Алмазбек Атамбаев: “МЫРЗАКМАТОВ БОЮНЧА ИНТЕРНЕТТЕН ОКУП, ЭМИ МУНУ ДА МЕНДЕН КӨРҮШӨТ ДЕП КЫЖАЛАТ БОЛДУМ”

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

1-декабрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчысы катары кызматка киришкенине 3 жыл болду. Буга байланыштуу өлкө башчысы ишинин жыйынтыктары жана келечек пландары тууралуу маек берди. Биз анын урунттуу учурларына токтолдук.

“ГАЗ СУРАП КОӉШУ ӨЛКӨГӨ ЧУРКАЙ БЕРБЕЙ, МАСЕЛЕНИ БИРОТОЛО ЧЕЧИШ КЕРЕК”
– Кудай буюрса, кыштан аман-эсен чыгабыз. Электр энергиясынын маселеси боюнча Казакстан менен сүйлөшүлүп, чечилди. Тиешелүү акча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин эсебине которулду.
Ошто газдын өчүрүлүп калганы дагы бир маселе болду. Акыркы айлар ичинде бул маселени чечүү боюнча катуу иштеп жатабыз. Учурда 2 жолун таптык. Биринчиси – Кызыл-Кыянын жанында көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү боюнча завод куралы деп чечтик. Буга инвестор да табылды, декабрдын ортосуна чейин Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен инвестордун ортосунда келишимге кол коюлат. Экинчи жолу – "Баткеннефтегаз" ишканасы Баткенден газ резервдерин тапты. Ал өлкөнүн түштүгүн 5-10 жыл газ менен камсыз кылууга жетет экен. Бул боюнча "Газпромго" да кайрылдык.
Соӊку 20 жылдын ичинде коӊшу өлкө тарабынан биринчи жолу газ өчүрмөй, жолду жапмай болуп отурган жери жок. Көп жолу эле болгон. Андайда биздин чоӊдор чуркап барып, туура эмес келишимдерге кол коюп берип келишкен. 2001-жылы да, 2008-жылы да Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр жооп бербеген келишимдерге кол коюлуптур. Кыргыздын бийлиги жалдырап күздөн баштап 31-декабрга чейин “газ береби-жокпу?” деп Ташкентте жүрчү. Бул жолу дагы газ өчүрүлгөндө кыргыздын премьери, президенти чуркап келишет деп ойлошту. Жыл сайын чуркап отурбай, бул маселени түп-тамырынан чечип, өзүбүз башка булак табышыбыз керек. Кандайдыр бир мамлекет менен башка бир талаштар болсо, ошол эле убакта ошол мамлекетке көз каранды болсоӊ, жаман бүтөт экен да. Мындан ары мындай болбойт. Кыргызстан бутуна туруп, коӊшулар менен теӊ ата сүйлөшөт.

БАЖЫ БИРИМДИГИ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН
– Бул кадамга 3 жылдан бери даярданып жатабыз. Өткөн жылы декабрда Москвага барсак, "Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кире турган жол картасы даяр, кол коёбуз" дегенде мен "мындай шарттар менен кирбейбиз" деп айткам. Эми биз койгон шарттар менен кирип жатабыз. Айрымдар "биримдикке кирсек реэкспорт кыла албай калабыз" деп жатышат. Кирбесек да кыла албай калабыз, андан да жаман болгону турат. Сый менен кирип алганыбыз туура.
Ошол эле Бажы биримдиги эми Евразиялык экономикалык биримдик болот, ага кирбесек, азыр алып жаткан бензиндин ар бир тоннасы дароо 300 долларга кымбаттайт. "Кытайдан келген товарды сатып жан багып жатабыз" деп жатышпайбы, аны эч жакка чыгара албай калабыз. Казакстанда, Орусияда жашап иштеп жаткан биздин 500 миӊдей кыз-жигитибиз кадимкидей ошол жергиликтүү орус менен казактай эле болуп, өзүн адам катары сезип калат да. Ал эми буга каршы болуп жаткандар – бизге жакшылык каалабаган күчтөр.

“ЭЛ КЕЛЕЧЕГИН ОЙЛОП, 500 СОМГО АЛДАНБАЙ ДОБУШ БЕРИШИ КЕРЕК”
– 2007-жылы өткөн шайлоодо участкалык комиссия же бийлик өзү "бул партия мынча алды, тиги партия тигинче алды" деп жазып койгон. Ошол эле комиссиялар урналарга керектүү бюллетендерди салып коюшчу. Ушул маселени жок кылыш үчүн бул жолу биометрикалык шайлоо кылалы деп жатабыз. Ар бир адам бюллетень алыш үчүн компьютерге өз бармагын басат. Эгерде бармагынын изин бере албаса, анда бюллетень ала албайт. Ошондуктан кошумча бюллетендер болбойт. Бул шайлоого абдан күчтүү партиялар биригип туруп катышканы турат. Участкаларга ар бир партиялардын өкүлдөрү отурат, катуу көзөмөл болот.
Эл өзүнүн келечегин ойлошу керек. Бир бөтөлкө аракка же 500 сомго алданып калбай, добушун ойлонуп туруп бериш керек.

“ЖАГАБЫ-ЖАКПАЙБЫ, МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРГЕ БААРЫ БИР КИРИШЕ БЕРЕМ”
– Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн деп, өз жанымды багып жыргап жүрө берсем деле болмок. Бирок эл кийин баары бир менден сурайт. Жыл сайын өкмөт алмашып жатса, депутаттардын кээ бирлеринин деӊгээлин көрүп жатабыз, парламент дагы жаӊы бутка туруп баратса, мен четте жыргап отурсам эчтекеге кабатыр болбой, анда акыбал өтө эле кыйын болмок. “Бул өкмөттүн иши да, эмне киришип жатат, же эмне үчүн парламентке мындай сөздөрдү айтып жатат?” деши мүмкүн мага айрымдар. Бул маселелерге айла жоктон киришип жатам. Ошол эле энергетикага киришпесем, жарык азыр өчүп турмак. Жагабы-жакпайбы, мына үч жыл калды, мен мамлекет үчүн керектүү маселеге өзүмдүн укугумдун чегинде, Конституцияны бузбастан баары бир кирише берем.

“КАЧАН МАГА КЕЗЕК КЕЛЕТ ДЕП ҮРПӨЙҮП КҮТКӨНДӨР КӨП”
– “Качан мага кезек келет?” деп үрпөйүп күткөндөр көп. Саясатка барам деген жаран таптаза болушу керек. Мен деле 15 жыл оппозицияда жүрдүм. Акаевдин бийлиги да, Бакиевдин бийлиги да канча издегени менен, мага каршы эч нерсе таппай койду, анткени эч нерсе жок болчу. Азыр бирөөгө карата кылмыш иши козголсо эле дароо ооруп калууда. Же “бул бийликтин мага каршы уюштуруп жаткан иши” деп кыйкырып чыгууда. Менин бирөөнү аӊдыгандан башка кылар ишим жокпу?
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголгонун интернеттен окуп алып, чынын айтайын, кыжалат болдум, “эми муну да менден көрүшөт экен” деп. Бирок депутат болобу же мэр болобу, өзүн пайгамбар же хан катары көрүп, кылыктарды кылса, эртели-кеч ал чыгат. Кандай кыйкырык, кандай ушак болбосун, коррупция менен күрөш мындан ары да улана берет. Башка жолубуз жок. Кыргызстанды мамлекет катары чиритип жаткан илдеттердин бири – бул коррупция. Муну менен күрөшүүнү токтотпош керек.


“КУМТӨРдөгү” ӨЗ АКЦИЯЛАРЫБЫЗДЫ КОЛДОНУУ УКУГУНАН АЙРЫЛГАНЫ ТУРАБЫЗ”
– Өткөн жылы эле бул маселени чечип, орток ишкана түзгөндө, канадалыктар биздин акцияларды камакка алмак эмес. Быйыл болсо биздин акциялардын бөлүктөрүнө канадалыктар тарабынан жыл башында бир жолу арест салынды, мына азыр экинчи жолкусу. Биринчисин алдырсак, эми экинчи фирма биздин акцияларга арест койдуруп жатат. Минтип отурса, бул өӊдүү аракеттер адат болуп, өзүбүздүн колубуздагы 33 пайыздык акцияларды пайдалануу укугубуздан айрылганы турабыз.
Былтыр популизмди азайтып, парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак. Азыр 50 пайызы Кыргызстанда боло турган мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз. Ошондуктан бул маселени тез арада өкмөт менен парламент чечиш керек. Төө кушка окшоп башыбызды катып отурсак, такыр эле талаада калганы турабыз. Жок дегенде бир чечимге келиш керек.



“ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮМДҮ УЗАРТЫП АЛАЙЫН ДЕГЕН ОЮМ ЖОК”
– Сот реформасын анча жакшы жүргүзө албай жатабыз. Такыр эле болбой баратса, мүмкүн, чын эле Конституциянын айрым беренелерин карайбыз. Мен аны, Конституциянын атасы деп коёбуз го, Өмүрбек Чиркешович Текебаев менен дагы сүйлөшкөм. Акыркы жолу кеӊешмеде колдон келишинче мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен башка бир жолун тапсак деп айттым. Конституцияга тийбей турганыбыз жакшы.
Менин президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө үч жыл калды. Өз жаныӊды бакпай, туугандарыӊды, чөнтөгүӊдү ойлобой, Кыргызстан үчүн иштейм десеӊ президент болуп иштеш өтө кыйын. Күнү-түнү мамлекет деп жашаш керек. Алты жылда жакшы иштерди бүтүрүп берип кетсем, мага ошол эле жетишет. Мөөнөтүмдү узартып алайын деген оюм жок. Үч жылдан кийин элибиз татыктуу президентин шайлап алат деп ойлоп турам.

“КЫРГЫЗСТАН КЕДЕЙ МАМЛЕКЕТ ЭМЕС”
– "Кедей мамлекетпиз" дей беребиз. Элибиз да, маалымат каражаттары да байкабай калышты, бирок быйыл расмий түрдө Кыргызстан кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан кедей мамлекет эмес.
Кыйынчылыктар болот. Бирок биз кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, кайда барабыз, жакшы билебиз. Ошол эле энергетикада эгемендик болуш керек, каражатта эгемендик болуш керек. Чыныгы эгемендикке жетиш үчүн эмнелерди жасаш керек, аларды Улуттук стратегияда Жол картасына жазып алганбыз. Кыргызстандын 25 жылына, 2016-жылга чейин бир топ олуттуу маселелер чечилет. Мамлекетибизди сактап калбасак, баасын түшүнбөсөк, бизди Кудай урат. Тынччылык болсо, аманчылык болсо, элибизде ынтымак болсо, Кыргызстандын келечеги кеӊ.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(114)
09.12.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
интернеттен окууп дегени,жалган эле го.мейли Мелиске аралашпасын,интернеттен тез жеткирген презденттин маалымат булактары жокбу?
09.12.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сиздерге суроомду берсем болобу?
10.12.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyzik,
Саламатсызбы! Сурооңузду купуя кат менен жиберип койсоңуз болот.
09.12.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев азыр озунун башы менее эмес ал да озуно байлык топтоп журот. Ушундай вапросту чечиш керек еле деп журот ко . Ал ойунчу анын аркасында адамдар буну колдонтат . Ушинтип ээн таалада калып кететет окшойбуз . . Кумтооубузду алдырдык сууну озбектерге берсеек алар газын бербей койсо даны . Иш жок кыргызстанда нефтини чыгара албайбыз. Жакында жерибизди алдырабыз. Бизге жаш ото строгий президент керек. ХХХ ХХХ Еч нерсени билишпейт .
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 11:51
09.12.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев азыр масквада адамга окшобой эмнеге окшоп журобуз
09.12.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо. 50/50 ти зордоп, зордомок турсун колдоп эле беришти эле го жепджутаттар. Эми эмне деген шылтоо таап алышкан. Колдоп коюш керек эле деп. Булар ушундай да. Элди кок мээ деп ойго келгенин оттошот
10.12.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бажы биримдигине кирсек Россиядагы мекендештерибизге коптогон женилдиктер берилсе, анда жакшы экен. Себеп; азыр ар бир кыргызстандыктын уй булоосундо, жок дегенде бирден адам Россияда иштеп уй булоосун багып жатат. Эгер кирбесек, азыр мекендештерибиздин акыбалы кундон кунго оорлошуп баратат, мындай темп менен кетсек Россияда иштегенге невозможно болот. Баары Россиядан Кыргызстанга келишке аргасыз болушат, анан ошондо корот бийликтегилер которулушту. Андыктан батыраак киргенибиз он болгудай.
10.12.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажы биримдигине кирсек Россиядагы мекендештерибизге коптогон женилдиктер берилсе, анда жакшы экен. Себеп; азыр ар бир кыргызстандыктын уй булоосундо, жок дегенде бирден адам Россияда иштеп уй булоосун багып жатат. Эгер кирбесек, азыр мекендештерибиздин акыбалы кундон кунго оорлошуп баратат, мындай темп менен кетсек Россияда иштегенге невозможно болот. Баары Россиядан Кыргызстанга келишке аргасыз болушат, анан ошондо корот бийликтегилер которулушту. Андыктан батыраак киргенибиз он болгудай.
10.12.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул АША президент болуп шайланганда ушунчалык озумчо нааразы болгом. Эки президенттин качканынан сабак ала албаган окшойт. 5млн кыргыздын биримдигин сактай албаган ушул президент ХХ ХХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 12:11
10.12.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynaiB,
Этика нормаларын сактаңыз!
10.12.2014. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кымбатчылык,каатчылык заман кылып,Элдин жонунан жоон кайыш тилип,калктын канын соргон бийликке кимдин тукургону бар экен?! Кудайга Шугур азыр элде акча бар,бай. Ончой ичип-жечу чон курсактардын укум-тукумун тойгозуп жатабыз...Мейли коро жатабыз,жакшы ниет, жарым ырыс дегендей...
10.12.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
адамдын нервинегана танцага түшүшөт да оңбогурлар бийлик эмес эле кайырчы болуп кетти свет сурап
10.12.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ ХХХ ХХХ Атамбаев жакшы иштеп жатат
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 12:04
10.12.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
antiyjanin,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн банга!
10.12.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
М.Мырзакматов кандидатурасын койсо, эл колдоп берет,бурмалаганга да кучтору жетпей калат деп М.Мырзакматовго иш козгоп, шайлоого жолотпош к-к болуп жатат да....албетте окунучтуу,элге чын журоктон иштоочу адамдар келбегени.
10.12.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
рубль тушуп жатат,кандай женилдик эч коро албадым.Кошулуш учун РФ дан берилген акча оз ордун бериле електе еле жок болуп кетсе керек.Политика бизде олуп калган тьфу
10.12.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chyngyz-KG, рубль тушсо да Атамбаев куноолубу эмне? Бир аз ойлонуп жазсанар ...
11.12.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, кунолуу деп жатамбы?озун ойлончу.ТСдан пайдасын коро алат бккенбиз деп жатам если что
11.12.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyngyz-KG, ТС га кошулганда бирдиктуу валютага киргенде доллар кулайт.
12.12.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyngyz-KG, рубльдин тиешеси жок. жонле суйлой бересинер да ойлонбой
11.12.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын эле акылдуусун, Баарын эле кыйынсын! Атамбаев, Обама Барак, Путин Владимир булар жинди. Буларга ишенбей келечекке туз карап, пейилди ондоп, написти тыйып, алладан умут кылышыбыз керек! Биз башы корунгон эл башчыларды Ушу киши кыйын, Ушул киши Мамлекетти бутуна тургузат дей беребиз, Бирок мындай караганда азыркы учурда кичинекей уй-булону бутка тургузуу ото кыйын.
11.12.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мелисти Кудайым жана Эли колдоп турат,ал созсуз президент болот, ошондо гана жашообуз Кыргызстаныбыз онолот, АША кетиш жагынынды ойлоп кое бер.
12.12.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asylaika, кетиребиз деп коркутпайле койгула 2 жылдык мооноту бутмоюнчо кетирбейбиз деп биз дагы айтабыз
12.12.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursss_Real_Madrid, сен эле айтпасан,башка эч кимдин мындай созун уга элекмин.Же сен электроэнергияга,бензинге,отоплениеге кымбаттаган бааларды байкаган жоксунбу?
11.12.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииииий байкуш корсо аябай эле кыжалат болгон турбайбы озунун жанын ойлоп,биз сизден корбойбуз анткени сиз суттон да аксыз
11.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул ажо суйлосо укмуш элди алдар , эч бир результат жок .
11.12.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар адамды качан убагында сыйлачу эле!Кыргызстан ушунчалык болуп калганына шугур!
11.12.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото эле укмуш суудан таза суттон ак
13.12.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edelveis0088, Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт тууган.
12.12.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Атамбаевди президент катары корбойм,
12.12.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевди тааныбаган Кыргызстанга биринчи жолу келген адам окуп калса ушуларды... ойлойт оо азамат жигит екен бул президент деп,алдап жатканы менен иши жок.(((
13.12.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз парламентик олкобуз. Депутаттар иштеш керек эле.
13.12.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку эки президент 5-15 жылда жеп, туготуп кетсе аны А.Ш.А. 3 жылда кантип оз ордуна коймок эле, кичине ойлонуп жазсанар, ал деле адам да, колунан келгенин кылып атат да. Ичип-жебеген адам болбойт, Мелис келсе жыргатат дейсинер ал келсе ал деле чонтогуно салат да билгизбей, аны деле соз кылып чыгасынар да " М. Мырзакматов ичип-жеп атат"-деп. Адамдын богу сасык-деген соз чын да.
13.12.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу АША 2016 мындай болобуз анан 2017 мындай болобуз деп ишти аткарбай туруп кантип кайсы бетиниз менен элге соз берип жатасыз??? Озунуз намаз окуйм дейсиз а бирок элди неге курук соз менен ишендирип жатасыз??? Адам баласы 5 муноттон сон эмне болоорун ким билет эчким билбейт бир гана Алладан башка. Элге ошентип суйлоордон алдын аткарып коюп анан айтпайсызбы. эмчектеги балдарды багып аткансып бирге чыкса басып калат анан екиге чыкса суйлоп калат дебей.
13.12.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качып кеткен эконо караганда жакшыле иштеп атат, иштебейт деп депутаттарды айтыш керек адамга негизи эч нерсе жакпайт баарынар эле кыйратып ийчидей жазыптырсынар.
14.12.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон адам ажо болбойт да, " беш кол тен эмес" мурунку ажого азыркыбызды салыштырганга болбойт! Кандай иштеп жатканы кандай адам экенин шайлоодо билебиз да. Эгер эл шайлаган болсо татыктуу ишеген ажо болот да.
15.12.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zato karimov realnyi karait
15.12.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматовду каратып туруп эле алдын тороп жатасынар го, макул Мырзакматов жебесе да жеди дейли бирок ал жесе да иштеп жаткан бир жакшына, результат бар болчу. Силерчи (азыркы бийликтегилер)жеп, ичип деле иштебей жатпайсынарбы, кундон кунго Кыргызстанды артка тартып жатасынар!!!! Бетинер биразда болсо чымырап, оо дуйноону да ойлодунар бекен?
15.12.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир Мелис аганын иши эмес башкалары да сизден болуп жатат го
18.12.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекет онолгонго АША дан башкада адам керек аша бир озу баарын кыла албайт кыргызстан бай олко эмес бир нерсе кылайын десе акча тартыш. проблема коп. мырзакматов мамлекетти жеп копуро салып жатат дейтго. копуро салуу зарыл эмес эле эл ачка калат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо