№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
Учурда автоунаа ээлеринин жүрөгүн өйүткөн маселе – бул күйүүчү майдын күндөн күнгө кымбаттап баратканы болууда. Мындан улам электр энергиясы жана газ менен жүрүүчү автоунаалар көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Төмөндө газ баллон жабдыгы тууралуу жана анын оң, терс жактарын ачыктап беребиз.
ГАЗ БАЛЛОН ЖАБДЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Газ баллон жабдыгы (ГБЖ) – кыймылдаткычы бензин менен иштөөчү автоунааларга орнотулуп, кыймылдаткычты иштетүүчү кошумча жабдык. Аны орнотуу менен унааны газ менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана автоунаанын кыймылдаткычы бензин менен да, газ менен да иштей берет. Эсептөөлөр боюнча, бензинге караганда газ 10 пайызга көбүрөөк сарпталат. Анткен менен булардын бааларын эске алганда газ арзанга түшөт. Мисалы, 100 чакырым аралыкка 10 литр күйүүчү май сарптаган автоунаага АИ-95 үлгүсүндөгү бензин
(1 литри 53,2 сом) куйсак, учурдагы Бишкек шаарында көрсөтүлгөн баа менен
532 сомду түзөт. Ал эми ушул эле аралыкка 11 литр газ (1литри 26 сом) сарпталат жана анын баасы 286 сом болот. Бензинден 246 сомго арзан.
ГБЖнын АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ
Артыкчылыктары:
Бензинге сарпталуучу каражатты эки эсе үнөмдөйт.
Экологиялык жактан зыяндуулугу аз.
Кемчиликтери:
Жабдыктын заманбап түрлөрүн жана аны орнотуунун баасы кымбат. Алсак, Бишкекте мындай жабдыкты 4 цилиндрлик автоунаага сатып алып орнотууга эң аз дегенде 700 доллар сарпталат. Ал эми 6 жана 8 цилиндрликтердин үстүнө дагы 150-200 доллардан кошулат.
ГБЖны төмөнкү учурларда орнотуу максаттуу деп саналат:
ГБЖны ТАНДООДО ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
ТЕХНИКАЛЫК КООПСУЗДУК
Адистердин айтымында, бензинге салыштырмалуу газ коопсуз болуп саналат. Анткени бензин куюлуучу бакка караганда газ баллон 10 эсеге калыңдык кылат. Бирок унаа кырсыкка кабылып, баллон катуу нерсеге урулуп, жарылып кетсе, чыккан отту өчүрүүгө жетишүү кыйын. Эгер күйбөй эле газ чыгып жатса, ал өтө муздак абалда болгондуктан адамдын денесинин сырткы бөлүгүн үшүтүп жиберет.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
Кубанычбек Сыдыков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
газ бензинден дагы кооптуу (ото бат жарылат , ысыкта жарылып кетиши толук мумкун, жарылганда бомбадай эле жарылат, имараттын ичинде жарылса имаратты кыйратып коюшу мумкун , ошого газ менен жургон унааларга жабык жайларга кирууго тыюу салынат)
газ бензинге караганда алсыз, тартышы алсыз болуп калат унаанын, кееч ылдамдайт, ошондуктан жеке менин коз карашымда кыймылдаткычы 1.8 ден жогору унааларга туура келбейт. адамдар эмнеге