САГИНБАЕВА ЖООПКО ТАРТЫЛБАЙ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ, КЫЗМАТ АЛДЫ

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Саламаттыкты сактоонун экс-министри Динара Сагинбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалганын өткөн саныбызда жазганбыз. Эске салсак, Д.Сагинбаева 24-сентябрда министрлик кызматтан бошотулган болчу. Коомчулукта «Динара Сагинбаева кызматтан отставкага кетүү менен кутулуп кетпей, иштеген учурундагы кемчиликтери үчүн жоопко тартылышы керек» деген пикирлер айтылган эле. Алардын айрымдарын атай өтсөк.
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, «2-3 күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткени билингенде эле Сагинбаеванын отставкасын талап кылып чыгышкан. Анткени кылмышкерге «ден соолугу начар, аз күндүк өмүрү калды» деген аныктаманы медкомиссия берип, судья ошол жыйынтыктын негизинде оор кылмышка айыпталып камалган Батукаевди бошоткон. Андан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү, Батукаев Чеченстанда аман-эсен жашап жаткан кези.
2014-жылдын башында Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынан ээн-эркин чыгып, Боом капчыгайында МАИ кызматкерлерин атып салган Заур Магомедовдун окуясында кайрадан Д.Сагинбаеваны кызматтан кетирүү керектиги парламентте чоӊ талкууну жараткан.
Төрөт үйлөрүндө ымыркайлар уурдалды, сатылды, тирүү наристелер өлүктөргө алмаштырылды, аман туулган балдар белгисиз жагдайда төрөтканадан чыга электе чарчап калып жатты...
Эми экс-министр моралдык жана башка жоопкерчиликти аттап өтүп, Улуттук госпиталды башкарууга келип отурат.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
08.12.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял киши жан дуйносу назик боорукр жан болобуз деп келебиз,бул аял кайдан журуп темир катын болуп калды экен.Эртели кечпи иштерибизге жараша татыктуу жазабызды Кудайым берет.Ар бир кыргызым бакубат жашоодо омур сурсунчу!!!
08.12.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ХХХ ХХХ эжебизге ар бир ымыркайдын убалы жетип ашат деп ойлойм аллахтан коркпогон жан экен
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 14:35
08.12.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Inwallah88,
Кимдир бирөөнүн өздүгүнө асылып, кемсинтүүгө тыюу салынат!
08.12.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм Аллах баарын коруп турат.
08.12.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге Каримовко окшогон бир адам керек. Устубузго.
09.12.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо акчасы коп окшойт женил эле кайра жетекчи болду
10.12.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХХ кулкунду гана келтиришет ушул чондор. Ошол жерде эле бир адал эмгек кылып кыйратсачы. Ай байкуш ай.
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 12:18
10.12.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altynaiB,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
10.12.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Крышасы" кучтуу неме го видать
10.12.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мырзакматов коруппцияга аралкан деп аны куугунтуктабай. Ушул айымдыда кылмыш жообуна тартсанар болот беле? Канча энелер гаристетсиз, наристелер энесиз калды? Бул бир эле мисал.
11.12.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай жазаласын
15.12.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевге справка бер деп жогор жактан буйрук келип жатса анан камачы беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо