Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «ОШ ДҮЙНӨ СУКТАНА ТУРГАН ШААР БОЛОРУНА ИШЕНЕМ»

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Бул ирет биз «Бейне» рубрикасы аркылуу экинчи борбор аталган Оштун калаа башчысы Кадырбаев Айтмамат Тентибаевичти кепке тартабыз. Шаар мэри кандай адам, үйдө кандай кожоюн, жумушта кандай жетекчи экенин билүү көпчүлүккө кызык. Анан, албетте, Ош шаарын өнүктүрүүгө болгон аракеттер, аткарылчу максаттар тууралуу да азыноолак сөз козгодук.

«ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТӨРӨЛГӨМ»
– Айтмамат Тентибаевич, алгач эле чыбык ат минип ойногон чыт курсак кез – балалыктан баштайлы маегибизди...
– Жакшы болот. Сиздердин шылтоо менен балалыкка кайтып барат экенмин. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, 2 кыз, 5 эркек. Атам бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган педагог. Апам үй кожойкеси, сегиз класстык билими бар, атама жөлөк-таяк болуп, убактысын бизди, балдарын тарбиялоо менен өткөрдү.
Байдын баласымын деп айткандан алысмын. Кадимки карапайым үй-бүлөдө жарыкка келгем. Атамдын алган 70 рубль маянасы менен күн кечирчүбүз. Ал акча кээде жетип, кээде жетпей калар эле. Бала кезде бир жерде тура албаган абдан тентек болчумун. Оюма келгенин жасаар элем. Бирок атам бир да жолу чекеме черткен эмес. Бир тиктегени менен туура эмес кылганымды сездирип койчу.

«АТАМ АКЧА МЕНЕН ЭМЕС, АКЫЛ МЕНЕН ТАРБИЯЛАДЫ»
– Эл катары эле турмуш кечирдим, ашып-ташкан дөөлөт, байлыкка манчыркап өскөн жигит эмесмин. Атам «калп айтпагыла, калптын казаны кайнабайт» деген кепти көп айтчу. Анын ошол сөзүн дале көкүрөгүмө түйгөн боюнча жүрөм, чындыкка коошпогон нерседен өзүмдү оолак тутам. Ал кишинин кеп-кеӊешин азыр да бекем кармайм. Мүнөзү жагынан абдан жумшак киши эле. Бир да жолу мени урушуп, сөгүп, катуу айткан жок. 35 жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалап, байлыгы жок болсо да, акча менен эмес, акылы менен бизди тарбиялап, билимге умтулткан атама ыраазымын.
Апам сөзгө чечен, куюлуштуруп сүйлөгөн жан эле. Жайлары жаннаттан болсун, экөөнүн теӊ көзү өтүп кетти. Аларды жоготкон күндү эскерүү мен үчүн оор.

«БОЮМА АСЫЛГАНДАРДЫН САЗАЙЫН БЕРЧҮМҮН»
– Атаӊыз мүнөзү жумшак киши болсо, сизден катуулук, өжөрлүк байкалат, бул кайдан келди?
– Сиздерге бала кездеги, 3-4-класста окуп жүргөндөгү окуяны айтып берейин. Классташ балдардын ичинен менин боюм кичинекей эле. Азыр ойлосом, балдар эмес, айрым кыздардан да боюмдун жапыздыгы мени ошол кезде чүнчүтсө керек. Ким менин боюма асыла турган болсо сазайын берчүмүн. Ошол мүнөз бара-бара калыптанып, беттегенимди бербегеним ошондон болсо керек. Баламын да, дене тарбия мугалимине барып, «канткенде боюм узарат?» деп ыйлагам. Ал киши ойлонуп отуруп, балким, ошол маалда мени жубатыш үчүнбү, айтор, кеӊеш берди. «Спорт менен машык, турникке тартыл, чурка, сабиз жесеӊ боюӊ өсөт» деди. Ошол ошол болду, мен спортко ыктай баштадым, боюмду узартышым керек да. Күндө 10-15 чакырым жүгүрүп, 3 саат турникке тартылат элем, «ушунчалык боюмдун өсүшүн каалаган экенмин» деп азыр күлүп калам. Ошонун жыйынтыгыбы же Кудайдан болдубу, бир жылда 10 сантиметрге өскөм.

МАТЕМАТИКАНЫ «ЧАККАН» МЭР
– «Мектепте өтө жакшы окугандан, же тескерисинче, тентек баладан бир нерсе чыгат» деп калышат, бул жаатта сизде кандай? Экономисттик кесипти тандап калганыӊызга караганда математиканы мыкты өздөштүргөн окшойсуз?..
– Мектепте окуп жүргөндө 8-класска чейин «5» деген баага окучумун, кийин чоӊоюп кер мурут тартып калган убакта окуума анча көӊүл бөлбөй, бир аз начарлап кеткем (күлүп). 9-класста чейректерге «3» аралашып калганда атамдан катуу уялдым. Атам урушпайт, урбайт. Ошон үчүнбү, кооптонуу болбосо да, өтө намыстандым. Сабактардан «3» алганымды атам көрбөсүн деп күндөлүгүмдү катып бир жыл жүрбөдүмбү...
Туура баамдапсыз, чынында, математика сабагын берилүү менен окучумун. Келечекке болгон пайдубал тээ мектеп партасынан эле түптөлүп калат окшобойбу. Айылдык Айдак Бекиев деген агам экөөбүз кызыгып, чогуу даярданып баштадык, ал менден мурда студент болгонгобу, ошонун таасири менен барып, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, экономист кесибине ээ болдум.

«СТУДЕНТТИК ДООРДУ ЖАГЫМДУУ СЕЗИМДЕР МЕНЕН ЭСТЕЙМ»
– Биздин убакта азыркыдай терс көрүнүштөр жокко эсе болчу, бардыгыбыз өзүбүз аракет кылып окучубуз. Колубуздан келишинче билим алдык, студенттик доорумду жагымдуу сезимдер менен эстейм. Ошол кезде тапкан, бир нанды бөлө жеген досторум менен азыр да катташабыз, кайталангыс көз ирмемдерди отуруп алып чогуу эскеребиз.
Бир нерсени айтып коюу керек, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында студенттерге талап башкача болуп кетпедиби. Жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп, сапатка эмес, санга карап ыктап кеткенбиз. Натыйжада сапатсыз адистер чыга баштаган. Бирок жылдан жылга билим берүү системинде өзгөрүү, чоӊ өсүштөр байкалууда. «Азыркы жаштар окубайт» дегенге кошулбайм. Арасында билимдүү жаштар арбын. Студенттер убактысын туура пайдаланып, билим алууга умтулушса дейт элем.

«БАЛАМ МЕНЕН ШАХМАТ ОЙНОП ЭС АЛАМ»
– Балдарга кандай атасыз, кандай тартипте тарбияладыӊыз, жубайыӊызга кандай күйөөсүз?
– Бир уул, эки кызым бар. Атам мага берген тарбияны балдарыма да колдоном. «Чынчыл, ак ниет бол, жаман жолго баспа, баарына өз эмгегиӊ менен жет» деп айтам. Уулум Москвадагы институттун юридикалык факультетинде окуйт. Экинчи кызым да студент. Кенжетай кызым Ош шаарындагы Ага-Хан мектебинин окуучусу. Жубайым медицина кызматкери. Кара-Кулжага күйөө баламын. Апасы экөөбүз балдарга колдон келишинче тартипти катуу коюп, тарбия бергенге аракет кылабыз.
Чынын айтсам, акыркы 11 айдан бери менде эс алуу, үйдөгүлөр менен чогуу отуруу деген болбой калды. Мэрликке келгенден бери элдин ишеничин актайын, шаарды өнүктүрөйүн деп күнү-түнү тыным албай иштеп жатам. Мурда эс алганга мүмкүнчүлүк табылса балык кармаганга барчумун. Аӊ уулаганды жактырам, мыкты аӊчымын десем аша чапкандык болбос. Шахмат ойнойм, балам экөөбүз шахмат ойноп отуруп кызыгына батып кетебиз.

«ОРДОЛУУ ОШ – КУДАЙ БЕРГЕН КАСИЕТТҮҮ ЖЕР»
– Кара-Суу өрөөнү Ош шаарын тегеректей жайгашкан да, азыр өзүӊүз башкарып турган калаага тез-тез келчү белеӊиз? Ошондогу шаар менен азыркы шаарды салыштырсаӊыз, анан болочоктогу Ошту кандай элестете аласыз?
– Ооба, Кара-Суу району шаарды айлана жайгашкан. Балалыгым Ош шаары менен тыгыз байланыштуу, жүрөккө жакын дегендей. Оштон алыстаган жокмун, балалыктагы учкундары азыркыга чейин турат. Ордолуу Ош – Кудай берген касиеттүү жер. Шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясы, так ортосунда орун алган Сулайман тоосу, элинин меймандостугу менен даӊазалуу отуз кылымдык тарыхты камтыган калаа экени ырас. Географиялык жактан алганда да тогуз жолдун тоомунда жайгашып, климаты таза, суусу тунук сонун жер. Ушундай шаарда жашаганга калаа башчысы катары эмес, калаа тургуну катары мен да, сиз да, баарыбыз сыймыктанышыбыз керек.
Мен дайыма айтып жүрөм, Ош шаарын Орто Азия чөлкөмүндөгү маданий, экономикалык борбор шаарга айлантуу аракетин көрүшүбүз керек. Туура, бир жылда болуп кетпейт. Ар бирибиз өзүбүздүн салымыбызды кошуп бара берсек, Оштун келечеги кеӊ. Буюрса, Ош шаарынын дүйнө суктана турган кооз, коопсуз, элдин турмушу жакшырган шаарга айланарына тереӊ ишенем.

«КЫЯМАТТЫК ДОСТОРУМ БАР»
– Кудайга шүгүр, кыяматтык досторум бар. Алар менен чогуу кыйынчылыктарды өткөрдүк, бирге ийгиликтерге жетиштик дегендей. Бирок, албетте, арасында ар түрдүү мүнөздөгүсү болот, керек учурда, кыйын кырдаалда тескери карап кеткен достор деле болгон. Анткен менен пендебиз да, ар бирине жакшылык гана каалайм.

«ЖУРНАЛИСТТЕРДЕН КАЧЫП ЭМНЕ ТАБАМ?»
– Кээ бир чиновниктерден журналисттер жаа бою качат, кээ бирине имериле беришет, айрымдарын талкалап-сындап эле жатып калышат. Байкашымча, сиз ЖМК өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууну жактаган жетекчи окшойсуз...
– Журналисттер – коомдун күзгүсү. Алар жашоо-турмуштагы көйгөйлүү маселелерди чагылдырып, чечкенге салымы зор. Алардан качып эмне табам? Жашырынбайм да, эшигим жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык. Мэрлик кызматка киришер алдында үч принцибимди ачык айткам. Алар: мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана эл менен бирге болуу. Эгер мыйзамдуулук орнобосо, ачык-айкындуулук болбосо, эл менен бирге болуп, алардын маселелери менен жакындан таанышпасам Ош шаарын 2017-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча программам ишке ашпай калат. Алып чыккан программанын негизги максаттарынын бири – коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук жашоодо деспоттук көрүнүштөрдүн, акыйкатсыздыктын алдын алуу жана болтурбоо, шаар чарбасын башкарууга жана шаардык чөйрөнү калыптандырууга шаардыктарды активдүү катыштыруу. Ошон үчүн журналисттерге, дегеле калаа тургундарына эшигим ачык. Бир нерсени белгилеп коюшум керек, мен жалган маалымат таратып, өзүмдү ашкере мактоону жактырбайм.

Бурул Исмаилова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
22.12.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун мактаган башка соз айтпаптырго )))
22.12.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мелис Мырзакматов гулдотуп койсо, артынан мактана бербегилечи.
22.12.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айтмамат ошто турганда ош гулдоп кетишине мен ишенбейм!
22.12.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулдойбу артка кетеби коро жатарбыз.
22.12.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ишинизге ийгилик каалайм бирок ошто светти очуро бергенинер жакпады тунку саат 12 ден ерте мененки саат 6 га чейин очот екен Бишкектен Ошко кичинекей 9 айлык кызым менен бардым еле ата-енемдин уйуно аябай кыйналдым туну свет жок шам менен барибир кыйналат екенсин 5 кун аран еле турдум менден башка канчалаган кичинекей балдары бар енелер бар ошолорго еле кыйын,жогору жактагылар чечсе болмок ушуну озубуз тоолу мекенбиз сууларыбыз бар дагы суунун колому азайды тиги ГЕС де дейсинер ех силерди
23.12.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmilantka, Oyunuzga koshulam, birok siz shaardyn chetiraagyna bargan okshoysuz. Misaly domdordo keede avariyada ochushu mumkun. Bolboso ech ochkon jok men jashagan domdo
22.12.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул киши эч кимге кызык деле эмеско? Мэрликтен кетип калса жакшы болмок илтей албагандан кийин.
23.12.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озун мактаган адамдан олгончо кач деген соз барго Айтмаматтан кач болуптурго
23.12.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жонокой адам экени анык. Дайыма эл менен журот. мелисинерге окшоп арзан пиарлабап озун пайгамбар элестетпейт, ушул бир чындык. пиарщиктери азыр да терс пикирлерди жазып отурасынар.
23.12.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pirim77, сен кардай адамсын билбейм Мырзакматовду билбей туруп аренрсени суйлогон адамдардан экенсин Мырзакматов кылганды азыркылар бирида кылганда эмес кыла алышпайт дагы ким кандай экенин эл билет азыркы мэр кыйын болсо эмнеге шайланган куну элдин алдына чыга алган жок? ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 23.12.2014 15:16
23.12.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aitmat, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
23.12.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы мэр жонундо кеп болду дегиче мурунку мердин окул балдары - жалан жалган ушакчу беш ордок учурмай арзан журналисттери шывап киришкени туура эмес. уялгыла элге жузунор ачылып бутту
23.12.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким кандай экенин убакыт коргозоор. Ош шаары гулдоп онуго бер! Эн сонун издер калды сенде Ош шаары.
23.12.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинер телефондон жазыватканыма байланыштуу тамгалардан катачылыктар кетип калды кароче тушунуп аласынар
23.12.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнону коюп Кыргызстан эли суктанаарлык эле шаар кылгылачы биринчи

23.12.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балалык кез сенде калды кадырлуу калаам. Оштун онугушуно баарыбыз салым кошолу деген жери жакты. келгиле чын эле кыргызстанды онуктуролу
23.12.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт корсотот
24.12.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ош шаары айтмаматтын туушунда эч качан онукпойт кепилдик берем.мырзакматовдун убагында Ош озунчо бир суктанаарлык еле кундон кунго шаарыбыз корктонуп бараткан.азыр болсо копуробуз дагы деле жатат казып койуп еле 40млн акча кетти уже дешип.
24.12.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы суйлоптур ак адам деп ишенебиз сизге. Болду эми Мырзакматов жонундо айтпагылачы. Ал кундор отту, кетти, эми келечекти карашыбыз керек, ушул мэр менен. Ишинизге ийгилик, жакшы иштениз, и ошту онуктурунуз. Анан албетте, озбектерди, ордуна коюп турунуз.
24.12.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
crishti_7, сиз емне деп жатасыз кеп суйлогондо емес ишти аткара билгенде мындай созду менделе суйлой аламын жана да балдан ширин кылып. мырзакматов келет жана кыргызстанды онуктурот
24.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай созду жыйырма жылдан бери уга берип,эл чарчады.
24.12.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы жакшы тарбия берген экен,жалган суйлобо деп.Атанын парзын аткарган киши саясатка кирбеш керек болчу.кирген адам жалган суйлошот.
25.12.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенбейм ошту өнүктүрөөрүнө,мэр болуп келгенден кийин бир жакшы ишин көрбөдүм кроме райондогу скуверди эске албаганда,наоборот мелис мер болуп турганда шаарыбыз таптаза эле, а азырчы таштандылар толтура.
25.12.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси мыкты кишилер болчу. Атанызды тартсаныз кем болбойсуз урматтуу мэр. кара-суу эли билет сиздин карапайым жонокой инсан экенинизди.
25.12.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы ишти кылды дейсинер. Корбой жатасынарбы шаардын тазалыгын. 3 жатакана жылуулук борборуна туташтырылып, 37 коп кабатту уй да борбордук жылуулукка улаштырылып, 24 жылдан бери суу чыкпаган жерге суу чыгарылып каралбай калган парк курулуп сулайман тоо, шаардын кен кочолору жарыктандырылып оорукана балдар бакчасы мектепке кошумча иарат курулуп суу тосмолору электр чубалгылар орнотулганын. кир жуугуч муздаткыч чыгара турган ишкана Кыргызстанда ошто гана ачылганын. мунун баары ушул кишинин иши
25.12.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку мэр чала кылып тыштап кеткен эстакадный мостту курдурттуп атат. ошол ХХХ ХХХ айынан шаарда жол тыгыны, авариялар болуп жатканы. мамлекетке ири олчомдо зыян келтиргени мн ишинер жок мактайсынар эле экс мэрди. Пайгамбар сезип хан элестетчу эле озун эгер жебесе интерпол аркылуу издетпей келип жегенин куссун.
Модератор admin_superstan түзөттү 25.12.2014 13:26
25.12.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Брэд, этика нормаларын сактаңыз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
26.12.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жакшы иштеген элге кызмат кылгандарды түшүрүп, болбогон иштерди моюнуна илип интерпол менен издетишет да, кыргызстанла таза эмес жеп ичип иштегендерди жакшы корушот, Ош тополтнунан кийин күлгө айланган ошту Гүлгө айланткан Мэрди жаман көрөсүнөр, Мелис Ош шаарынын эсинен кетбей турган МЭР эле, эч ким андай иштей албайт эми!!!
26.12.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында мырзакматовдой эчким иштей албайт,бизде кыргыздарда каныбызга синиб калган илгертен коро албастык. Мисал тарыхды караб корсонор болот.бул мер чындыгында жогору жакдан койулду. Эгерде элим дегенде элдин астына чыгыш керек эле...
27.12.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелистей эч Ким боло албайт. Коогаландан кийин Ошту гулдотту эле бийликтин айткан рахматы ошол болду. Мелис жеди бирок элге да берди. Азыркылар биринчи жеп алып анан Эдди эстешет бирок элге беришпейт. Мен бул адамга ишенбедим . мен ошто жук которгуч кран менен иштечумун Мелис ОЗУ келип карап турчу туну да иштейт элек ошондо да мен мэр элем дебестен бизге жардамдашып лом менен жылдырышып ОЗУ тердеп тепчип тан атканча жардамдашкан. Азыр кайсы мэр колуна лом кармап иштейт айткылачы?
27.12.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi, баардык созунузго кошулам
28.12.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мендагыTitiге кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо