«БҮЙЛӨМ ТИШ ЖУУГАН САЙЫН КАНАЙТ»

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Тишимдин бүйлөлөрү маал-маалы менен шишип, жууган сайын канай берет. Мунун кесепети эмнеде? Бул маселени кандай жол менен чечсе болот?

Сумая, 23 жаш, Каракол шаары

–Мындай көрүнүш жөн нерсе эмес, бул пародонтит деген оору. Мында бүйлө шишип, канап, жагымсыз жыт чыгарат. Эгер убагында дарыгерге барбай жүрө берсе, мунун аягы пародонтоско, башкача айтканда, тиштердин бошоп, түшүшүнө алып келет. Пародонтиттин башкы себептери тишке тамак-аштын калдыктарынан туруп калган кебер, таш болуп саналат. Булар бүйлөнү өйкөп, майда тамырларды кысып, канашына алып келет да, тишти өйдө түртүп, бошотуп салат. Эгер бул көйгөйдөн арылам десеңиз, 4 жылга чейин ар бир жылда 2 жолудан барып, тиешелүү дарылануу курстарынан өтүп турушуңуз керек. Бүйлөнү бир дарылатып алсаңыз, кийин кайталанбай калат.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
08.12.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйлонун канашы бир эле тамак аштын калдыгынан болобу же башкада оорулардан келип чыгышы мумкунбу
09.12.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да москвада ультра звуковый апарат менен тазалаткам 1 жыл вообще канаган жок эми дагы башталды корсо курс лечение кылыш керек экенда
09.12.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 айда бир жолу таштарды тазалатып туруш керек

09.12.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лесной бальзам деген опаласкиватель мн тишти жуугандан сон чайкаса жакшы экен
13.12.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин буйлом шишип кеткен
,жуусам канайт.стоматологияга барсам чеснок сурт деген,чеснок жардам берген жок.эмне кылсам болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо