БИР БҮРКҮМ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

  • «Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо боюнча улуттук стратегия» жүргүзгөн анализге ылайык, өлкөдө аялдардын орточо өмүр сүрүү курагы 73,7 жылды, эркектердики 65,7 жылды түзөт.
  • Прокуратуранын экс-кызматкери Канжар Кадыралиевдин ишине байланыштуу Абдимитал Бекташев тосмо арыз жазганына карабастан, анын кылмыш иши токтоп калбайт.
  • Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин өмүр бою берилүүчү стипендиясы 6 миң сомдон, 9-Майдагы стипендиясы 10 миң сомдон турат.
  • «2014-жылдын 6 айынын ичинде өндүрүштө катталган кырсыктардан 26 адам, анын ичинде курулушта 5 адам кайтыш болду»,- деди Тоо-металлургиялык профсоюзунун төрагасы Э.Тажибаев.
  • Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорлук кызматынан Чыңгыз Шамшиев бошотулуп, анын ордуна Алмаз Насыров дайындалды.
  • Саламаттыкты сактоонун экс-министри Динара Сагынбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды.
  • 2014-жылдын III кварталында которуу системи аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлгөн каражат 1,7 миллиард долларды түздү. Анын 95 пайызынан көбүрөөгү Орусиядан которулган.
  • «2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, Бишкектин ар бир тургунуна болгону 7 чарчы метр бак-дарак туура келди. Совет мезгилинде орнотулган норма боюнча бул көрсөткүч 105 чарчы метрден турушу керек», - деди «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева.
  • Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдырахман Мавляновдун айтымында, өлкөдө 3397 илим кандидаты, 713 доктор жана 625 профессор бар.
  • Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев: «Өлкөдөгү медициналык мекемелер учурда 453 генераторго муктаж»,- деди.
  • «Кыргызстанда жасалган» лейбли менен тигилип, Орусия менен Казакстанга экспорттолгон кийим-кеченин 40 пайызы Кытайда өндүрүлөрүн экономика министринин орун басары Данил Ибраев айтты.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева: «Жыл сайын өспүрүмдөрдүн арасында 1300 аборт катталат. Анын 200дөн ашууну 14 жашка толо элек кыздар. 15-17 жаштагы кыздардын да төрөшү көбөйүүдө»,- деди.

Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо