«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

БАЯЗИДДИН РОЛУ ҮЧҮН АКТЁР 13 КИЛОГРАММГА СЕМИРГЕН
Хүрремге арналып тартылган акыркы эпизоддо актёрдук курам 15-20 секундага дем албай, көз ирмебей турган. Ал эми Хүррем калкалаган Баязиддин жана 5 уулунун сөөгү кайда жашырылгандыгын билесизби?

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
134-135-сериялар:

БАЯЗИД МАРКУМ МУСТАФАНЫН ДУБАНЫНА ЖӨНӨТҮЛӨТ
Хүррем ичер суусу аз калганын сезип, даярдык көрө баштайт. Ал Сүмбүлдөн Ибрагимдин мүрзөсүн табууну суранат. Улуу вазирдин сөөгү жаткан жерге келген султан айым: «Мен сенден кечирим сурабайм. Анткени сен мени тандап, султанга алып баргансың. Кийин жүз ирет өкүнсөң да, акыйкат ушул»,- деп айтат. Бул аралыкта Селим гареми менен Манисадан, Баязидге уул төрөп берген Дефне жана башка коштоочулары менен Күтахьядан хан сарайды көздөй аттанышат. Хүррем бир топ былыктын башында турган келини Нурбануну өзүнө чакырат. Ал кайненесине «Күмөн санабай эле койсоңуз болот, бир күн келет, ошондо бул хан сарай менин үйүмө, бул бөлмө менин бөлмөмө айланат. Доор өзгөрөт, менин заманым башталат» дейт.
Султан айымдын өмүрүнүн акыркы күнү да келип, жакындарына керээздерин айтат. Кызы Михримахка «мындан ары атаң менен инилериңе сен кам көрөсүң» деп өз ордун табыштаса, уулу Баязидге «Балам, башың аман болсун. Бекем болбосоң, душмандарың сени жашата койбойт» деп айтат. Ошондой эле Хүррем эки уулуна сандыкка салынган темир соот кийим калтырат. Катта «Мен өмүр бою силерге калкан болуп келдим. Силерге акыркы тартуум катары канжар же кылыч эмес, соот-шайман берип жатам. Бири-бириңерге каршы күрөшө турган болсоңор, билип койгула, мен силерди эч качан кечирбейм» деген жазуу болот. Султан айым Сүмбүлгө Сулейман белек кылган зымырыт таштуу шакеги менен кошо көмүүнү айтат. Бирок бул шакекти кийинчерээк Нурбану жардамчылары аркылуу уурдап алат.
Ошентип, Хүррем бул дүйнө менен кош айтышат. Хан сарайды аза кайгысы басып, султан бөлмөлөрдөн баалуу буюмдар менен жибектен тигилгендердин баарын алып салууну буюрат.
Бирок аза күтүү көпкө созулбай, Селим Сулейманга Баязид менен болгон пикир келишпестиктерин жеткирет. Атасы уулдарын Стамбулдан алыс жайгашкан дубандарга жөнөтөт: Баязидди убагында Мустафа башчылык кылган Амасьяга, ал эми Селимди Коньяга. Ачууга алдырган Баязид «Мен маркум агамдай эмесмин. Тагдырымды султандын колуна кармата койбойм. Козголоң болсо болсун. Артка жол жок» деген бүтүмгө келет.

БАЯЗИД 5 УУЛУ МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН
Тарых барактарында Баязид апасы Хүрремдин чоң колдоосуна ээ болгондугу, бирок ал кайтыш болгондон кийин ханзаада так үчүн күрөштө жалгыз калгандыгы айтылат. Атасынын өзүн Күтахьядан Амасьяга жөнөтүү чечимине макул болбой, кол топтой баштайт. Бул жагдайды султан козголоң деп кабыл алган. 1559-жылы Баязид менен Селимдин армиясы бетме-бет келип, анда Сулеймандын колдоосу менен Селим жеңишке жетет. Баязид болсо өз жеринен качып, Ирандын шахы Тахмаспка барып баш калкалоого аргасыз болгон. 1561-жылы перстер Баязидди атасына өткөрүп беришет, кийинчерээк ханзаада беш уулу менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Козголоңчу атыккан мураскердин жана төрт баласынын сөөгү Түркиянын Сивас шаарына, ал эми эң кенже уулунун сөөгү Мустафанын күмбөзүнүн жанына, Бурсага коюлган.
Бүгүнкү күндө да Баязиддин жазган ыр саптары, Сулейман султан менен ыр аркылуу кат жазышуусу китепканада сакталып келет.

УЧАК КУРУУЧУ АРАС БУЛУТ ИЙНЕМЛИ
Баязиддин ролун аткарган актёр Арас Булут Ийнемли кесиби боюнча учак куруучу, 1990-жылы туулган. Бир тууган агасы театрда ойноп, бир тууган эжеси ырчы болгондуктан, каарманыбыз чыгармачыл чөйрөдөн алыс кете албай койгон. Ал 2009-жылдан бери бир топ тасма жана сериалдарга тартылганы менен, ага атактуулукту «Барксыз өткөн өмүр» сериалындагы Метенин ролу алып келген. «Даңазалуу кылымдагы» ханзааданын ролуна даярданууда Арас Булут Ийнемли 13 килограммга семирип, ат чабууну жана кылыч менен чабышууну үйрөнгөн.
«Баязид эрежелерге баш ийбеген бирөө. Селим эшикти тыкылдатып кирсе, менин каарманым ачууга алдырганда эшикти шарт эле ачып кирет эмеспи. Чорт мүнөзүнөн улам да саясат иштерин жүргүзө албаса керек. Баязиддин жан дүйнөсү мага жакын деп айта албайм, бирок анын айрым кырдаалдарда таштаган кадамына мен деле бармакмын»,- дейт жаш актёр.

ХҮРРЕМГЕ АРНАЛГАН АКЫРКЫ ЭПИЗОД КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
Султан айым соңку демин чыгаруу алдында сериалда бардык каармандар катып калган эпизод көрсөтүлөт. Балалыктагы «Замри! Отомри!» оюнун эске салган бул фокус жөн эле кадрды стоп абалында кармоодон жаралган эмес. Режиссёрдун ойлоп тапканы боюнча операторлор саамга, тагыраагы, 15-20 секундага катып калган актёрдук курамды кыдырып тарткан. Бирөө көзүн ирмеп ийип, же жаш балдардын биринин чачы шамалга учуп кеткен учурларда кайра тартууга туура келген. Төрт жолку тартуудан кийин бул фокус ишке ашкан.
Вахиде Перчин тартуу иштери жөнүндө мындай дейт: «Бул сериалга тартылганга чейин көлөмдүү жасалгаларды тагынчу эмесмин. Айрыкча таажылар. Боюм узун болгондуктан, эмнегедир мага таажы жарашпаса керек дептирмин. Бирок сонун эле жарашып калды. Кээде таажылардын оордугунан моюнум ооруп калып жатты».

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 607-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 608-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 609-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 610-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 611-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 612-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 613-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 614-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 615-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 616-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 618-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 619-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 620-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 621-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 622-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 623-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 624-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 625-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 626-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 627-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 629-сан
«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ 630-сан
Комментарийлер(8)
17.11.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булобуз менен кутуп коробуз. Кыздарымда султан айым кором деп кутушот :-)
17.11.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актер жагат да. Баязидди 4 баласы менен олтургону окунучтуу.
18.11.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада Баязид жагат
18.11.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул менин суйууктуу сериалым.ушундай мыкты сериал тарткан режисеруна рахмат
20.11.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн суйуктуу сериялым башынан аяагына чейин коруп буттум эн окунучтуусу Байезитин балдары менен олушу
20.11.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Баязидтин аты эле жагат. Не обычно ат.
21.11.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйомго усу баланы иий десе
21.11.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагимдин олумун коргум келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо