КАРДАН КӨЗДҮН КАРЫГЫП, КӨРБӨЙ КАЛУУСУ

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Көз – адамдын дүйнөнү таанып-билүүдөгү башкы органы. Андыктан аны сактап жана күтө билүүбүз керек. Болбосо ооруга чалдыктыруубуз мүмкүн. Мисалы, карда көздүн карыгып, убактылуу көрбөй калуусу. Бул тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Мамытова айтып берет.

ФОТООФТАЛЬМИЯ
– Күн бөлүп чыгарган нурлардын арасында ультра сыя-көк нурлар да бар экендиги белгилүү. Жерге жакын аба катмарлары калыӊыраак келип, күн нурунун 90дон ашык пайызын жутуп турат. Кышында жер бетин чүмкөгөн ак кар күндүн жерге жеткен нурларын кайра чагылдырып, көздү уялтат.
Ал эми жерден өйдөгө канчалык көтөрүлгөн сайын аба катмарлары жукарат да, күндүн нурлары андан өтүп кетет. Мындан улам тоодо күн нурларынын кардын бетинде чагылуусу өрөөндөгүгө салыштырмалуу 40 пайызга чейин жогору болот. Демек, күндөн көздүн уялып, карыгуусу күчтүү. Андыктан кышында да, өзгөчө тоодо көздү сактоо үчүн коргоочу көз айнек тагынуу кажет. Болбосо көзгө күч келип, көрбөй калуусу мүмкүн. Медицинада көздүн карыгып, көрбөй калуусу фотоофтальмия деп аталат. Тактап айтканда, күндүн зыяндуу ультра сыя-көк нурлары көздүн тор кабыгын (же көздүн эӊ ички кабаты, орусча сетчатка) күйгүзүп, көздүн кыска же узак убакытка көрбөй калуусуна жеткирет.

ФОТООФТАЛЬМИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ
Алгач көзгө кум кирип кеткендей өйкөлүү байкалып, жаш агат. Андан кийин ачышып, кызарып, шишип чыгат. Көздүн жарыктан уялуусу күчөйт, 4-5 сааттан кийин көз көрбөй калат. Бирок коркпоӊуз, көрүү бир нече күндөн кийин калыбына келет.
Эгер адам фотоофтальмияга чалдыкса, анда аны тезинен караӊгы бөлмөгө алып барып, тынч жаткырып, көзүн күӊүрт түстөгү мата менен таӊуу зарыл. Анан врач чакырыӊыз. Ал алгачкы жардам көрсөткөн соӊ ооруканага алып баруу сунушталат.
Адатта оорунун белгилери 1-2 күндөн соӊ азайып, 4-5 күндөн кийин биротоло жоголот. Бирок кээ бирлерде көзү күн нуруна сезгич болуп калат.
Көздүн кардан карыгуусу жазында кар эрий баштаганда да сакталат.

КЫШЫНДА КӨЗҮӉҮЗДҮ КҮТӨ БИЛИӉИЗ!
Кышында кардан көз уялып, жаш агып кызарса, шишисе, дароо врачка кайрылыӊыз. Кокус врачка барууга ошол күнү мүмкүнчүлүгүӊүз жок болсо, анда сульфацил-натрий аралашмасын көзүӊүзгө 3-4 ирет 2 тамчыдан тамызыӊыз. Дары майлардан тетрациклин же эритромицин сүйкөӊүз. Көзүӊүзгө ромашканын кайнатмасынан же күчтүү демделген чайдан компресс жасаӊыз.
Дайыма, өзгөчө тоодо көз айнекчен жүрүӊүз, бул лыжа тээп көӊүл ачкандарга да, жөн гана эс алууга баргандарга да тиешелүү.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(1)
16.12.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо