КОСМЕТОЛОГ СУНУШТАЙТ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог Айнура Сагынбаева жооп берет.

«КЫШКЫ СУУКТА КОЛУМА КАНТИП КАМ КӨРӨМ?»
– Кыш мезгили келди дегиче колдорум кургап, жарылып баштайт. Мээлей кийсем да, колго арналган майдын түрүн сыйпасам да такыр жардам бербейт. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Кантип дарыласам болот?

Жыпара, Токмок шаары

– Бул көбүнчө колду жууп, жакшы кургатпай туруп суукка чыккандан болот. Себеби тери нымданганда анын коргоочу системи иштебей калат. Анан кол кургап, жарылып баштайт. Андыктан колду жууган соң жакшылап кургатып, суукка чыгарда сөзсүз түрдө колго арналган май шыбоо керек. Андан сырткары кышкысын 1 аптада 2 ирет колду картошка кайнатылган жылуу сууга салып, 5 мүнөттөн кийин кайра жылуу суу менен чайкап коюу керек.

«ӨТКӨӨЛ КУРАКТАГЫ БЕЗЕТКИДЕН АРЫЛУУ КЫЙЫНБЫ?»
– Уулум 14 жашта, бетинде безеткилер көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. Башында өткөөл куракта ушундай болот, анан кетип калат дедим эле. Бирок безеткиден кызыл тактар калып, терисинде чуңкурчалар пайда болуп жатат. Мунун кантип алдын алсак болот?

Анипа, Жалал-Абад шаары

– Өткөөл курактагы безетки бетке, төшкө жана далыга чыгат. Себеби дал ушул дене бөлүктөрү майлуу келет. Улан-кыздар жетилип, организмде көп өзгөрүүлөр жүрүп, гормондор туруктуулугун жоготот. Мунун негизинде бетке безетки чыгат. Бул учурда көпчүлүк кир самын менен жууп коюшат, бирок кандай гана самын болбосун безеткиге жолотпоо керек. Анын ордуна адис менен кеңешип, бет териңизге жараша атайын жуунуучу каражаттарды сатып алуу кажет.
Дарыканадан кара чопону (чёрная глина) сатып алып, ага кайнатылып муздатылган суудан куюп, ботко жасайсыз. Бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыӊыз. Бул аралашма безеткинин алдын алганга түрткү болот.

«ДЕНЕМДИН КУРГАП КЕТИШИНИН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?»
– Кышында денем кургап, кара түстөгү кийим кийсем какачтай болуп кийимиме жабышып калат. Бул эмнеден улам болот?

Нуржан, Сокулук району

– Бул сиздин денеңиздин түлөгөнү. Демек, денеңиз кургап кеткен. Эмне үчүн кышында? Анткени биз кышында сууну аз ичебиз. Анын үстүнө жылынуу үчүн ысык мончого барабыз. Ысык душка түшүп, терини ого бетер кургатып алабыз. Жыйынтыгында тери түлөй баштайт. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн суусундукту көп ичүү зарыл. Жуунгандан кийин сөзсүз түрдө дене үчүн арналган майларды колдонуу керек.

«КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕ БЕТКЕ ТҮШКӨН ТАКТАРДАН КАНТИП АРЫЛАМ?»
– Кош бойлуу болгондон бери бетиме кара тактар түшүп кетти. Тактарга каршы бет май колдоноюн десем, кайненем «азыр зыян, көбөйүп кетет, төрөгөндөн кийин өзү эле кетип калат» деп койду. Бирок көпчүлүк келиндердики ошол бойдон калып калат турбайбы. Бетимдеги тактарды кантип кетирсем болот?

Нурия, Бишкек шаары

– Эгерде кыздардын энеси кош бойлуу убакта бетине так түшкөн болсо, кызына да сөзсүз түрдө так түшөт. Ошондуктан турмушка чыккан келин кош бойлуу болгуча эле бетине кам көрө башташы зарыл.
Мисалы, күндөн коргоочу фактору (SPF) 40тан жогору болгон бет майларды колдонуу керек. Ошондой эле тоналдык кремди кош бойлуу убагында сөзсүз колдонуу зарыл. Себеби ал күндөн, сууктан, чаңдан бетиңизди коргоп турат.

«КОНДИЦИОНЕР БЕТТИН ТЕРИСИНЕ ЗЫЯНБЫ?»
– Кышкысын иштеген жерибизде кондиционер дайыма күйүп турат. Ысык абадан бетим ысып, кургап, аябай кыйналам. Кондиционер бет терисине зыян эмеспи?

Жумагүл, Сокулук району

– Кондиционер, жылыткычтар иштеп турган учурда аба кургап кетет. Аны менен кошо тери дагы кургайт. Ошондуктан жумуш ордуңузга же болбосо жылыткыч жайгашкан бөлмөгө идишке суу куюп коюп коюңуз. Бул абанын кургап кетишинин кичине болсо да алдын алат. Андан сырткары жаныңызга бет май ала жүрүңүз. Бетиңиз кургады дегиче тоник менен тазалап, жаңыдан бет май сүртүп туруңуз.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(9)
24.11.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошбойлуу кезде бетке тушкон тактын кетиши ото кыйын экен.менин ойумча бул кожага карайт жана бойрогу ооруса бойунда болгондо бойрокко куч келип ошондон дагы так тушсо керек.менин апамын бетине бойунда болгондо так тушкон эмес.бирок мага так тушту.энеге крабайт
25.11.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
never-cry, SPF 30 деген крем колдонсон, кышы жайы. Туну бирок созсуз турдо жууп ночной крем койуп жатышын керек.
26.11.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алое вера форевер деген очищающий гель жана башка продукцияларды ичип организимди тазалаш керек.мага жардам берди ,кымбат бирок аябай пайдалуу.арыктаганга жардам берет
26.11.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли кош бойлу болгондо тушкондорго.
Мен даже турмушка чыга элекмин , бирок бетимдеги так кетпей жатат канча жыл болду. Кымбат болсо деле айткылачы , эмне кылыа кетирсем болот
?
26.11.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nargiz-94kg,kobuncho betke tak tushuu jenskıy jaktan oorugandarda da bolot men kız kezımde betıme tak tushup anan aptekadan kurgatılgan romashka satıp alıp kaynak suuga demdep bır ay ıchkem betım agarıp taptaza bolup kalgam chay takır ıchpenız
27.11.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaltunlu, Саламатсызбы ушул ыкманы сепкилге да колдонсо болобу?
29.11.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо! Менин таманым бир кыйла мурун чандан ,таманымдын кургап кеткениненби айтоор жарылган(кесилген сыяктуу издер) болчу азыр деле кыш ичи да андан калган издерди коптон бери кетире албай келем.Уй шартында кантип даарылап андан калган издерди да кетирсем болот.Жооп алып берип коюнуздарчы алдын ала рахмааат. Айжамал Ош шаары.
18.01.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сепкил тууралуу жазып койгулачыы сураныч плиз
19.01.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо!Коздун асты устуно косметикалык операция жасатуу учун кыргызстанда эн жакшы жасаган пластика хирургу деп кимди сунуштайт элениздер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо