МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВГО ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Мелис Мырзакматовго карата кылмыш иши козголгондон бери Ош шаарынын экс-мэри учурда кайда экендиги белгисиз. Эске салсак, 28-ноябрь күнү Башкы прокуратура Мелис Мырзакматовго карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ал «Ош шаарынын башчысы болуп турганда түштүк калаасынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалынан пайдаланып, бир топ мыйзам бузууларга барган» деп айыпталып жатат. «Маанилүү жана кымбат баалуу объектини куруу алдында экономикалык далилдер менен техникалык негиздеме иштелип чыккан эмес, эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштоо жана каржылоо боюнча мэриянын кызматкерлерине мыйзамсыз көрсөтмө берген. Жыйынтыгында мамлекетке 29 миллион сомго зыян келтирилген» деп жазылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.
Чек ара кызматы Мелис Мырзакматов үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Ош шаардык сотунун экс-мэрди камакка алуу боюнча чыгарган чечимине ылайык, ага издөө жарыяланган. ИИМ 4-декабрдан баштап Мелис Мырзакматовдун эл аралык издөөгө да жарыяланганын маалым кылды. Бирок Интерполдун сайтында анын изделип жаткандыгы тууралуу маалымат жарыялана элек. Айрым маалымат булактары «экс-мэр Кытайда жүрөт» деп жазып чыкты. ИИМ мындай маалыматты «тактала элек» деп билдирди.
Акыркы күндөрү Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар биримдиги» менен «Ата Мекен» партиясынын ортосунда биригүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканы ММКларда байма-бай талкууга алынган эле. Бийликте бул эки күчтүн биригүүсүн каалабагандар көп өӊдүү.


Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
08.12.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эл учун иштеп берген жалгыз саясатчы болсо аны да куугунтукка алып, жок кылып тындынар. Дагы кандай максатынар калды белгисиз. Бироого ор казам деп озунор тушпосонор болгону.
08.12.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неси болсо да эл толкубасын.
08.12.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ата-Мекен менен Улуттар биримдиги бириксе мыкты болмок Мелис жок болсо да барибир биригишсе жакшы болмок парламентке 1-орун менен келишмек.
08.12.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2012 - жылы Шаардык кенешке шайлоо болгондо Ата журт Бутун Кыргызстан жана Улуттар биримдиги биригишкенин жар салган эмес беле.? Мелисти жалгыз таштап кеттиштиби бирок мен Ата мекен мн биригишине каршымын себеби Ата мекендин бизде эч ким колдобойт.
08.12.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис мырза Ош шаары учун, Ош шаарынын эли учун коп жакшы иштерди жасады. "Таза болсо качпайт эле" деген создор болуп жатат. Ошолорго суроо: Баяман баш болгон эр азаматтар качпай эмне болушту? Мен ишенем Мелис мырза Кыргыз эли учун дагы коп-коп жакшы иштерди жасайт деп. Башкасын билбейм, мен Мелис мырзаны дайыма колдойм.
08.12.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ош шаары аябай сонун болуп гулдоп калган ушул киши иштегенде, жеди деп кармасанар толтура башка депутаттар эмнеге ошолорду камабайсынар! Эптеп эле шылтоо болсо буларга !!!
08.12.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир эле Мелис жеп калганы курук калгандай издешет башка жеп аткандарды кача электе кармап албайсынарбы андан коро,анан качып кетти издоо салабыз дебей ,Азыркы жаны мэр эмне иштерди жасады 1 жылда
08.12.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мелиске асылбай,озунордон,озунордун ичинердеги чирик "коргоолдордон" баштасанар,адилеттуу болот эле.
08.12.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис мырзаны эл колдойт жесе дагы эми оштун эли толкуса жаман болотко анда азыркы мер кайсыл эшиктен качып чыгаар экен
09.12.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис элдин баласы эчким жол бербейт камашына мына коросунор.
09.12.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасы бийликтин Мелисти камаганы аарынын уйугуна тийишип алганы
10.12.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мырзакматов элдин чыгаан уулу,Мелистей эч ким иш кыла албады азыркы жеп ичер министр жепутаттар.Мелисти кармап бир нерсе кыла турушкан болушса ХХХ ХХХ ХХХ Азыркы бийлик чындап эле корррупция менен курошсо,неге Ошто курулган сапатсыз уйлорду курдурган,6 миллиярд сомдон ашык акчаны жок кылган Жанторо Сатыбалдыевди камабайсынар.
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 12:09
10.12.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dadin33,
Провокацияга жол берилбейт!
5 күн банга!
10.12.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскасы Мелис ага жесе да анын алкымы култ эле болчу азыркылардын алкымындай култ-култ култ-култ култ эмес
10.12.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кыргыздын душманы киииим? Кыргыыыыыыз"- деп ажобуз Атамбаев айткандай Мелисти душмандары эле каралап эптеп жок кылыш керек болуп жататда
11.12.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош эли Мырзакматовду камаса, жон карап турмак беле?
12.12.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Melis mirsa merlikten ketkende men kadimkidei ilagam. Oshol kyn egh esimden ketpeit. Aksakaldardin ilaganin korgom.
Karapaim kalk bozorup kana tyryp kalgan.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо