ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Башкы прокуратура премьер Жоомарт Оторбаевге электр энергиясы жана жылытуу боюнча тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам бузууга күнөөлөнүп жаткан кызматтык адамдардын жоопкерчилигин кароо көрсөтмөсүн киргизди.
Башкы прокуратура сентябрь, октябрь айларында өкмөттүн 1-сентябрдан тартып 3 фазалуу абоненттерге 1 киловатт-сааты үчүн 1 сом 20 тыйындык тарифти киргизүү боюнча токтомун карап чыккан. Прокурорлор жогорудагы токтомду кабыл алууда Энергетика жана өнөр жай министрлиги, өкмөт тарабынан нормативдик укуктук акттар жана электр энергия тууралуу мыйзамдын талаптары көзөмөлгө алынган эмес деген жыйынтыкка келген. 
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын райондор аралык соту электр энергиясы менен жылуулук энергиясынын тарифтерин кымбаттатуу боюнча өкмөт кабыл алган токтомду мыйзамсыз деп тапкан. Өкмөт бул боюнча апелляциялык арыз менен кайрылып, азыркы тапта иш Бишкек шаардык сотунда каралууда. 
3 фазалуу абоненттерге 1 сом 20 тыйындык тарифти бекитүүдө Осмонбек Артыкбаев энергетика жана өнөр жай министри болуп турган. Ал 9-октябрда энергетика тармагына коюлган бир топ дооматтардан кийин отставкага кеткен.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
10.11.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Электр энергиясына татыктуу адам эмес бул. Биринчи эмес экинчи жолу ушундай шалаакылыка жол берип жатат.
10.11.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patrik сен бул кишини жакындан тааныйсынбы?
13.11.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде качан кордунор чондордун жооко тартылганын?биздин чондордун баары эле суудай таза пахтадай аппак,аларга пара берген эл куноолуу бийлике шайлаган учун дагы эл куноолуу,кыскасы айыптын баары элде.
20.11.2014. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ишкананы жондоп иштетип кете албаган бийлик бутун мамлекетти кантип онуктурмок эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо