№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
24-ноябрь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Мамлекет башчы логистика, кийим тигүү, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы менен ипотекалык кредиттөө тармактарындагы долбоорлорго артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи.
Фонддун уставдык капиталы – 500 миллион АКШ доллары. Алгачкы 100 миллион 2014-жылдын 31-декабрына чейин келип түшөт. 400 миллион доллар 2016-жылдын 29-майына чейин которулат.
Маалымат үчүн: Фонд Кыргызстандын аймагында катталган жана ишмердигин жүргүзгөн чарба
субъектилерине карыз берет, ошондой эле экономиканын артыкчылык берилген, өзүн-өзү актаган тармактарындагы долбоорлорду каржылайт.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
калбайт
:) утур точка жок кызыкча маанини берет экен суйломун.