ИЧЕГИНИН ДУШМАНЫ – КҮЧТҮҮ ТАМАК-АШТАР

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Ичеги өзүндө оору жаралганын чекеде жана ооздун айланасында безеткилердин чыгышы менен билдирет. Демек, ичегини текшертип, тазалап, дарылоо кажет. Бирок дарылануудан көрө оорунун алдын алуу оӊой. Андыктан бул ирет ичегинин кызматы, аны тазалоо тууралуу сөз кылабыз.

ИЧЕГИЛЕРДИН МИЛДЕТИ
Ичегилердин аткарган кызматы тууралуу Бишкектеги №1-клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Мусаев айтып берет:
– Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 6-8 метрге чейин жетет.
Ичеги жалпысынан 2ге бөлүнөт: ичке ичеги жана жоон ичеги. Адамдын жеген тамак-ашы ашказанда майдаланат да, бөлүнүп чыккан маӊыздар менен суу, негизинен, ичке ичегиде сиӊип, анан канга аралашат. Сиӊбей калган тамак калдыктары жоон ичегиде топтолуп, түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат.
Ичегилер жакшы иштеши жана сезгенбеши үчүн адам жаӊы даярдалган тамактарды ченеми менен жеп турушу кажет. Эгер биз эски, туруп калган жана оӊой менен сиӊбей турган майлуу, күчтүү тамак-аштарды жесек, анда алар ичегилерде бир топко туруп калат. Эгер бул адатка айланса, анда ичегилер акырындап сезгенет да, оорулар келип чыгат.
Жоон ичегидеги сиӊбеген тамак-аштын калдыктарынын узакка туруп калышы зыяндуу микроорганизмдер менен мите курттардын көбөйүшүн шарттайт. Айтылгандар болсо ууларды бөлүп чыгарып, адамдын организмин ууландырат.
Бизде көпчүлүк адамдар туура тамактанууга көӊүл бөлүшпөйт. Андыктан алар ичегисин убак-убагы менен тазаласа, анда топтолуп калган заӊдардан, шлактардан, уулардан арылып турат. Ичегилеринин жакшы иштешине да жардам берет. Ар бирибиз ичегиге, дегеле организмге күч келбеши үчүн кечки тамакты саат 6-7лерде ичүүбүз керек.
Ичегилерге жагат: жашылча-жемиштер, айрыкча түрп, кызылча, баклажан, алма, капуста, бадыраӊ, ашкабак. Андан сырткары кебек аралашкан кара нан, кургатылган нан (сухарики), буурчак, жаӊгак.
Жакпайт: ак нан, булочка, эт (өзгөчө сүрсүгөн эт), алкоголдук ичимдиктер, таттуулар, консерваланган, туздалган, ышталган азыктар. Андыктан буларды чектөө зарыл. Уулар, шлактар организмден чыгып турушу үчүн күнүгө 2 литрдей суу ичүү сунушталат.
Ичегилерди тазалоодо клизма жана колоногидротерапия колдонулат. Буларды каалабагандар үчүн 2 ыкманы (жашылча салаттары менен, "даамдуу тазалагыч") айтып берейин.

“ДААМДУУ ТАЗАЛАГЫЧ”
Керектүүлөр: 100 грамм кургатылган кара өрүк, 100 грамм мейиз, 100 грамм зайтун майы, 100 грамм бал, 50 грамм сенна чөбүнүн жалбырактары (ич өткөрүүчү касиетке ээ, дарыканада сатылат).
Сеннанын жалбырактарын абдан майдалап, ал эми кургатылган кара өрүк менен мейизди эт туурагычтан өткөрүү зарыл. Булардын баарын бир идишке салып, үстүнө бал менен майды куюп, аралаштырып койсоӊуз даамдуу тазалагыч каражат даяр. 1 апта бою күндө кечинде жатар алдында 1 чай кашыктан ичүү кажет.
Эскертүү: Диета кармасаӊыз ичегилер жакшыраак тазаланат. Ыкма өтүндө ташы барларга сунушталбайт!

ЖАШЫЛЧА САЛАТТАРЫ МЕНЕН
Бул ыкманы 1 күн бою башка тамак-аш жебей колдонуу керек. Салат үчүн каалаган жашылчаны чийки колдонуу сунушталат. Түрдүү болушу үчүн төмөнкүдөй курамдардан турган салат түрлөрүн жасасаӊыз болот:
1) Капуста, сабиз жана сарымсак. 2) Кара түрп, сабиз, алма. 3) Түстүү капуста, сабиз жана укроп. 4) Капуста, таттуу болгар калемпири жана кинза.
Эскертүү: Ашказанында жарасы барлар, уйку безинин оорусу барлар аз-аздан гана колдонушу керек. Болбосо оорусу күчөп кетүүсү мүмкүн.

 



МИНЕРАЛДЫК СУУ МЕНЕН
Медер Өмүралиев, гастроэнторолог:
– 200 грамм минералдык сууну 36 градуста жылытуу кажет. Анан ага 1,5 аш кашык ксилит (кант диабети менен ооругандар колдонуучу жасалма кант) кошулат. Муну ичкенден кийин 20 мүнөт ары-бери басуу керек. 20 мүнөттөн кийин дагы 200 грамм жылытылган минералдык сууну ичип, 20 мүнөт кыймылдайсыз. Анан минералдык суудан дагы 100 грамм жылытып ичип, ары-бери жүрүү кажет. 2 аптада бир жолу колдонсо болот.



ЧИЙКИ КЫЗЫЛЧА ЖАНА САБИЗДИН ШИРЕСИ МЕНЕН
Ширенин бир бөлүгүн кызылчанын, ал эми 9 бөлүгүн сабиздин ширеси түзөт (20 грамм кызылча ширесине 180 грамм сабиз ширеси кошулат). Аталган жашылчаларды шире сыккычтан же эт туурагычтан өткөзүп, ширесин сыгып алабыз.
Муну 2 маал 100 граммдан тамактан кийин ичесиз. Рецепт 1 аптага ылайыкталган.
Эскертүү: Ыкма ашказан-ичегисинде жарасы жокторго сунушталып, диета менен коштолот.

АРАЛАШ КОМПОТ
Кара өрүк менен сары өрүктүн кагын кайнатып, компотун 3 маал 70-80 граммдан тамак менен ичсеӊиз пайдалуу. Муну аз дегенде 2 апта колдонсоӊуз жакшы. Бул улуу-кичүүлөрдүн баарына, айрыкча ич катуудан жабыркагандарга сунушталат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(7)
08.12.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы кенеш экен
08.12.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ичегилерим курулдай берет коноко барганда ынгайсыздыкты жаратат. ал учун эмне кылышым керек.
08.12.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaklin.kg, эспумизан ичсен жакшы жардам берет сага.
09.12.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3куну жана воскресенье разрузичный день кылып только алма менен суу ичип жатам ичегелерим тазалАнабы?
21.04.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кеңеш экен
11.06.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен
13.03.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенна чобунун жалбырактары орусчасы кандай аталат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо