КОРРУПЦИЯБЫ ЖЕ АМАНБАЕВА МЕНЕН САЛЯНОВАНЫН ЧЫРЫБЫ?

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева өзүнө карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна башкы прокурор Аида Салянованы күнөөлөп, «иним Бактыбек Аманбаевдин ишмердүүлүгүнөн улам менден өч алгысы келип жатат» деген билдирүү жасады. «Текшерүүдө мен бир кезде иштеген Ош шаарындагы облустук кургак учук борборунун медайымдарын, айрым кызматкерлерин коркутуу ыкмалары колдонулгандыгы ачыкталды. Аида Салянованын 2010-жылдын 6-7-апрелинде Жалал-Абад облусунун аймагында бирге болгон Акмат Бакиевди жашыруун качыргандыгы жана башка мыйзамсыз жоруктары боюнча эртедир-кечтир жооп берүүчү мезгил келет»,- деп баш прокурорду күнөөлөгөн депутат айым кимдер, кандайча өзүнө каршы көрсөтмө берүү үчүн кысымга алынгандыгын ачыктабады.
Башкы прокуратура да жоопсуз калбады. 7-ноябрда башкы көзөмөлчү органдын маалымат кызматы депутат айымга жооп кайтарды: «Медициналык техника жана дары менен камсыздоо департаменти 2013-жылдын март айында Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 2008-2012-жылдардагы дары-дармектерди рационалдуу пайдалануу боюнча ишмердүүлүгүн текшерген. Анда дары каражаттарын колдонууда каржылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган. 2013-жылдын май айында «ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши Урмат Аманбаеванын иниси Бактыбек Аманбаевдин акыйкатчы болуп шайланышына чейин эле көзөмөлдөөчү органдын башчысы Аида Салянованын катышуусуз козголгон». Бактыбек Аманбаев акыйкатчы болуп 2013-жылдын октябрь айында шайланган.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов: «Биз депутат Урмат Аманбаеваны Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле каалаган убакытта кармай алабыз. Өзгөчө оор кылмыштарда депутаттарды кармоого мыйзам жол берет»,- деди.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
17.11.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элдин жашоосунда качан майрам болот,Майрам болгуча биздин одноразовый КурманжанДаткаларыбыз бир казанда башын кайнатыша албай "бириникин бири чукуламай",- ойундары такыр тугонбой койду.Базарда манты сатып ,акыйлашып орун талашкан аялдардан айырмасы калышпаган айымдарыбыз элге эмнени кыйратып бермек эле?!Карышкырга кой кайтартып,кыргызымды борулор боркутуп жеп кете турган болду,тунок таппай талаа белдеп кезип жургон боордошторубуз эсеби табылбайт!Кудайым озу батасын берсин!!!
17.11.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирин олуп,бирин кал. Экоонор тен элге кызматынар жок.
17.11.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизи Салянова ото начар аял экен нагыз корупционерлердин тобун тузгон жетекчи дагы судья имиш
18.11.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фак
22.11.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Аида айымга ким жакбаса иш козгойт айрыкча оппозицияга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо