ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫНА ОК ЧЫГАРЫП, АЛ КАЙТЫШ БОЛДУ

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

13-ноябрь күнү Өзбекстандын чек арачылары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өзөк жергесинде кыргыз-өзбек чек арасынын макулдашылып бүтө элек тилкесинде Кыргызстандын жаранына ок чыгарды. Ал кийинчерээк Өзбекстандын аймагындагы ооруканада кайтыш болду. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, окуя кыргыз жаранынын Кыргызстандан Өзбекстанга контрабандалык жүк алып өтүү аракетине байланыштуу болушу мүмкүн. 
10-ноябрь күнү да өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып, аны жарадар кылышкан. Өзбекстан тараптын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын эки жараны Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунун четине токтоп, кыргыз-өзбек чек арасынан контрабандалык азык-түлүк (тоок жана өрдөк этин) өткөрүүгө аракет жасашкан. Өзбек чек арачылары мыйзамсыз ишти токтотууну талап кылышкан, бирок кыргызстандыктар баш ийбегендиктен ок чыгарышкан. Натыйжада бир жаран жарадар болуп, ал Өзбекстандын Вуадиль айылынын ооруканасына жеткирилген. Азыркы тапта дарыгерлердин айтуусу боюнча анын акыбалы туруктуу. Ал эми экинчи кыргызстандыкты кыргыз чек арачылары Кадамжай районуна, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
17.11.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара мамилеси качан чечилет? :/
17.11.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim8678, Чечилет дээ, бул кетиште чечибей калды го
17.11.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ok4oloi,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн банга!
19.11.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кокуй, мыйзамсыз ишти токтотууну талап кылып отурбайт биздикилерге окшоп, эскертуусуз эле атат! Коруп эле журобуз го, мен да ок жээриме аз калгам, автоматты тууралаганда байкуш машинам 180 градуска кантип моментально бурулуп кеткенин озу да тушунбой калган.
20.11.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz, сизди Кудайым сактаптыра сак болунуз екинчи баса корбон алар тарапка.
Тынч бололучу кыргыз елим.
23.11.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алабуканын озок деген жери жок узбекстанга карайт. падек деген жеринде болгон алабуканын маркумдун башына аткан
27.11.2014. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin atambaev karimov olso anan suylowobuz dep jurso anan. karimov olgu4ekti ozunun taktan keteri mn iwi jok
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо