№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
Кокусунан телефонуңузду сууга түшүрүп алсаңыз эмне кыласыз? Албетте, суудан дароо чыгарганча шашасыз. Ал эми андан кийин телефон иштебей калса эмне кылуу зарыл? Билгендер болсо «минтем, тигинтем» деп жатса керек. Ал эми билбегендерге кеңеш берип койсок, кара саат басканда кереги тийип калар. Анда эмесе төмөнкү макаладагы эрежелерди шашпай окуп чыгып, жадыбалдай жаттап алыңыз.
1-КАДАМ
Телефон сууга түшүп кетсе, бүттү эми деп жалдырап туруп калбай, аны чыгарып алууга чагылгандай тездик менен аракет кылыңыз. Эгер телефон өчпөй жанып турса дароо өчүрүңүз. Себеби анын ичине кирип кеткен суу металлдарга жетип, алардын ортосунда электрдик кыска чыңалууну пайда кылып, схемаларды керектен чыгарып коёт. Ал эми өчүп калган болсо эч качан жандырууга шашылбай, тескерисинче, батарейкасын чыгарыңыз. Ошондой эле тезирээк суусу чыксын деп силкигенге, чапкылаганга болбойт. Мында суу телефондун ички бөлүгүнө андан ары да тереңдеп кирип кетишине жол ачылат. Ал эми батарейкасын дароо чыгарууга мүмкүн болбогон iPhone өңдүү телефондордун суусун бир сыйра кургаткан соң аны оңдой турган жайга алып барганыңыз туура.
2-КАДАМ
Бөлүктөргө ажыратуу. Сөзсүз эле акыркы буроосуна чейин бурап чыгарып, ажыратуу зарыл эмес. Болгону наушник, кубаттандыргыч, USB түзүлүшү кошула турган тешиктерди жабуучу резина капкактарын ачыңыз. Ошондой эле «сактыкта кордук жок» дегендей, SIM-карта менен эс картаны (карта памяти) да чыгарып салганыңыз оң. Алар да иштебей калышы мүмкүн.
3-КАДАМ
Андан соң чаң соргучтун жардамы менен болушунча сууларды сордуруп алууга аракет кылыңыз. Ал жок болсо кургатуу үчүн фенди муздак шамал үйлөй турган режимине коюп кургатсаңыз болот. Бат кургатат деп ысык режимин колдонсоңуз, телефондун айрым тетиктери эрип кетет. Эгер фен да, чаң соргуч да жок, үйдөн алыс, көчөдө же талаада жүргөн болсоңуз анда күндүн нуруна кургатууга туура келет. Ал эми күн бузулуп жаан, кар жаап турса, батарейкасын чыгарып салып, үйгө жеткенче «оо, кудай, иштеп калса экен» деп тиленгенден башка арга жок.
4-КАДАМ
Телефонду жок дегенде 2-3 күн кургак жайда калтырып коюу керек. Мында анын ичиндеги чыкпай калган суулар бууланып жок болот. Эгер күн жылуу учур болсо, бир күндө толук кургайт. Баарын туура жана так аткарсаңыз телефонуңуздун кайра иштөөсүнө өтө чоң ишеним бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
1-жалдырап туруп калбаш керек экен
2-кудай иштеп калса экен деп сураныш керек экен ))))