КЫРГЫЗСТАНДА КАРАКТОО КҮЧ АЛДЫ

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

3-ноябрь күнү Токмок шаарында «Бренд» менчик күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук унаа тонолду. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, инкассатордук унааны бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. 4 кылмышкер инкассаторлорго тапанча такап, 5 миллион сомго жакын акча салынган баштыкты жана «Сайга» мылтыгын тартып алышкан. Акча «Бренд» май куюучу жайларынын ишканасына таандык деп айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин Панфилов көчөсүнөн белгисиз адамдар тарабынан инкассатордук унаа тонолуп, бир адамды атып таштаган каракчылар 1,7 миллион долларды алып кетишкен. Айрым маалымат булактары бул кылмышка шектелип, Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн эки кызматкери УКМК тарабынан кармалганын жазып чыгышкан. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү «эки милиция кызматкери УКМК тарабынан карактоого шектелип кармалган. Бирок кайсы карактоо боюнча экенин так айталбайбыз» деп билдирген.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
10.11.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким таппайт,билип,коруп турушса да кормоксонго салышат да.
11.11.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо миллионду карактап анан Кыргызстанда отуруп алышмак беле. Кетишти да качааан эле чет олкого. Кармалышкан учурда деле 2-3 эле пачкасын ыргытып коюшса иш тымызын жабылат. Качан эле бизде чон кылмыштардын бети ачылчу эле. Баягы эле тоок,сотка уурдагандар кармалышат. Миллион уурдаган адам миллион миллиция менен сотту "уктатат". Акчаны коргондо укук жана тартип коргоочулардын козу сокур, кулактары дулой болуп калат го.
12.11.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лихие 90х возвращается.
Кесипти бандитчилике озгортуу керекпи? Ак уй бийликти алдырып койду караларга. Алсыз бийлик оозун ачып олтурат каралар менен нанды бирге болуп жеп. Эхххх Кыргызстаным шорун бар экен. Мурдагы бийликтерден айланса болот экен эле. Атамбаев озу билип кетип калсын дер Аллахтан суранып туралы! Оомин!
15.11.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а маладецтер озундо курал туруп ушунтип олтурса ......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо