КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА МИЛЛИОНДОРДУ КИМ КЫМЫРГАН?

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданын кайра курууда 11 миллион 60 миӊ сом кайда жумшалганынын дайыны жок болууда. Мунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Маалыматтарга караганда, Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоодо Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен “Темир-Канат” ишканасынын ортосунда 51 миллион 900 миӊ сомдук келишим түзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө келишимдер өзгөртүлүп, курулуштун жалпы баасы 72 миллион 500 миӊ сомдон ашып кеткени аныкталган. Жоголгон миллиондорду ким кымырып алганын сурай келгенде баары сүттөн ак болуп чыгууда. Алгач “Темир-Канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев “Коргоо кеӊешинин мүчөсү, Президенттик аппаратта иштеген аты белгилүү эле адам мени акча уурдаган деп күнөөлөп, түрмөгө отургузуу менен опузалап жатат” деп чыкты. Ал эми Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борборунун мурунку башчысы Алмаз Касенов Эркинбек Мергенбаев айткан адам Президенттик аппараттын эл аралык иштери боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков экендигин жар салды.
Эл аралык деӊгээлдеги иш-чара үчүн олчойгон акча бөлүнсө, анын 11 миллиондон ашуун бөлүгү дайынсыз жоголуп кеткен болсо, ошол кыӊыр ишке көӊүл бөлүп, мамлекеттин акчасы кайда кеткенин териштирип жаткан адамды “опузалоочу” катары караш керекпи? Мергенбаев менен Касенов мындай сөздөрү менен көпчүлүктү таӊ калтырып турган чагы.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
15.12.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги ушу жегичтер акчадан олгону калганбы оздору деле жакшы билет коррупция менен курошуп жатканда жок дегенде сезип койсо эмне болот тууй болбой кадыпсынар аман эле болгула 11 миллион бир жеринерди тешип кеткен жокпу
15.12.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar,
Акыры тешет, жогоруку макалада бироону тешиптир гоо
16.12.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deesmond,
ким алганын тапса , анда аны да 12 жылга камап салсын.
15.12.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай баракелде жегиле жарылганча жеп .... кеткиле.
15.12.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тешип чыгат бир жеринерден.
16.12.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой антпегиле Аш болсун. Тойлорго насип этсин. Жакшылыктарга колдонгула. Аз еле акча екен гооо еч нерсе болбооойт ойлоно бербегиле.
16.12.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай коркпогон адамдар ишенип иш айтканданкийин жеп жутпай аткаргыла кылар ишти кылып коюп аппак болуп албай.
16.12.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жемейдин кусмайы бар, эми 2 эсе кусушатко чиркин.
16.12.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиондорду кудайым керек болсо миллиард кылып толтуруп берет кыргызыма,карганганда согунгондо эмне пайда ,зыяны болсо только нерв коройт.
17.12.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын
18.12.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Эркин Мергенбаевге 100% ишенем.Жакшы тарбиялуу аскер кызматкер үй-бүлөдө өскөн.Чындыкты бетке айткан жигит.Аны чиновниктер,сен иштерди бүтүрө бер,кийин эсептешебиз деп, патриот болуш керек, кыргыз үчүн күйүш керек, азыр акча эсепке түшө элек деген таттуу сөздөрү м-н алдап кетишкен.
18.12.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркиндин жеңип чыгаарына бекем ишенич бар.Бийликти жамандагандан алысмын бирок, бир карын майды бир кумалак чиритет болуп бийлик төбөлдөрүнүн ушундай жосунсуз жоруктары аябай кейитип ишенимге доо кетирип коёт.
19.12.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта,ошончо чоон сумманы кантип жеди экен ээ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо