УРМАТ АМАНБАЕВАГА КАРАТА «КОРРУПЦИЯ» БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратура тараткан маалыматта: «Эл өкүлү Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөн. Анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., «Б.» ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар кирген.
Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы колдонулуучу негизги препараттардын жана дезинфекциялык каражаттардын санын жогору кылып көрсөтүшкөн. Ал препараттар менен дезинфекциялык каражаттарды «Б.» ишканасы алып келип берет деп көрсөтүшүп, бюджеттен бөлүнгөн акча ишкананын эсебине которулуп турган. Кийин ал акча каражаттарын Урмат Аманбаева жана топ мүчөлөрү өз ара бөлүп алып турушкан. Мындай коррупциялык көрүнүш 2009-жылдан 2013-жылга чейин жүрүп келген. Анын кесепетинен мамлекет
17 миллион 263 миң 500 сом зыян тарткан»,
- деп жазылат.
Бул иш боюнча депутат бир канча жолу прокуратурага чакырылып, бирок басып келбегенин билдирет Башкы прокуратура. Маалыматтарга караганда, Урмат Аманбаева учурда «Ош-Кардио» медициналык борборунда дарыланууда. Кылмыш иши прокуратуранын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кылмыш ишине шектелип жаткан башка жарандардын ысымдарын Башкы прокуратура азырынча жарыялай элек.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
10.11.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Косягы бар го быягы...
10.11.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир журок оорулуу, жегич чиновниктердин баарын заранее кардио центрга жаткыргыла. Даяр турушсун
10.11.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bol'nisada jatat dep atywty bele,bizde ozun4o ele moda bolup ketti,sottoit dese ele bol'nisaga jatyp ooruluu bolup kalywat.......
11.11.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу кармоочу жайга оруукана ачып эле коюш керек болдуго дейм. Оруугандын баарын ошол жерде даарылай турган кылып))
11.11.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кардиологияга эмес моргко эле кирип жатып албаптыр биротоло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо