УРМАТ АМАНБАЕВА МЕНЕН ЧОГУУ АЙЫПТАЛЫП ЖАТКАН АКЫЛБЕК БАЙСАЛОВ АСЫЛГАН АБАЛДА ТАБЫЛДЫ

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаевага карата “коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде чогуу айыпталып жаткан Кургак учукка каршы күрөшүүчү облустук борбордун мурунку башчысы Акылбек Байсалов 11-декабрь күнү өз үйүндө асылган абалда табылды. Бул тууралуу маалымат Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 11-декабрь күнү саат 16:45те келип түшкөн. Аталган милиция бөлүмүнүн оперативдүү иликтөө тобу Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 20-көчөсүндө жайгашкан үйгө барганда 66 жаштагы Акылбек Байсаловдун сөөгүн көрүшкөн. Моюнунда сыйыртмактын изи болгон. Учурда оперативдүү тергөө тобу сөөктү кароо иштерин жүргүзүп жатышат.
Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаева ооруканадан чыгып үйүндө дарыланууда. Анын жактоочусу Нургазы Сыдыков эл өкүлү учурда төшөктө жаткандыгын маалымдап: “Урмат Аманбаевага ноябрь айында операция жасалган. Учурда ал үйүндө, бирок операциядан кийин жакшы боло албай жатат. Ага 29-декабрга чейин айыбы угузулат”,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын жарыялоого жетишкен.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
15.12.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эл алдында жооп бергенден качып асынып алса кудай алдында кантип жооп берип аты экен.
15.12.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олуп алса да, аркы дуйнодо да сурак беришин билбейт да адамдар.
15.12.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
15.12.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мумкун ал коп нерсени билгени учун жок кылынгандыр.....
15.12.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койгулачы ай, бироонун оюн билгенсип суйлобогуло.Асынганга жеткиришти да,эч кимге кыянат кылбаган адамга суракка барган оор тийди да.
18.12.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adilet01, бул байкени мен билем болушунчаа акча сурап ошто туберкулёзный больницага жатыш учун ушул байкеден отосун палатага акча бересин деги акчанын шору кетет.канча деген акчалар тушот.
15.12.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олгондун артынан суйлоо жаман бирок ото эле коррупция болуп кеткен эле.тааныштар ооруп калып орун жок деп абдан какщаткан.чонток майлагандан кийин орун табылган.лампочкага акча постелге акча дегеле баарына акча.туалеттери иштебейт
15.12.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарий жазайын дедим банга кетип каламбы деп чочуладым.
16.12.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кетирген куноолорубузду жараткан Алла кечире корсун.
16.12.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу текшеруу керек,корупцияны.Олгондун озунун шору.
16.12.2014. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун киши колдуу болгондур ким билет. жакшылап текшериш керек.
16.12.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оозу-мурдунан жыкканча жешетда, анан болницага барып жатып алышат. Элдин нанын жээрден мурда ойлонушса. Кыргызстанда акчан болсо баары болот, кыргыздарга боло берет деген нерсе ушинтип жоюлса экен. Дагы канчасы ооруканада кун откороор экен.
18.12.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kg.lady, ))) чоңдорубузга иш козголсо эле, ооруканага жатып алмай адат болуп калды окшойт.

16.12.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чондорго куноо койулса эле ооруп калышаттар. Тушунуп болбойт.
16.12.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баары эле иш козголгондо ооруп,операция болушат тооба жегичтер
17.12.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sadyrov_n93,
Ой ошол жегендери тешип жататда акырындаан!!!
Биздин олко качан коррупциядан жоюлар экен эхх!
16.12.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jatkan jeri jailyy bolsun.biliktegilerge Kudai nysap bersun.
17.12.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин депутаттардын куноосун тапсан эле оорукчан болушуп калат баары. Бир соо депутат жок экенда, бут эле оорукчан. Анда эмнеге иштеп жатышат Жогорку Кенеште...
17.12.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операциясы кылмыш иши козголгондо болдубу же ага чейин эле болгон бекен?
17.12.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операцияны хирургга акча берип кестирип тигип койсо болот.
18.12.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун,уй булосуно сабыр берсин кудайым.Аллахым озу кубоо ким куноолу ким таза.aleshka
Максаттын номери болсо берсен жакшы болмок рахмат
18.12.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан асынып олбой оло койсо болмок экен эми аны канчалаган азаптар кутот Жон эле 20 жылга кесилип кетсе да жакшы болмок
19.12.2014. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздики табышмактуу жеп жатканда оорубай, билинип калганда эле ооруп калышат түшүнбөйсун
19.12.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aska_myrza tuura aitasyn.
19.12.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруп калат булар кичине бирдеме болсо эле ошондон ары айыкпай , ишке да чыкпай калгыла
19.12.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде карапайым адам болсо, ооруп жатабы, операциядабы бары бир камакка алынмак.
19.12.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элибизде бир илдет оору бар.
Озунун куноосун билип, Оорууду деген шылтоо менен ооруканага жатмай. Эгерде, ак болсо,элибиздин алдында озун-озу актап чыкса болмок. Айтайын дегеним, Урмат эжебиз мындайча айтканда жоопкерчиликтен качып, ооруулуу болгону ар кандай пикирлерди жаратат. Акылбек аганын жаткан жери жайлуу болсун.
19.12.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олуп бара жатсанда чындыкты айт дегендей. Урмат эжебизге, элдин алдында мыйзамдуу турдо жооп беришин суранат элем.
19.12.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feruzahan, alar ech kachan el aldynda joop bere alywpai antkeni korkuwat any elder olturup koio turgansyp
19.12.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al el aldynda joop beriwten korkup olup algan boluwu mumkun
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо