БИР БҮРКҮМ

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

  • 5-ноябрда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: «Жогорку Кеңештин депутаты КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ дарылануу үчүн ооруканага жатты»,- деп айтты. Эл өкүлүнө карата өткөн аптада кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтылган болчу.
  • Өлкөдө 2014-жылдын август-сентябрь айларында каза болгондордун 51 пайызы КАН АЙЛАНУУ системинин бузулушунан көз жумгандар.
  • Мамлекеттик жана коомдук ишмер ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ 95 жашка чыккандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара 6-ноябрь күнү Улуттук филармонияда болуп өттү. Ага өмүрүнүн аягына чейин 20 миң сомдук стипендия чектелди.
  • «Нарын жылуулук берүү» ишканасынын директору Улан Айтиевдин айтымында, Нарын шаарына биринчи жолу БАССЕЙН курулат. Анын узундугу 25 метр, туурасы 6 метр, тереңдиги 2 метр болот. Бассейнди 2015-жылдын 1-июнуна колдонууга берүү пландалууда.
  • Орусиянын «РОСНЕФТЬ» ААКсы «Бишкек нефти компаниясы» ЖЧКсын 39 миллион долларга сатып алды. «БНКнын» Бишкек шаарында 23 май куюучу станциясы бар.
  • «ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» ААКсынын башкы директору болуп Таалайбек Толубаев дайындалды. Буга чейинки директору Абдылда Исраилов ишкананын бир катар кызматкерлерине кылмыш иштери козголгон соң арыз жазып жумуштан кеткен.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиеванын айтымында, НИКЕ АГЕНТТИКТЕРИ элдин башын айлантып, топ-топ кылып чет жерге жөнөтүүдө. «Сыртка чыккан ар алтынчы кыз соода буюмуна айланып жатат»,- дейт ал.
  • Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин маалыматы боюнча, сырттан сатылып алынган ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН баасы
    1 киловатт-сааты үчүн 5 сом 13 тыйынды түзөрү пландалып жатат.
  • АЛМАТЫ шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Сеит Убукеев: «Алматы, Тараз жана Шымкентте 60 миңдей кыргызстандык эмгектенет»,- деди.
  • Өлкөдө ИНТЕРНЕТ кызматын берүү укугуна ээ 21 компания бар. Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевдин айтымында, 3 компания 2015-2016-жылдарга карата Кыргызстанды бирдиктүү шакекчеге бириктире турган систем курат.
  • ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына Мирлан Каниметов жетекчи болуп дайындалды. Анын мурунку башчысы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ ИИМдин 10-башкы башкармалыгын жетектөөгө кетти.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо