимди эстетип койду. Менда кичинемде тайкемдин уйундо терчу элек. Ишинизге ийгилик Алмырза Аке!
13.11.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эле быйыл кайналы жакшы акча балду, мен да аксыдан болом 5-куну базарга барсан кайналы сатып продукта алгандар канча
14.11.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен
14.11.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара өрүктүн пайдасы көп мисалы ичи каткан адамдар күндө эрте менен эрте эки кашык кара өрүктүн вареньесын жеп турса пайдалуу болот.Ошондой эле кара өрүк менен жүзүмдү кошуп компот жасаса компоту аябай соонун дамдуу болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо