КАНТКЕНДЕ КЫЗ ЖЕ УУЛ ТӨРӨЛӨТ?

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Кыздуу же уулдуу болуу жаатында ыкмалардын кайсынысы реалдуу жана оңой? ЭКУнун арты менен баланын жынысын алдын ала пландоого болобу? Кош бойлуулуктун 8-10 аптасында эле түйүлдүктүн кыз же уул экенин аялдын каны же заарасы аркылуу ажыратууга мүмкүнбү? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

АЙЫЗ ЦИКЛИНЕ КАРАП БОЙГО БҮТҮРҮҮ
«Профессор Асымбекованын клиникасынын» жетекчиси, Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри, профессор
ГҮЛНАРА АСЫМБЕКОВА уул же кыз төрөөнү алдын ала пландоо боюнча кайрылуулар көп түшөрүн айтып өттү.

– Кыздуу же уулдуу болууга реалдуу мүмкүнчүлүк берүүчү ыкма барбы?
– Бар. Ал айыз циклине карап бойго бүтүрүү. Этек кир келгенден баштап 14-15 күн дегенде аялдын эн безинен өсүп жетилген 1 гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал ургаачылык касиети бар XX хромосомаларына ээ. Эркектин бир таштаган бел суусу орточо эсеп менен  2-4 миллилитр урук клеткаларынан (сперматозоиддерден) турат. Алардын жарымы ургаачылык касиетти алып жүрүүчү X, жарымы эркектик касиетти алып жүрүүчү Y хромосомаларын камтыйт. Жыныстык кошулууда эркектин урук клеткаларынын бири гана аялдын урук клеткасына жетип, аны уруктандыра алат. Эгер X хромосомасы жетсе, анда кыз, эгер Y хромосомасы жетсе, анда эркек бала төрөлөт.
Эркектин уругундагы Y хромосомалары кичинекей, кыймылдуу жана 1 сутка гана жашайт. X хромосомалары чоңураак, жай кыймылдашат жана 3-4 сутка жашай алышат. Андыктан жубайлар аялдын этек кири келгенден 14-15 күн дегенде кошулушса, анда кыймылдуу Y хромосомаларынын бири аялдын жаңы эле бөлүнүп чыккан урук клеткасына жетип, уруктандырат да, уул төрөлөт. Ал эми жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, анда кыз төрөлөт. Анткени жогоруда айткандай, Y хромосомалары аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтпөй, 1 сутка дегенде өлүшөт да, чыдамдуу X хромосомалары калат. Алар аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтүп турушат да, бири аны уруктандырып, кыз төрөлөт. 
Аялдын урук клеткасы 24-36 саат ичинде уруктандырылбаса, анда жашоосу токтойт.

«УУЛДУУ ЖЕ КЫЗДУУ БОЛУУГА 100 ПАЙЫЗ КЕПИЛДИКТИ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ ГАНА БЕРЕТ»

– Учурда экстракорпоралдык уруктандырууда (ЭКУ) Microsoft технологиясын колдонуу менен баланын жынысын алдын ала пландап, бойго эркек баланы же кызды болтурууга мүмкүн.Кыргызстанда аталган ыкма колдонулабы?
– Азырынча бизде жасалбайт, бул келечектин иши. Мүмкүн, кийин биз да ушул ыкма менен иштеп калабыз. Биз учурда ЭКУда жубайлардын урук клеткаларын өз-өзүнчө алып, анан аларды пробиркада кошуп, уруктандырып жатпайбызбы. Сиз айткан жаңы технологияда болсо эркектин урук клеткаларындагы хромосомаларга басым жасалат. Жубайлар уулдуу болгулары келсе, күйөөсүнүн урук клеткаларындагы Y хромосомалары, ал эми кыздуу болгулары келсе, анда X хромосомалары микроскоп аркылуу тандалып алынып, аялдын урук клеткаларына кошулат. Ошентип алар пробиркага салынып уруктандырылат. Анан жаралган түйүлдүк аялдын жатынына жайгаштырылат.
Айта кетчү нерсе, дал ушул ыкма гана кыз же уулдун төрөлүшүнө 100 пайыз кепилдик берет.

ДИЕТАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН...

– Диетанын арты менен да кыз же уулдуу болууга мүмкүнбү?
–  Ооба, диета түрткү берет деген маалыматтар бар. Эркек балалуу болгусу келген жубайларга сунушталат: эт азыктары, балык. Куурулбаган жер жаңгак (арахис), күрүч, банан, апельсин, өрүк как. Дарыканадан фолий кычкылын алып колдонсо да болот. Анан дагы уулдуу болгусу келген эркек мончодо ысык бууда 10 мүнөттөн ашык отурбашы кажет. Ысык уруктуктун сапатын бузат.
Кыздуу болгусу келген жубайларга сунушталат: сүт азыктары, шоколад, кофе, какао, алма, жаңы кармалган балык, нокот, жумуртка, ачыткы кошулбаган жана тузу аз нан жана башка. Ал эми эт азыктарын аз колдонуу кажет. 
Эскертүү: Диетаны бойго болтуруудан 2 ай мурунтан баштап колдонуу зарыл.

АЯЛДЫН ЗААРАСЫ АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Бишкектеги Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги, медицина илиминин кандидаты ТОТУКАН БУРКАНОВАГА кезектеги сурообузду узаттык.

– Сиздердин клиника аялдын заарасы аркылуу түйүлдүктүн жынысын аныктап бере алышат дешет...
– Жок, биз бул боюнча иштебейбиз. Бирок сурагандарга түшүндүрүп беребиз. Заара аркылуу ичтеги баланын кыз же уул экенин 8 аптасынан баштап аныктоочу атайын тесттер бар. Андай тесттер 1-2 жыл мурун Бишкекте сатылган эле. Азыр аны буйрутма менен Орусиядан, Казакстандан алдыртып жатышат. Аны кантип колдонуу көрсөтмөсү кагазында жазылган. Тесттердин баалары 800-5000 сомдун тегерегинде. Өндүрүүчүлөр тесттерге 90дон жогору пайыз кепилдик беришерин айтышат. Кандай тест болбосун аны колдонгусу келген айым 2-3 күн жыныстык жактан кошулбашы жана антибиотик дары-дармек ичпөөсү кажет. Андан ары айым тесттин кагазындагы көрсөтмөлөрдү аткара берет. Мисалы, айым эртең менен алгачкы заарасын стаканга тосуп алат. Анан тесттин ичиндеги пипеткага заарасынан бир нече тамчы сордуруп, аны тесттин кичинекей тоголок тешикчесине тамчылатат. Анан 15 секунддан кийин тесттин жогорку жагындагы сүйрү узун тешикчеден жыйынтыкты көрүүгө болот. Күлгүн өң – кызды, көк өң – уулду билдирет.

КАН АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Сураштырып, бул ыкма Бишкектеги клиникалардын биринде да колдонула электигин билдик. Андыктан Алматы шаарындагы «Нурай» ЭКОклиникасы менен байланыштык. Клиниканын репродуктологу ЛЯЗЗАТ ЖАНБАБАЕВА буларды айтып берди:
– Учурда биздин клиникада кош бойлуу аялдын каны аркылуу баланын жынысын аныктоочу тесттер жүргүзүлүүдө. Ал ДНК тест (же түйүлдүктүн жынысын генетикалык жактан изилдөө) деп аталат, кепилдик 95 пайыз. Бойдо болгондун 10-аптасынан баштап колдонулат. Кош бойлуу аялдын каны түйүлдүктүн аз өлчөмдөгү ДНКсын камтыйт. Эгер ДНКны текшерип, чечмелей келгенде анда Y хромосомасы болсо, анда уул төрөлөт, Аталган хромосоманын жоктугу кыз төрөлөт дегенди билдирет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(42)
01.12.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
уулбу кызбы омуру акылы ыйманы менен Берген болсун уулда кызда жараткандын пендеси
01.12.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аракет кыла бергиле.Бирок баарибир Аллахтын гана айтканыдай болот да.Аллахым кызды да уулду да берээрин унутпасын.
01.12.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх балалуу кандай керемет мен да бала эркелете албай койдум эркек кызбы болсо болот эле
01.12.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
01.12.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аябай кыздуу болгум келген. Экинчи эркек балалуу болдум.Уч кундон бери бакытка балкып турам. Аман эсен болсун башкысы. Устудогудой услугаларга акча коротуп эмне дээр элем. Германияда канча жылдан бери жашап ата энелер баланын жынысына коп акча коротконун корбойм деле. Искуственный уруктандыруу коп бирок кобуно жынысы маанилуу деле эмес.
01.12.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудайдан!!кудай балабы кызбы омуру менен берсе ошол жетиштуу!!!
02.12.2014. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoro21, азаматсын кошулам барысы кудайдан
01.12.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыз болобу уул болобу 12 мучосу сак акыл эси ыйманы менен берсин
01.12.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диетаны аял эле кармаса жетиштуубу же эркек да кармашы керекби?Билгендер болсо жазып койгулачы.
02.12.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоонорду жакшы баксанар эле каалаганынарды тороп аласынар,проблема что ли?
02.12.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердики-урук клеткасы, ал эми аялдарда- жумуртка клеткасы деп аталат эле.........
02.12.2014. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арекетке берекет дейт кудайым берерин унутпасын эгер адам чын дилден суранса аткарылат деп ойлойм мен уулумда чочконун ич майын ар куну кечинде табарсыгыма суйкоп жатат элем боюмда болбой туруп баштагамын уулду болдум эн негизгиси кудайым берерин унутпасын.
02.12.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да балалуу болгум келет((((
02.12.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буйурса балуу болом жакында,уулбу кызбы башкысы алты саны аман болушун тилейм кудайдан
02.12.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уулбу кызбы ылайым эле кудайым берээрин унутпасын!
02.12.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдын урук клеткасы эмне кылгандан осуп чыгат же,жыргалга батканда особу? Маалымат берип койгулачы
02.12.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз уул кандай айырмасы бар. Главный бала болсо болду да. Таптакыр балалуу болбой жургондор да бар го кимиси болсо да болсо кана дешип. Ушу тандап калганынарга жол болсун. Таптакыр жок болсо корот элем мага кыз мага уул дегенинерди:-(
03.12.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рас кудайым берерин унутпасын
03.12.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар ошо жактада чыдамдуу болушат экен да ээ,3,4 сутка жашаса
03.12.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zloy, оба мен да ошентип жазайын дегем.аял бут жерде чыдамкай болот экен да.
03.12.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jetimsex,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.12.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, салам ! Бойдон тушуу же туйулдук оспой (замершая беременность) калган ж.до маалымат берип койгулачы?!
05.12.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
argenais,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
03.12.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым баарынардын баланарга омур' ыйман берсин эн башкысы аллага ишенгиле сактанганды сактайм дейтко ошол сынардуу эле бул кенештерди аткарып аракет кылсанар конулунордогудой болотко!
03.12.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада 10 нед аныктап берет
03.12.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2 уулумду москвадан 10нед айткан эле туура чыкты
04.12.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskva demekchi men joldoshum ekoobuz orussiyaga kelgenbiz jarym jyl boldu.kancha adam bala jytyna zar bolup jurushot.bul jaktan kyrgyz kyzdar dary ichip boilorunan tushurup jatkanyn ugup jurogum oorudu.kunoosuz tuiulduktordun ubaly kimge...?
04.12.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз да уулдуу болсок деп тилек кылып жатабыз жакшы кенештер экен ,рахмат
04.12.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана кудай билет.буюрганын берет
05.12.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер коп экен ракмат билбейт элем дагы ушуга окшогон темаларда кооп кооп киргизсе жакшы болот эле
06.12.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаа бергенида
07.12.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла илимди бизге просто бербедигой Бизди адам кылып жаратып акылдуу кылды жана эн татаал илимий иштерди тушунууго мумкунчулук берди Алла билет деп гана жургон болбойт аракетда керек кудайдан да тилей бер, (Бир киши сууга чогуп атса бир кемеде бараткан элдер жардам берели деп бирок тигил киши мени силер эмес кудай сактайт деп баш тартат, анан экинчи келген кемегеда отказ берет, ошентип сууга чогуп олгондон кийин кудайдан сурайт, Эй кудай неге мени куткарбадын десе..
08.12.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
диетага 100 % кошулам,чон энемден да угуп жургом и проверено на себя
25.12.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыз циклине карап бойго бүтүрүү деле ишенимдүү деп айт алам. Колдонуп көргүлө.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо