БИР БҮРКҮМ

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

  • 2014-жылы Кыргызстан тарыхында биринчи жолу ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН классификациясы боюнча эӊ төмөн кирешелүү өлкөлөрдүн тобунан чыгып, ортодон төмөн кирешелүү мамлекеттердин катарына кошулду. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Т.Султанов билдирди.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты Надира Нарматованын айтымында, парламенттеги 120 эл өкүлүнүн 30-40 пайызы гана МИЛЛИАРДЕР, калганы өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздай ала турган өлчөмдө акча табышат.
  • Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп Жоошбек Коёналиев дайындалды. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси ТУРУСПЕК КОЁНАЛИЕВДИН бир тууганы.
  • Кыргызстандагы эӊ коррупциялашкан тармак – билим берүү жана медицина тармагы экендигин Коргоо кеӊешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров билдирди .
  • Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Бишкек шаарындагы 600 чакырым жолдун 300 чакырымына гана асфальт төшөлгөн.
  • Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мугалимдер студенттерге дипломду 800 долларга чейинки баада сатышарын маалым кылды.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты Мамытбай Салымбеков: “Ат-Башынын эли жер иштетүүгө жетише албай жатат. Жалпы жердин 5 гана пайызын иштетишүүдө. Ошон үчүн мен Оштун элине ошол жакка барып, дыйканчылык кылып жашашын сунуштайм”,- деди.
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, электр энергиянын эсеп дүмүрчөк кагаздары 11-декабрдан тартып жаӊы тариф боюнча келет. Электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор 70 тыйындан, 700 киловатт-сааттан көп колдонгондор 2 сом 5 тыйындан төлөшөт.
  • 11-декабрга карата Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны 1 миллион 31 миӊ кишиден ашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо