«ТИШТИ БАТ-БАТ АГАРТУУ ЭМАЛДЫН ЖУКАРЫШЫНА АЛЫП КЕЛЕБИ?»

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Тишти агартуу, полировкалоо дегендер боюнча түшүнүк бергилечи. Агарта берсе, тиштин сапаты кетип, эмаль жукарып кетет деген чынбы? Бир жолу агарткандан кийин кайра канча убакыттан кийин барса болот?

Сыдык, 21 жаш,
Бишкек шаары

–Полировкалоону профессионалдуу тазалоо деп түшүнүү керек. Муну үй шартында жасоого болбойт. Ал тиштеги кариес, таштардын баарын тазалагандан кийин, тазаланган тиштерди суунун күчтүү агымы менен жуу болуп эсептелет. Мындай процедурадан кийин бүйлө сезгенип, ооруксунуп калат. Бул учурда ооз көңдөйүн сода менен 1 жума, күнүнө 2-3 жолу чайкап койсо, тиштер бекемделип, жылмакай жана аппак болуп калат.
Ал эми агартуу бул такыр башка ыкма. Мында химиялык каражаттар тиштерге сүйкөлүп, атайын аппаратта какталып агартылат. Бирок бул ыкма зыяндуу. Себеби тишке сүйкөлгөн химикат менен лампанын жарыгы тиштин эң сырткы эмалын күйгүзүп, бара-бара сапатына доо кетирет да, ысык-муздакка чыдамсыз болуп калат. Бир агартуудан өткөргөн соң тишти туура күтүп, кайра барбаганга аракет кылыңыз.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
10.12.2014. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бул кызматтан пайдаланганмын. Ар бир тишти 60 с тазалаган 8 тишимди ичи тышын. Анткени кара туло баштаган эле. Бир жылдан сон кайрале ошентип калды. Кайра барсам. 1 жума тынбай соода менен чайка тишиндегилерди жумшартып жибитет. Анан ошондо тазаласам тишине зыян келбейт деди. А мен барбалым. Жакындарымлын кенеши менен.....
11.06.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
химиялык жол менен тазалаган зыян.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо