КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ДЕПУТАТТАРДЫН САНЫ 13кө ЖЕТТИ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Депутат Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш ишинин козголушу менен 5-чакырылыштын 13-депутатына мыйзамды бузуу боюнча айып тагылып отурат. Алардын айрымдары темир тор артында болсо, айрымдары жазасын өтөп бүтүп, кээ бирлери оорусуна шылтап чет жерге кетип, кээ бири болсо сот иштери менен алпурушуп жаткан кези. Төмөндө мына ушул 13 эл өкүлүнүн кылмыш иши качан жана эмненин негизинде козголуп, иликтөө, тергөө учурунда кандай окуяларга туш болгонун баяндап өттүк.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Адегенде 2011-жылы 11-апрелде Ташиевге «депутат Бахадыр Сулеймановду сабаган» деген шек менен «бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Кийин Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинг учурунда Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү менен кирүүгө аракет жасашкан. Мунун негизинде ага «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аз өтпөй Ташиевдин жактоочусу анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин, ашказан жарасы бар экенин айтып чыккан.
Биринчи козголгон кылмыш иши боюнча Сулейманов менен Ташиев тил табышып алышкан. Экинчи иши боюнча Камчыбек Ташиев 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

ИСХАК ПИРМАТОВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2011-жылдын 30-декабрында Башкы прокуратура «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда коррупциялык жол менен мамлекетке 258 миллион сом зыян келтирген» деген шек менен Исхак Пирматовго иш козгогон. Ага «алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү», «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура Пирматовду депутаттык кол тийбестигинен ажыратууну өтүнгөн, бирок парламент бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

 


НАРИМАН ТҮЛЕЕВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Нариман Түлеев 2012-жылы 22-июнда «Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө коррупциялык иштерге жол берген» деп шектелип, камакка алынган. Аз өтпөй депутаттын дарыгери «Түлеев рак оорусу менен ооруйт» деп билдирген.
2013-жылы экс-мэр 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Түлеевдин иши экинчи инстанцияда каралып жатат.

 

 

НУРЛАН СУЛАЙМАНОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 21-июлда Нурлан Сулаймановго «транспорт жана коммуникация министри болуп турган кезде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен өлкөгө 41 миллион сом зыян келтирген» деген күнөө коюлуп, иш козголгон. Кылмыш иши козголгондон аз өтпөй Сулайманов өлкөдөн дарылануу үчүн чыгып кетип, кайтып келе элек. Анын жүрөгүнө операция жасалганы айтылган. Учурда ал издөөдө болгондуктан кылмыш иши токтоп турат.

 

 

САДЫР ЖАПАРОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 17-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровго карата «алдамчылыкка катыштыгы бар» деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Анда депутат «мамлекеттик имаратты мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан» деп шектелген болчу.
2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митингдин айынан Садыр Жапаров «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси боюнча айыпталып, сот аны 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

 

 

ТАЛАНТ МАМЫТОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдор 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинг учурунда Ак үйгө кирүүгө аракет жасашкан. Мунун негизинде алар камакка алынышкан. Аз өтпөй Мамытовдун көңүлү айнып, башы ооруп жатканы айтылып, жактоочулары депутатты УКМКнын ооруканасына которбой жатышканын билдиришкен.
Мамытов «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси боюнча айыпталып, сот аны 1 жылга эркинен ажыраткан.

 

 

ЭЛМУРАТ ОБДУНОВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 15-ноябрда Элмурат Обдуновго «2009-2010-жылдар аралыгында ОшМУда иштеп турганда анын мыйзамсыз иштеринен улам мамлекет
401 миң 341 сом зыян тарткан» деген шек менен иш козголгон. Эл өкүлүнө «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу», «кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча айып тагылган. Обдуновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия «депутатка карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон. Жоопко тартууга негиз жок» деген тыянакка келген. Мунун негизинде аны кол тийбестигинен ажыратпоо чечими чыгарылган.

 

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2013-жылы «Кумтөр боюнча өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүүгө тиешеси бар» деп «коррупция» беренеси менен Курманбек Осмоновго кылмыш иши козголгон. 2013-жылдын 24-октябрында иш козголсо, 25-октябрда анын ооруканада экени белгилүү болуп, тергөө иштери ооруканадан чыккандан кийин улантылмай болгон. 2014-жылы кылмыш мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган.

 

 

АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Ахматбек Келдибековго 2013-жылы 19-ноябрда «2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомун ыксыз сарптаган, 2003-2004-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик бюджеттен 10 миллион сомдук каражатты талап кылган мыйзамсыз кызмат ордун түзгөн жана салык кызматынын функцияларын жеке фирмага мыйзамсыз өткөрүп берген» деген шек менен иш козголгон. Экс-спикер «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда. Ахматбек Келдибеков 2013-жылдын ноябрында камакка алынса, декабрь айынан тарта анын ден соолугу начарлап жатканы айтылып, тизе муунуна бир нече ирет операция жасалганы белгилүү болду. 2014-жылы Биринчи Май райондук сотунда Келдибеков үй камагына чыгарылып, ал дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти.

 

НУРБЕК МУРАШЕВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2014-жылы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев «мени ур-токмокко алды» деп Мурашевге каршы арыз жазган. Мунун негизинде депутатка ушул жылдын 26-февралында «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 

 

 

НУРЛАН ТӨРӨБЕКОВ
«АР-НАМЫС» ПАРТИЯСЫ
2013-жылы Нурлан Төрөбеков президенттин аппаратына ЖОЖдордун биринин дипломунун көчүрмөсүн берген. 2014-жылдын 24-сентябрында депутатка берилген диплом тастыкталбагандыгы айтылып, «алдамчылык», «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, ж.б. колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Аз өтпөй эле депутат кант диабети жана жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатып калды.

 

 

УРМАТ АМАНБАЕВА
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2014-жылы Урмат Аманбаевага «Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз иштерге барган, анын айынан мамлекет 17 миллион сомдон ашык зыян тарткан» деген шек менен «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул депутат дагы ооруканага жатып, азыр дарылануусун улантып жаткандыктан, тергөө токтоп турат.

 

 

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ
«АР-НАМЫС » ПАРТИЯСЫ
2014-жылы 25-ноябрда Каныбек Осмоналиевге «Кыргыз-Орус Славян университетине 24 абитуриентти өткөрүү үчүн ортомчулар аркылуу айрым ата-энелерден 14 миң доллар алган» деген шек менен кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде айып тагылды. «Мага карата козголгон кылмыш иши негизсиз. Бул ишти аягына чыгуу үчүн тергөө менен кызматташам» деп билдирүүдө эл өкүлү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(48)
01.12.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу чондор кылмыш иши козголсо эле ооруп кутулуп кетмей болушту. Же прокротура жалан оорукчан депутаттарга иш козгоп атабы.
02.12.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирда СДПК Ата мекендеги азаматтар жокко. Ушул нерсени жон эле койсонор болмок иш козгобой..бирда натыйжасы жок. Эл козуно телектен жакшы иштеп атат деп озунорго стимул кылбай. Башка элге пайдасы тийчуу ишти кылсанар..и так ажообуз ар жактан карыз сурап бул жак ушунча карызын кечти деп суранып мактанып журот.
02.12.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата -Мекендин алтын уурулары жокбу ошондо
02.12.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары азыркы бийликке каршы чыккандар экен,башка жепжутарлар жок
02.12.2014. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аткан тандын батаары бар,туулган омурдун олоору бар,сууроонун да жообу бар дегендей,жегендин да артынан чыгарары бар,бул дуйнодо жыргашсын,аркы дуйнодо жооп берет.акылына келишсе болмок биздин улуу муундагы депутаттар
02.12.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин камалып бирин чыгып журо бергиле!
02.12.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча Ташиев бейбаштык эле кылбаса башкалардай болуп жеп жутпабтыр деле
02.12.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу инфонун эмгек жамааты, мугалимдердин айлыгынан кармап, газета берилуусу мыйзам ченемдукбу, же бул бир ишкердин жер жерлерде чыгарган оюнубу билип, ушул боюнча Билим Министрлигинен жооп алып бергилечи.Бир айда 300-400 сомдон кармап калып жатышат.Сураныч.
02.12.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыл жергесинде иштеген мугалимдердин айлыгынан кармап, газета албайм десе ишинди тапшыр деп жатышат, ушул туурабы же жокбу, газеталар айынан кечигип келет,мажбурлап алдырат.Ушундай корунуш мыйзам ченемдуубу билип бергилечи, анткени 300-400сом айыл жергесинде коломдуу эле акча.
02.12.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989,
Саламатсызбы! Сунушуңуузду тийиштүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
02.12.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийлик коррупция, кылмыштуулук менен курошууну оппозицияны, оппозициялык маанайдагы элден чыккан аткаминерлерди куугунтуктоого айлантып алгандай. Бийлик бул саясаты менен нааразылыктарды кобойтуудо тескерисинче.
02.12.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик озунун жолун тазалап жатат.
03.12.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СДПК суттой ак, пока Атамбаев бийликте. АША байке бийликтен кетсе баары оптом барышат го, чиркин.


03.12.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайлоо башталаардын алдында,кагылайын форумчулар эстегилечи эмне деп соз берип,эмнелерди кыла койобуз деп атышты эле,эмдиги жылы чындап 120сынын баарына жетет ушул оюн.
03.12.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фервард туура айтасын бизге 120 депутаттын кереги жок,мурдагыдай эле 60 депутат болот,бекер эле мамлекетке ашыкча чыгым,бул Омке Текебаевдин башка мамлекеттен кочургон конституциясы.
03.12.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ул СДПКнын дагы жооп бере турган куну келет.
03.12.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нариман Тулеевди деле актап чыгарып койсо болмок байкушду аябай эле кыйнап коюшту рак оорусу менен дагы ооруп калыптыр кийинки мерди актап алышты го ал деле жеп ичкен просто ал АША нын санаалаш досу болгон учунбу???
03.12.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-журттун пацандары кумтор деп баш аламандыкты которуп канча деген каражатты жоготтук, мы на анан соттук система дегенди тушундукко пара берип туруп бошонуп кетишти
03.12.2014. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Е булар бүүт кыргызстанды тоноп жеп бүтүрдү дагы деле отурушат ач уйалбай
04.12.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобу туштуктон го
04.12.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кун ото берет.кербен журо берет.мындай нерсе атам заманда болгон. азыр да болуп жатат.дагы да далай болот дейт беле.ким ажо болсо ошол адамга карашту адамдарга кун тийет.ажо кеткенден кийин ошол адамдар кор болот да.жаны келген ажоонун адамдары чоп жеп баштайт.
04.12.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы эле Ата Журт мн Ресбупликаагоо))
05.12.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kama_future_millioner,даа мен да ошентип ойлоп жатам.башка партиялар суттон ак го э.
05.12.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ahmatbek Keldibekovdu- prezident, Nariman Tyuleevdi -premer, Ismail Isakovdu- korgoo ministiri, Sabyr Jumabekovdu- minzdrav,Myktybek Abdyldaedi-gen.prokuror,Marat Sultanovdu-fin.min,komisar katani-GKNB,Moldomusa Kongantiev-ministr MVD,Babanov- biwkektin meri, Myrzakmatov-owtun meri,Tawiev- jalal abad,Aybalaev -batken,Kanat Isaev- Chuy,Bakyt Torobaev- Ow,Sadyr Japarov- Isykkol,Kanat Muratbekov-Naryn,Jyldyz Joldoweva-talaska. Uwulardy iwtetip korsok jok degende azyrkydan 4 ese jakwy jawamakbyz.
06.12.2014. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча жаным кейит бул айбандар миллиондоп урдашат ,жонокой карапайым эл жумуш жок аялдар пирожки сатып :Аламедин базарында кундун суугуна карабай кенедей болсо да акча табабыз деп суукта ушуп,шишип ден-соолугун жоготуп отурушат
06.12.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы эле оорукчандарго. Негодныйлардан качан кутулабыз?-ошондо биз онугобуз
06.12.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4yndygynda bizdin deputattar.iw bawkarywyny biliwpeit.ak4any jegendi jakwy biliwet.karapaiym kalka 1000뫚 bergendi.bilet.deputat bolgondon kiiin unutuwat.biri birini 4ukulap,kamatat.
07.12.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уяат эле кыргыздын чондорунун баары оорулу экен оорулу адамдар башкарып жатышса кайдан онолот кыргызым
07.12.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондор бирин бири чукушуп места талашып жеп калайлы деп жатышат Элди ойлобой чонтокту ойлошуп элдер озун озу эле багып жатышат чет жактарга барышып кор болуп,элди ойлосо чет жака барып иштегендерге шарт тузуп берсен болмок кара тизмеге киргизбей.
07.12.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка жеп жутарларга турмодон места калбай калыппы
токтоп калышыптырлар чукулай беришсе бири биринин артын баары эле окшошкон жеп жутарлар АША озу баш болуп
07.12.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СДПКда жалан белоснежкалар иштейби Элдин каргышына калсын ошолор
07.12.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгы АШАнын ашмалтайын жандаган СДПКчылар менен Текенин "Ата Мекенчил" улактары эле эч нерсе жеп-ичпей, басып албай, мам. Мулкту ыйгарып албагандай бири жок го... Эгер бийлик чын эле жегичтерди таап, иш козгогусу келсе "киттерден" баштабайбы калп эле "чабактар" менен элге оюн коргозбой...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо