ЛАВРОВА VS ИБРАИМОВА: ТИРЕШ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Эсептөө палатасы Каржы министрлигинде жүргүзгөн аудит иштеринин жыйынтыктары менен бөлүштү. Ага ылайык, аталган министрликтин башчысы Ольга Лаврова 2013-жылкы иш сапарларында учуу кызматтарын пайдалануу үчүн бюджеттен 630 миӊ сом жумшаган. «Лаврова бул сумманы 6 жолу чет өлкөгө учууга гана жумшаган. Министр бизнес-класс менен учса, аны коштоп жүргөндөр эконом-класс менен учушуп, алардын чыгымы 233 миӊ сомду түзгөн. Муну менен Лаврова бюджеттин эсебинен 396 миӊ сомду ысырап кылган»,- деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу маселе парламентте да көтөрүлүп, «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров каржы министрин сынга алды. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков: «Менден башка депутаттардын баары бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында эконом-класс менен учушат. Бул маселе текшерилип чыгат»,- деди.
Лаврова жөн калбаганы бат эле билинди. Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова «аудит жыйынтыгы ачыкка чыгарылгандан кийин жыл сайын бөлүнүп келген Эсептөө палатасынын фондунун быйылкы чыгымдарын Каржы министрлиги кесип салды» деп чыкты. Министр айым мамлекет ишенип тапшырган кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатканы өкүнүчтүү. Министр мындай турсун, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине катардагы эле коммерциялык каттам менен учуп келген. Эки жетекчи айымдын тымызын тиреши дагы уланат көрүнөт...

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
08.12.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бар жерде талаш бар.
08.12.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизнес класс эконом класс деп чыгым кылбай жонокой эл менен эле учуп ага кеткен чыгымды чек ара маселесине жумшаса болбойбу,КТРден германиянын депутаттарын жумушка велосипед менен барышат экен деп корсоткондой болгон эле.
08.12.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл менен кошо учса эмне болмок? Эл бар учун ушинтип эконом- класс, бизнес-класс мене учушат да тообо. Ошого кеткен акчаны башка иштерге жумшаса болмок да!
08.12.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катардагы ишчилер 2000 сом учун бей куноо камалып кетет ал да ПМ полиция ептеп акчаны колуна карматып камайт булур 390 мин сомду тушунбойсун.
09.12.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх аман эле болушсун.
09.12.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdun urugu kurugansyp kaydagy bir orustarga mayluu jerdi berip koyup, jedirip juro bergile kyrgyzdyn yryskysyn
09.12.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматовго асылбай ушуга окшогон ачык корунуп турган жеп-жутарларды камабайбы...
10.12.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайдагыдай закон Киргизиш керек болуп калыптыр го. Булар акча байлык жеп жутуш учса только бизнес класс балдары чет жерде окушат, Ушулар учун кресло го жулунушат. Чиновниктердин маянасын катардагы Эле элдердей кылса Анан корот лек, 30000-70000 акча аз имиш буларга
11.12.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир келген учурду кармап калбаса болбойт да азыр болбосо анан качан колдонот?
14.12.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой булар айга учуп барса да кыйратып иштей алышпайт. саны бар сапаты жок депутаттар ушулар.
15.12.2014. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uchup baryp emneni kyiratyp atyshat-tyshynboim.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо