ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ЧАЧ ЖАСАЛГАЛАР

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

«Ий, алдыда майрам келе жатат. Эми чачымды кайсы сулуулук салонуна барып жасатам? Кызмат акысы да кымбат. Кээ бирөөлөр бат эле ары-бери күрмөп, сонун чач жасалга жасап алышат экен» деген айымдардын убайым тартканын көп байкайбыз. Алдыда жаӊы жылдык корпоратив, балаты кечелери жакындап келет. Оӊой жана ажарыӊызды ача турган чач жасалгалардын бир нече түрү назарыӊыздарда.

Чач жасалга айымдын көркүн ача турган жана кече алдында «кандай кылсам?» деп ойго сала турган маселелердин бири. Мындай суроого жоопту оӊой эле тапсаӊыз болот. Азыр айымдар мурункудай чачты формасы жок өстүрүп, ээн-эркин коё бербей калышканын билсеӊиз керек. Эгер чачыӊыз калыӊ болсо, чачтарачка барып бир аз жукартып, учтары тегиз эмес болсо текши кестирип же өзүӊүзгө жаккан түскө боётуп алыӊыз. Мындан соӊ ийге келип калган чачты ар түрдүү ыкмалар менен үй шартында, чачтарачтын жардамысыз эле жасалгалап алсаӊыз болот.
Сүрөттөгү жасалганы мына ушундай жукартылган чачтарга жасоого болот. Маӊдайыӊызга тасманы тагасыз дагы, уч жагын артыңызга байлап, чачтын арасына шиш менен жашырасыз. Төбөңүздөн баштап, ичке тарак менен түбүн чачыштырасыз (начёс). Андан соӊ ар бир чачыштырылган тутамдын түбүнө улам лак сээп туруӊуз. Чач иретсиз абалга келген соӊ чогултуп, кооз брошка же шиштерди сайып бекитип коюӊуз. Түбү чачышкан чачтын үстүӊкү катмарын кесек тиштүү тарак менен тегиз болуш үчүн тарап койсоӊуз болот.

Чачты ар түрдүү кылып өрүп алуу да сулуулугуӊузду арттырат. Сүрөттөгүдөй жасалганы кааласаӊыз, алгач чачты төбө жактан туурасынан бөлүп, желке жагын байлай туруӊуз. Эми алды жакта калган чачты ылайыгына жараша кыйшык же түз кылып экиге бөлүп алыӊыз. Эки бөлүктү теӊ артты көздөй өрүп келип, учун резина менен бириктириӊиз же кайчылаштырып туруп чачтын алдына жашырып, шиштер менен бекитип коюӊуз. Фантазияӊызга жараша учун тармалдатып же түйүп алсаӊыз болот.



Чачты чогултуп төбөгө түйүү жыл өткөн сайын жаӊыланып модадан түшпөй келет. Аны баштын формасына жараша төбөгө, андан ылдыйыраак же желкеге чогултуп алсаӊыз болот. Чачты салаа менен эле тарап, ичке резина менен төбөгө байлаӊыз. Андан соӊ жоон резина менен үстүнөн каттап байлап, чачтын ашып турган учу менен жоон резинаны жаптырып каптайсыз. Анын үстүнөн дагы бир ичке резина менен байлаӊыз. Мында чачтын учу дагы бир аз ашат. Ошол резинанын алдынан ашып калган чач менен акыркы байланган резинаны жаап ороп, үймөктүн түбүнө жашырып коюӊуз. Чач жасалга даяр.

 



Сүрөттөгүдөй көлөмдө тармалдатууну кааласаӊыз, алгач чачты көлөм бере турган шампунь менен жууп алыӊыз. Кургатып, андан соӊ чач түздөөчү үтүк менен бөлүп алган тутам чачтын түбүнөн кыпчытып, үтүктү сыртка кайрып, чачтын учун көздөй сыдырасыз. Чачтын учуна жакындаган сайын үтүктү сыртка толгоп жүрүп отуруӊуз. Ушул эле кадамды кийинки тутам чачка жасайсыз. Баарын толгоп бүткөн соӊ башыӊызды ылдый кылып, чачыӊыздын бардык учун бириктирип кармаӊыз дагы силкип коюӊуз. Эми чачыӊызды баштапкы абалындагыдай артка таштап, ыӊгайына жараша ортосунан түз же кыйшык кылып бөлүп, лактан сээп коюӊуз.



Жаӊы жылдык балаты чоӊдордон дагы балдар үчүн маанилүү жана шаӊдуу майрам. Андыктан ар бир бөбөк жылына бир келчү майрамдык балатынын ханбийкеси болууну самашат. Кичинекей кыздар кинодогу ханбийкелерге, мультфильмдеги сулуу каармандарга көп таасирленишет эмеспи. Андыктан быйыл көбүнчө кыздар "Муз жүрөк" ("Холодное сердце") мультфильминин баш каарманы Эльзанын образын көп туурашууда.
Кичине кыздын чачын теӊ ортосунан экиге бөлүп, маӊдай жагын плойка менен тармалдатып алыӊыз. Андан кийин учун өрүп, кооз резинкалар менен байлаган соӊ өрүлгөн бөлүгүн бошотуп, ар кай жеринен чымчып чыгарып коюӊуз. Буга көйнөгүнүн өӊүнө окшош тасма же жылтырак кошуп өрүп койсоӊуз болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


Жаңы жылдык чач жасалгалар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
20.12.2014. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун экен мен уйдо бала менен чач жасаш биякта турсун аран жууп кургатамго. Аябай менда жасагым келди. Биринчи кыздын прическасы аябай жакты
SUPER.KG видео
20.12.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилек ты просто ангел! Молодец! Мы тебя любим! Талантына таазим! Сени Кыргызстанда эле эмес Казакстанда да тааныган адамдар бар экенине сыймыктанабыз!!! Суперсин! Бар бол!!!
SUPER.KG видео
20.12.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мастерге соз жок, а вот оператор эмне кылып тарткан, жудоп кеттим коруп буткучо.
Заколка, тарак, картинаны кайра кайра корсотуп зачем???!!!
Мастердин колун туура алып тартпайбы
SUPER.KG видео
20.12.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй шартында жасаганга ото ынгайлуу коп убакыт талап кылбаган чач жасалгалар экен жакты
SUPER.KG видео
20.12.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жасаптыр молодец супер
SUPER.KG видео
20.12.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!Сонун жасайт экен!
SUPER.KG видео
20.12.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты!
SUPER.KG видео
20.12.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун мастер экен, бул бала кайсы салондо иштейт?
SUPER.KG видео
20.12.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баардык кыздардын чачы кою, туз чачтар экен. ал эми суюк жана жумшак чачтар учун кандай прическалар туура болот
SUPER.KG видео
21.12.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Тилек! мен да абдан суйунуп кеттим.талантуу бала кен.Ишине ийгилик.мен да буйурса парикмахер болом
SUPER.KG видео
21.12.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Super! bul kaisy chach-tarach?
SUPER.KG видео
22.12.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
анжеликанын салону тилек ошол жакта иштейт
SUPER.KG видео
22.12.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bliznesy,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
22.12.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун чач жасалгалоор экен!Колуна береке Тилек!!!Кара-Балта рулит!
SUPER.KG видео
22.12.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыркысы болбой калды
SUPER.KG видео
22.12.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Tilek vse prisheski klassnye, ochen ponravilos daje na dochke poprobyvala bystro i krasivo,hotelos by eshe uvidet vashy raboty, moya otcenka 10 iz 10 ti!!!
SUPER.KG видео
23.12.2014. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
great job!
SUPER.KG видео
24.12.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер
SUPER.KG видео
25.12.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тим эле тим эле сонннун!!!))))
25.12.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге видео окулбайтат менде????
25.12.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adika_97kgbk.ru, саламатсызбы!
Телефон менен кирип жатсаңыз, FLASH орнотуңуз.
28.12.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дареги
20.01.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиий жигиттин колу гул турбайбы..баарын тушундуруп айтып .корсотуп бериптир азаматсыз жигит...Чон РАХМАТ
07.02.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигитке 70 онор аздык кылат дегени ушул окшойтго жигит болсо да биз кыздардан горо прчёсканы жакшы билет экен. Азаматсын Тилек оз кесибин суйгон жигиттерден окшойтго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо