Түгөлбай Казаков, Кыргыз Эл артисти:«БУТТАН ЧАЛГАНДАР УЧУРУНДА БОЛГОН, АЗЫР ДА БОЛУП ЖАТАТ»

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Ар бир элдин мактанар, сыймык тутуп өнөрүн сүйөр таланттары болот. Бизде андай арбын арыш керген таланттарыбыз четтен чыгат. Дал ошол өнөр көрөӊгөсү көкүрөгүнө нуска болуп кыттай уюп калган, көп тараптуу Түгөлбай Казаков агайыбыздын бейнесине үӊүлөлү.

– Түгөлбай агай, сиздин чыгармачылыкка болгон ышкыӊыз тээ балалыгыӊыздан башталганын айтып жүрөсүз. Атактуулукка карай жолуӊуз ошондо эле башталган экен да?
– Ал кезде атакты ким ойлоптур? Айылыбыздын аты чыкса деген тилек менен жазчубуз. Бизден улуулардын макала, ырлары гезитке чыгат да, анан алардын жолун уласак дейбиз. Макалаӊ чыкса аябай сүйүнөсүӊ. Мен “Известия” гезитине алгачкы куш кабарым чыкканда укмуш эле болгом. Ананчы, өзүм орусча билбесем, макалам Москвадан орус тилинде чыгып жатса...

– Орусча билбесеӊиз кантип жаздыӊыз анан?
– Ал кезде райондук гезит эки тилде чыкчу. Чыккан макалабыз орус тилине да которулуп басылчу экен. Орусча окубасак аны кайдан билмек элек? Бир агайым “орусчасын кайра көчүрүп, тээ Москвадагы “Правда”, “Известия”, “Труд” деген гезиттерге салып жиберсеӊ, чыгар бекен” деп даректерин берген. Салып жиберсем чыгып кетип жатпайбы!

– Обологон обондор көкүрөктү качан кытыгылай баштаган?
– Обон чыгаруу далалаты мектепте, 8-класста окуп жүргөндө башталган. Райондук гезитке Байдылда Сарногоевдин “Колхоз кызы Жаӊылга” деген ыры чыккан. Мен ары жок ага обон чыгарып ийип, аным ар кайсы обонго окшошуп турганына карабай эл алдына аӊылдап коё берерде, “Ой, бу кайсы Жаӊыл?! Кимдин кызына арнадыӊ эле, ыя?” деген сурак башталганда Кудай мага эс берип, тизгинимди тартып алгам. Ошондон кийин “Алтын балалыкка” чейин обон тууралуу ооз ачкан жокмун. Чыгармачылыкта ар кимди туурап тамтаӊдаган кез болот. Аны бири ачык айтса, бири асмандан түшө калгансып жашырат. Ар бир адам ал кезден өтүш керек экен.

– Өзүӊүзгө журналистика жакынбы же обончу-ырчылыкпы?
– Обон, ыр, поэзия, проза, котормо, журналистика, кыскасы, чыгармачылыктын бардык багыттары адамдагы көркөм дүйнөнү түрлөнтүп чагылдыруучу эстетикалык каражаттар эмеспи. Булардын кайсынысын беттесе да адам ошондон ырахат алып, майнап чыгарса, анда өмүрү текке кетпейт. Эргүү бардыгында бар. Кеп анын сага кандайы келгенинде. Обу жогу келип алса, анда элге шылдыӊ болосуӊ.

– Атактуулуктан эмне таптыӊыз?
– Атак-даӊк сыртынан жайдаӊдап таманыӊа май сүйкөп турганы менен, түпкүлүгүндө акыл-эсиӊди тумандатып, душманыӊды көбөйтүп, нугуӊдан чыгарып, жеӊил-желпи кишини жээктен алыс ыргыта турган кургурлар. Аты чыккан кишинин жолу бир топ эле татаал болот экен. Аны көтөргөн бар, көтөрө албай көйгапка кеткендер бар. Антпешке чоӊ акыл керек. Кечээки досуӊ бүгүн сага көр казып жаткан болот. Тааныбаган эле бирөөлөр кас душманга айланат. Себебин билбеген бойдон каласыӊ. Кыскасы, агын да, карасын да көрдүм. Эӊ эле көӊүлдү кайт кылганы – өз кишиӊдин көрө албастыгы. Эми материалдык байлык жөнүндө айтсам, силерге жалган, мага чын, биздин муундан аты чыккандардын көбүнүн аты улук, супарасы курук. Тээ Атай, Муса, Мыскалдардан бизге чейинкилердин арасында бай обончу болгон деп уктуӊар беле? Мисалы, мен 1980-жылы 2 саат 40 мүнөттөн турган жеке концертимди бердим. Сахнада менден башка эч ким болгон жок. Аккордеон экөөбүз үч күн бою кара терге түшүп турдук. Ошондо мага 4 сом 50 тыйын төлөштү. Ал акчага ошол кезде бир бөтөлкө арак келчү. Популярдуулугум апогейинде турган кезди айтып жатам. Анан кайдан материалдык байлык топтойт элем?
Кийин кайра куруу мезгилинде Асанкалый экөөбүз бир аз концерт койдук. Ошондо деле эки киши чыгасыӊбы, эки жүз киши чыгасыӊбы, концерттен түшкөн таза кирешенин 30 пайызын гана берчү. Азыр 30 пайызын берем деп чакырсаӊ бир да ырчы жеке концертин койбойт. Мунун баарын аки-чүкүсүнө чейин эмнеге айтып жатам? Биздин элде атактуунун баары бай деген түшүнүк бар экен. Мен өмүр бою айлык менен жашадым. Короо толо малыӊ, күргүштөгөн бизнесиӊ, нарктуу акцияларыӊ, жеке ишканаларыӊ болбосо байлык кайдан келмек эле? Же Эстебес ага айткандай, эл бизди арыктын жээгинен акча терип жүрөт деп ойлойбу? Тоолуктардын “Жыйырмага чейин күчү жоктон күч сураба, отузга чейин акылы жоктон акыл сураба, кыркка чейин байлыгы жоктон акча сураба” деген кеби бар эмеспи. Алтымыштан кийин кайдагы байлык?!

– Өзүӊүз эле өргө карай оргуштап чыгып кеттим десеӊиз жаӊылыштык болор. Сизге ким жол көрсөттү, жардам берди?
– Жолго салган, өмүр бою кеп-кеӊешин берген апам менен эки агам болду. Өнөргө тарткандар 60-жылдардагы керемет обончулар. Музыка дүйнөсүнө өтө кылдаттык менен алып кирген Алаев деген агайым. Маданият тармагындагы жолумду көзөмөлдөгөндөр Акун Токтосартов менен Мелис Шаршенбаев. Тогуз жолдун тоомунда жер муштатып саясатка алып кирген Мелис Эшимканов болду.

– Бизде бир жаман касиет бар, жакшыны буттан чалган...
– Ээ, иним, эмнесин айтасыӊ. Андайлар учурунда да болгон, азыр да болуп жатат. Ичи тарлар тирүү турганда бул адат калбайт. Ошондуктан кийинки муунга айтар элем, кекчил, ичи тар, ыплас, ичкичтерге эгерим жакын жолобогула. Кекчили сенден кетпесе деле бир күнү союп түшөт. Ичи тары өзүнөн өйдө чыгарбаш үчүн сага кылбаганды кылат. Ыплас адамды киши экен деп сыйласаӊ төрүӊө кусуп кетет. Булар ырыстуу дасторкондо кеп кылбай тургандар.

– Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты албай калышыӊызга да ушундай түркөйлүк сапатыбыз кедергисин тийгиздиби деп турам...
– Бул жолу берилбей калды деп кейибейм. Казактарда Мукагалы Макатаев деген мыкты акын болгон. Көзү тирүүсүндө бааланбай жүрүп, 1976-жылы 45 жашында каза болуп калган. 24 жылдан кийин ага Абай атындагы мамлекеттик сыйлык берилди. Район, айыл, көчөлөргө аты коюлду. “Мукагалы” деген журнал чыгат. Мукагалы атындагы адабий сыйлык бар. Бирок ал булардын бирин да көрбөй кетти. Ал басынып жүргөн кезде минтип жазыптыр:

"Эмне жетсин тирүүлүктө көргөнгө?
Тек өмүрүм өтпөсө экен шерменде.
Не жини бар?
Бакыт мени көргөндө,
Кетет үркүп, эми жете бергенде".

Ага жан талаша бут тоскондордун бири өзүнүн эбактан берки жолдошу экен. Ал Мукагалыга келип жойпуланып, мындай чыгып, анын көрүн казып, анын душмандарына кошомат кылып сыйлык-пыйлык алып жүргөнү Мукаӊа жетип калган экен.

"Ары таза дечү элем, жаны жакшы,
Калган көӊүл кантейин, наалымакчы.
Кайда барып, кайраным, жарымаксыӊ?
Сүт издеген түрткүнчөк ак улаксыӊ.
Калемиӊдей учтай бер жагынганды,
Жагындыӊ да, жалындыӊ, багыӊ жанды.
Таӊдандыра билбеген башкаларды,
Таасын билет башкага табынганды".

Муну жакында Алматыда казак досторум Мукагалынын китебин берип жатып айтып беришти эле. Эмне дейбиз? Казактарда мамлекеттик сыйлык жалпы чыгармачылыкка берилет. Бизде болсо акыркы жаӊылыктарга берилет турбайбы. Ушул күндөрдө жолуккан комиссиянын мүчөлөрү "добушубузду сага бергенбиз, бирок аз болуп калдык" дешет, акылдашып алгандай. Минткендердин саны он бештен ашып кетти. Анан ойлоп коём, комиссия 24 кишиден турса, 70 пайызы мага добуш берсе, демек, добушту санагандар жайлаган экен да. Муну угуп алып бир юрист таанышым "сотко бербейсиӊби, комиссия мүчөлөрүнүн ар бирин сураганда алардын чыныгы жүзүн көрөсүӊ" дейт. Чынында эле жободогу түшүнүксүз нормалар менен процедуралык чала иштерди сотто териштирсе, анан ошол жерден чыгармаларымдын эмне себептен татыксыз экенине ар биринин аргументин уксам дейм. Бул процесстин пайдасы кийинкилерге тиет эле.

– Эми жаш кезге кайрылалы, кыздарды кандай сүйчү элеӊиздер?
– Кандай болмок эле, жолугушууга барчубуз. Анан биздин тилибиз каякадыр тартылып кетчү да, дудуктардай болуп үн жок, сөз жок, колун кармагандан коркуп, башыбыздан түтүн чыккыча ойлонсок да сөз баштай албай басып кете берет элек. Эӊ эле чечендери “күн сууп калды, ээ?” десе берки “ии” деп, ошону менен сөз бүтчү.

– Күчтүү эркектин артында сөзсүз мыкты, акылдуу аял турат деп коёт. Жеӊебиз менен кайдан, кантип табышып калгансыздар?
– Күчтүү эркек, күчтүү аял дегенге анча түшүнө бербейм. Анткени кыйын, күчтүү дегендериӊ деле кайсы бир жерде сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп калат экен. Ошондуктан күчтүү-мүчтүүсү жок эле, бир мүнөз болгон дуруспу дейм. Үй-бүлөдө болсо күчтүн кереги жок. Эгер жылдызы келишпесе, анда бакытты байласаӊ да турбайт. Биз жубайым экөөбүз бир институтта окуп, таанышып, баш кошконбуз. Акылдашып оокат кылгандарга киребиз. Жеӊеӊер чыгармачылыгымды дайыма колдоп келди.

– Кызыктуу маегиӊизге рахмат! Эл ичинде эсен жүрүӊүз.

"Шайлообек редакцияларга барып, "Түгөлбай илгери "Жамгыр төктүнү" жазып коюптур, ошого эле сыйлыкты беребизби?" деп кыйкырып жүрбөйбү. Шакеӊдин Токтогул сыйлыгын алган "Эки дөөнүн кармашы" чыгырмасынын идеясын мен айтып жаздыргам".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Сен күтпөгөн кишилер душман болуп кетет экен" дейт Түгөлбай Казаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
22.11.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Түгөлбай Казаков бул кыргыздын чыныгы супер ырчы, аткаруучу обончусу. Сиздин жүрөгүнүздөн чыккан ар бир чыгарма ар бир Ала-Тоолуктардын жүрөгүндө жашайт. Оорубаныз. Сизге көр каскан адамдар, ошол орго өздөрү түшөрүн билишпейт.
SUPER.KG видео
22.11.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бар болунуз! Оорубаныз! Чын ден соолук каалайбыз!Уй булолук бакыт! Сизди баалабагандарды ..................
SUPER.KG видео
22.11.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул инсанды сыйлайм. Үй-бүлөөңүз менен аман болуңуз! Сиздей талант миң жылда бир жаралса керек.
SUPER.KG видео
22.11.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өмүрүңүз узун болсун!
SUPER.KG видео
22.11.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мурда аябай сыйлачумун. Азыр маекти коргондон кийин мурдагыдан дагы катуу сыйлап калдым. Соз менен айта албай жатам ойлорумду. Аман болсун, уй булосу менен ден сооолугу жакшы болуп, уйунон бакыт кетпесин. А комиссиянын мучолоруно, Туголбай агай озу айткандай "Не дождетесь". аман болунуз агай.
SUPER.KG видео
22.11.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уважаю
SUPER.KG видео
22.11.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туголбай Казаков эн жогорку даражадагы сыйлыктарга татыктуу уй булосу менен аман эсен бактылуу омур сурсун бут ырлары обондору тарбиялык мааниси жогору адамга дух куч бере турган ырлар
SUPER.KG видео
23.11.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай уулу инсанды тируусундо сыйлабасак андан кийин Эмне кереги бар.биздин чондорго баары бир болуп калдыго?
SUPER.KG видео
23.11.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат супер инфо,талантты баа жеткис адам менен маек куруптурсунар аман болунуз агай,бут чыгармаларыныз ар бир кыргыздын журогундо жашайт,сизге жаратканым бекем ден-соолук берсин,сыйлык алып калыныз эми
SUPER.KG видео
23.11.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tvgolbayi agagaga kandayi maktoolor bolsoda baary arzyit.talnttuuda sapattuuda insan.
SUPER.KG видео
23.11.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туголбай агай кыргыз элинин сыймыктанаар залкарларларынын бири,кучтуу,мыкты жаратман обончу,оз улутун жан-жили мн суйгон улутман инсан!Ар бир маектеринен адамгерчиликтуулугун,инсандык сапатынын асылдыгын байкоого болот.Бирок,ушундай залкар инсандардан Шаиста айым сыяктуу кучтуу журналисттер маек алса жакшы бт беле деген ой.Айзат да аракетчил бирок жаш.
SUPER.KG видео
24.11.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң сонун маек болгон. Мага жакты.
24.11.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буттан чалгандардын бири Шайлообек Дуйшеев экен да
24.11.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыбаныз Туголбай ага,сиздей Кыргыздын аксакал кишилерин интервюсун окуп бир эс аласын да,не деген керемет киши,Бар болунуз!!!
SUPER.KG видео
24.11.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kayisy ele doordo madanyiyat orundaryna xyipangdap jvrvp kirip alyp,oxol orundu juundu iqer it ayak kylyp alar,ulutka ele emes insanatka karxy jetesizder arylbayit tura!
tvgolbay aga uzak jaxangyz,ittin kapkanyna qokbongvz!
24.11.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул алтын агай менен бир имаратта иштеп, чогу чай ичип, коллега болгонума чексиз кубанычтамын. Кээде агай коридордо келе жатканда бекееем кучактап бетинен ооп ооп алгын келет. Ушунчалык алтын киши. Коп жашасын, аман болсун амин.
25.11.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлообек байке, сиздин ушу кылганыңызды угуп алып, сиз жөнүндөгү дүйнөм кирдеп калды... ((( Түгөлбай байке Кудай Сизге берээрин унутпасын...
SUPER.KG видео
25.11.2014. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрүңүз узун болсун!Бар болунуз!
25.11.2014. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шойлообек агабызды айабай сыйлаймын, макаланы окуганда ичимди бир нерсе эншерип кеткендей болду (((Эмне болсо адамдык касиетибизди жоготпосок.
SUPER.KG видео
25.11.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
агай ден-соолукта болунуз,ошол наамды беришпесе да кыргызстан мыкты агай экенинизди билишет.конул чоктурбой бактылуу болунуз!
25.11.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyke ake tatyktuu bolsonuz echak ele berishmek sizge kapa bolbonuz bir jyldan beri ele syilyk albai kaldym dep ar kimdi jamandap kelejatAsyz. Andan koro izdenip jany chygarmalardy jaratpaisyzby anan koroly
25.11.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bektur12, Ал эмне дегениниз озунуз эмне кыйраттыныз экен кудай билет. Кандай гана жакшы инсандарыбыздын эмгеги бааланбай калып жатканы айдан ачык эле болуп турат го. Не деген гана керемет инсан.
SUPER.KG видео
26.11.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз агай! Кыргыз элинин сыймыгысыз,ден соолукта болунуз,Ар дайым ийгиликтер коштоп журсун!!!
26.11.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан мыкты адам, ырларын дайыма угам. Рыспайдын, Асанкалыйдын жана Туголбайдын обондорду накта кыргыздын кереметтери, муну, кубанычы, журокко толгон кусалыгы!
SUPER.KG видео
26.11.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии иииий ушундай маектерге суусап калган окшойм, жыргап калдым. Супер инфо мына ушундай улуу инсандар менен коп коп маек курсанар жакшы болок. суперчилер, окурмандар баягы жети сегизинен тажады корунот
26.11.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сыйлаган адам.
26.11.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмки санга Шайлообек агабыз шымаланып келбесе болду!))
29.11.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлообек Дуйшеев андай адам эмес!
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз агай уй-булонуз менен бактылуу болунуз.Чыгармачылыгыныз оркундой берсин дагы да болсо.Чыгармаларыныз менен биз жашайбыз.
25.01.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин кайратынызга,болоттой катуу психологиянызга тан бердим.Ал сыйлыгы жок деле ,сиз коп адамга кумирсиз! Сизге ден-соолук!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо