Наталья Варлей: «ЫСЫК-КӨЛ МЕНИ ДАРЫЛАГАН»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

«Спортсменка, комсомолка и просто красавица!» Нина эсиңиздедир. Ал «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасынан улам таанымал. Бул образды жараткан актриса Наталья Варлей борбор калаабыз Бишкектеги Орус драма театрында адабий-музыкалык кечесин өткөрдү. Убакыттан пайдаланып биз да маекке чакырып калдык.

ЦИРКТЕН ТАСМА ТАЛААСЫНА
Варлей Наталья Владимировна 1947-жылы 22-июнда Румыния мамлекетинин Констанца шаарында жарыкка келген. Жаштайынан таланттуу, музыкага жакын өскөн Наташа үй-бүлөсү менен 3 жашында Москва шаарына көчүп келет. «Эсимде, бир жолу апам мени циркке алып барган. Кассанын жанында «11-13 жаштагы улан-кыздарды машыктырууга алабыз» деген жарнама илинип туруптур. Менин курагым жарыядагы талапка жооп бергендиктен эртеси үйдөгүлөргө айтпай барып, циркте жүрүп жаткан тандоодон өтүп кеттим. Жыйынтыгында Орус мамлекеттик цирк жана сахна искусствосу боюнча училищени аяктадым. Кийин циркте иштеп жүрүп «Күн желесинин формуласы» («Формула радуги») деп аталган тасмага тартылгам. Тилекке каршы, ал чоң экранга чыкпай калды. Мага атактуулукту алып келген тасма, албетте, «Кавказ туткуну» болду. Ага мен 500 кыздын ичинен тандалып алынгам. Анда мен 19 жашта элем, жыйырмага чыкпай туруп Советтер Союзунун жылдызы болгом» деп эскерет актриса.
«Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасы жарыкка чыккан соң Натальяны Владимир Тихонов сүйүп калат. Ал атактуу актриса Нонна Мордюкова менен «Жаздын 17 ирмеми» тасмасындагы Вячеслав Тихоновдун уулу болчу. 1971-жылы экөө баш кошушат. Жеке турмушу жөнүндөгү эскерүүлөрүндө Наталья жолдошу тууралуу мындай дейт: «Владимир мени аябай сүйгөн, мага жетүү үчүн 4 жыл бою эртең менен жумушка баратканымды көрөм деп мен жашаган көп кабаттуу үйдүн чатырында түнөп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин ал мени ар бир дарактан кызганып айламды кетирчү».
Түгөйлөр 1972-жылы уулдуу болгон соң эки ажырым жолго түшүшкөн. Ага чейин Наталья Николай Бурляев аттуу чыгармачыл мырза менен 3 жыл жарандык никеде жашаган. Актриса азыр жеке турмушун эл көзүнөн жаап-жашырууну туура көрөт. Коомчулукта «Актрисанын тун уулу Владимирден эмес, атактуу актёр Аркадий Райкинден төрөлгөн. Ал Владимирди жөн эле алдап турмушка чыгып алган» деген кептер айтылып келет.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасына тартылуу үчүн купальникчен тасма талаасына чыгууга макул болгон.
  • Аталган тасмадагы трюктарды өзү аткаруу үчүн ал режиссёрду «мен каскадёрмун» деп алдаганын айтат.
  • Наталья: «Мени Нинанын образына байланып калганым кейитет. Бул роль мага атактуулук алып келгени менен, кийинки карьерамдын жолун тосуп койду»,- деп көп айтат.
  • Актрисанын атын жамынып бай кишилерден «мен Наталья Варлеймин» деп акча алган айымдар бир учурда аябай көбөйгөн. Жадакалса айрым алданган мырзалар чыныгы Натальяны кармап алып, «карызыңды бер» деп коркутушкан учурлар кездешкен.

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРЫК ӨЧҮП, ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛДА КАЛТЫРГАН»
Наталья Варлейдин Бишкекке алгачкы жолу келиши эмес, мурунку келгениндеги окуяларды эстеп бизди да күлдүрдү.

– Куш келипсиз, буга чейин Бишкекке качан келдиңиз эле?
– Мен Бишкекке көп эле келдим. Мындан 3 жыл мурун Бишкекте бир топ актёрлор болуп спектакль койгонбуз. Эсимде, мен спектаклден кийин уйкум келип, дароо эле мейманканадагы бөлмөмө барып уктап калгам. Калгандары тамактанууга кетишкен. Саат түнкү 12 болгондо жарык өчүп, байкуштар 12-кабатка темселеп араң чыгышыптыр. Биз Бишкекте жарык өчүп турарын билбептирбиз (күлүп).
Андан мурун Мар Байжиевдин «Нөшөр» тасмасына тартылганы келгенде Ысык-Көлдүн кереметине катуу суктангам. Анда менин жан дүйнөм жабыркап турган эле, көлдү көрүп бүт көйгөйлөрүмдү унутуп кеткенмин.

– Бишкектин театр сүйүүчүлөрүнө кандай баа бердиңиз?
– Мисалы, москвалыктар искусствого тоюп калышкан. Аларды бир нерсе менен таң калтыруу кыйын. Сахнада туруп алып кара терге түшүп аткарсаң да «дагы эмне болуп кетет экен?» дегенсип эмоциясыз отура беришет. Бул жерде болсо залда отургандар актёр менен чогуу бир толкунда болушат экен. Ыйласа ыйлап, сахнадагы болуп жаткан окуяга аралашып кетишет тура. Мага көрүүчүлөрдүн маанайы жакты.

– Биз тарапка дагы келесизби?
– Ден соолугубуз чың болуп, жол жүрүүгө күчүбүз жетип турса, далай келебиз.

Актриса спектаклде ойноордо күн бою тамактанбайт экен. Ошого байланыштуу бизден кечирим сурап «тамактанайын, өтө кеч болуп кетти» деп коштошуп, жолун улады.

Актриса 2-уулу Алексей кимден төрөлгөндүгүн ушуга чейин жашырып келет.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Кавказ туткуну Нина SUPER.KG`ге маек курду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
07.11.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кавказ туткуну киносун коргон сайын коргун келе берет...жашында абдан сулуу болгон...далай жигитерди чуркатса керек аркасынан..
SUPER.KG видео
07.11.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
60 как чыгып калыптыр да ээ, жаш корунот
SUPER.KG видео
08.11.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
нинадагы светин очушун билиптирда
SUPER.KG видео
08.11.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
свет очуп байкуштар уят эле светин менен кара жерге кир деп кетишкендир же бизди мазактап жатышабы деп кетишсе керек.
SUPER.KG видео
09.11.2014. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Свет очконун булар да билет экен да тем более столица кыргызстанда уят уят. Бир деревняга барып свет очуп калды десе анда тушунсо болот ал бул деген чооон эле айырма бар да. (: :( :(
SUPER.KG видео
10.11.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт озунукун алат тура. Карып калганына ишенбей турам. Азыр деле жаш болсо керек деп журо бериптирмин. Наталья айымды озунун атаны караганда Нина деп таанышкандар коп болсо керек.
10.11.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татынакй болуп карыптыр
SUPER.KG видео
10.11.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун ал актерлор актрисалар ошол фильмде гана калып кеткенсийт,кандай гана сонун кинолор, ошол мезгилге ошол жакка кетип калгын келет ((((((
11.11.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прическасын озгортпоптур го.
11.11.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйла картая тушуптурго.
SUPER.KG видео
11.11.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бул кинону кундо корсомда тажабайт элем
SUPER.KG видео
11.11.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жагат жакшы октер!
12.11.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх Нина Нина...
13.11.2014. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шурик м.н Нинанын кинолорун тажабай бат баттан кором))))капырай прическасы илгерки бойдон гоо
13.11.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashtygynda kanday bolso azyr da oshondoy,supsuluugo.
SUPER.KG видео
30.11.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино мага да аябай жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо