ӨКМӨТ КӨМҮРДҮН БААСЫН БЕКИТТИ

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Белгилүү болгондой, өкмөт 4-ноябрда көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөлдөө киргизген. Ал эми 1-декабрь күнү Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги көмүр өлкөбүздүн кайсы аймагында кандай баада сатыларын эсептеп чыкты.
Эскерте кетсек, аталган ведомство өлкөдөгү 100дөй көмүр казып алуучу ишканалардын көмүргө болгон өздүк баасын бекитти. Андан ары ишканалар көмүр казып алгандыгы үчүн баага 10 пайыздан ашпаган сумма кошуп, сатуучуларга чыгарат. Дүңүнөн сатуучулардын көмүрдү сатып алган баадан сатыкка кошкон баасы 10 пайыздан ашпашы керек. Кийинки майда соода түйүндөгүлөр, чекене сатуучулар көмүр сатууда алган баасына 5 пайыз гана кошумча кошо алышат. Ошону менен көмүрдүн өздүк баасына бардыгы болуп 25-30 пайыз гана кошулушу керек. Буга чейин соодагерлер көмүрдүн наркына 50-70 пайыз кошуу менен керектөөчүлөргө сатышчу.
Төмөндө өлкө боюнча 1 тонна көмүрдүн чекене баалары берилди.

Жогоруда аталган сатык баалардын сакталышын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматы, салык кызматы жана Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги көзөмөлдөмөкчү. Эгер белгиленген баалар сакталбаса, административдик кодексти бузгандарга 10 миң сомдон 50 миң сомго чейинки айып салынат.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
08.12.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо деле кымбат. Бааны жонго салыш учун жеке ишканаларды жаап мамлекет озу казыш керек.
08.12.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1тонна комур алты мин деген ото эле кымбатта
08.12.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарибир деле кымбат,эч ким сактаган жок, жонго сала албагандан кийин газета бетине жарыялашып эмне шылдын болуп атышат тушунбойм...
10.12.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzandagany ushulbu? Andan koro eski baalar ele jakshy go... Chon Alayda 1300 som dep ukkan elem
11.12.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен узбечка кыз менен чогуу иштейм,жакында эле 1 тонна комурго деп 1 мин доллар акча жонотту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо