БИР БҮРКҮМ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

  • Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаменттин директору Нурбек Элебаевдин айтымында, Казакстандан импорттоло турган электр энергиясынын 1 киловатт-саатын Кыргызстан болжолдуу түрдө 5 СОМ 13 ТЫЙЫНДАН сатып алат.
  • БАКТЫБЕК ЖУСУБАЛИЕВ ички иштер министринин биринчи орун басарлыгынан бошотулду. Аталган кызмат ордуна ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген Нурбай Касымбаев дайындалды.
  • ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН 300 үй-бүлөсүнө Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн там салуу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди.
    Экс-президент Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу САНЖАР БАКИЕВ жаза өтөө мөөнөтүн аяктагандыгына байланыштуу эркиндикке чыкты. Ал «2010-жылдын май айында Жалал-Абадда баш аламандык уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган» деп соттолгон болчу.
  • 14-ноябрда Ысык-Көлдүн КАЖЫ-САЙ жергесинде болуп өткөн жер титирөөдөн улам тартылган зыяндын суммасы 100 миллион сомдун тегерегин түзүп, 1400гө жакын турак жайлар залал тарткан.
  • Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” гезитинин ээси “РУБИКОН” фирмасынын 48 пайыздык акциясы арестке алынганын билдирди. Мындай чечим Аскар Акаевдин күйөө баласы, ишкер Адиль Тойгонбаевге карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу экендиги айтылды.
  • КАРАКОЛ шаары КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжа курортторунун эс алуу баасы боюнча биринчи орунду алды. Рейтинг жер кезерлерге арналган Орусиянын белгилүү порталы тарабынан түзүлгөн.
  • Ош шаардык кеңешинин депутаты Талант Капаров орусиялык гранттын эсебинен курулушу бүтмөк болгон эстакадалык көпүрөгө Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИНДИН ысымын ыйгарууну сунуштады.
  • Өлкөдө ТУКУМСУЗ адамдардын 50 пайыздан көбүрөөгүн эркектер түзөт. Советтик мезгилде бул көрсөткүч 20-25 пайыздан турчу”,- деп билдирди врач-уролог Бакы Асанбаев.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты, “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабировго атасы Сабыр уулу Эсендин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо