ЭКС-ПРЕМЬЕР АМАНГЕЛДИ МУРАЛИЕВДИН УУЛУ ТЫҢЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, экс-премьер Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевге карата тыңчылыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Ал 1-ноябрь күнү «кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу» беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын УКМК билдирди. Аткаминердин кайсы мамлекетке Кыргызстандын жашыруун сырларын сатканын УКМК азырынча айта элек. «Дело номер» гезити Алтынбек Муралиев коңшу мамлекеттерге жашыруун маалыматтарды сатып турган деген жоромолун жазып чыкты. «Аткаминердин жасап жүргөн ишинин кесепетинен узак убакыт бою даярданып жүргөн кыргыз расмий делегациялары кошуна мамлекеттер менен катаал сүйлөшүүлөрдө көбүнчө ийгилик алып келбей турган абалда калып калышчу. Анткени жашыруун маалыматты алган тарап сүйлөшүү учурундагы кыргыз тараптын көзүрлөрүнөн алдын ала кабардар болуп алышчу»,- дейт гезит.
Учурда «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев 1999-2000-жылдары премьер министр, 2010-жылы июль айынан декабрга чейин «техникалык» өкмөттүн биринчи вице-премьери болуп турган. Уулу Алтынбектен башка дагы 2 кызы бар. «Баары күтүүсүз болду. Айраң-таң калып отурам. Эмнени ойлонушумду да билбей жатам. Уулум чоң киши. Бизден бөлөк жашачу. Өзүнүн үй-бүлөсү, жашоосу бар. Ошондуктан азырынча анын кармалышы тууралуу эч нерсе дей албайм»,- дейт атасы Амангелди Муралиев.
Алтынбек Муралиев азыркы кызматына 2012-жылдын 11-октябрында дайындалган.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
10.11.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон киттер калып кетип,майда чабактар кармала берет кыргызстанда
10.11.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынчылык деген эмне?
10.11.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., башка мамлекеттин пайдасына иштеген,мамлекеттик сырды аларга алдын ала жеткирип турган
10.11.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы замандын ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 11.11.2014 10:21
11.11.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chikus93, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
11.11.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саткын!!!
11.11.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик копсуздук кызматынын атайы болуму. Болок мамлекеттин атайы кызматардагы чалгынчыларга Кыргызстандын атайы малыматарды берип турган. Бул ото чон кылмыш.
11.11.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ керек мындай саткындарды олкобуз озу кыйналып турган кезде мынтип тынчылык кылган кыргыз жигитине жарашбайт намысы жок эркек адам эмес
Модератор admin_superstan түзөттү 12.11.2014 10:26
12.11.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dodon, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
13.11.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beti jok eken,oz elin satkan adamdyn kolunan ech kachan jakwylyk kelbeit!
13.11.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасынын атын булгаптыр
15.11.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын ХХХ ХХХ ХХХ Ушуну кутсо болот эле. Биздин бийликтин ушунчалык шалаакылыгын карачы, андай жерге ишке алыш учун текшеруудон откондо кантип ушулар эске алынбайт.
Модератор admin_media түзөттү 20.11.2014 10:38
20.11.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SayKal020101,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
20.11.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамлекеттик сыр-бул Атамбаев жана ХХХ былыктары.
Модератор admin_media түзөттү 20.11.2014 10:39
20.11.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumatka,
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо