МИНИСТРЛЕР АЛМАШТЫ

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Өткөн аптада эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен билим берүү жана илим министри Канат Садыков кызматтарынан бошотулушту. Алиясбек Алымкуловдун жүрүм-туруму, мурунку ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен кайым айтышы коомчулукта талкуу жаратып, "миграция, жумушсуздук маселелерин чечүүгө аракеттер жок, дегеле бул министрликтин кереги барбы? Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин мурунку структурага кайтаруу керек" деген пикирлер байма-бай айтылып келет.
Канат Садыковдун башына кара булут пайда болгонуна да көп болду. Ал 4 жылдан бери 4 ирет коалициялык көпчүлүк урап, 4 ирет жаӊы өкмөт курамы түзүлсө да “алмашкыс” министр болуп келе жаткан. Баш прокуратура Жоомарт Оторбаевден Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу министр Канат Садыковдун кызматына татыктуу, татыктуу эместигин кароону өтүнгөн эле. Мындай жагдайлар жогорудагы эки азаматтын кызматтан шыпырылышына алып келди.
Канчалык катачылыктар кетпесин, канчалык коомчулуктун сынына кабылбасын бизде чиновниктер бир кызматтан бошоп, эртеси кайра башка кызматка келе бериши мүмкүн. Алыс кетпей Саламаттыкты сактоо министрлигинен бошоп, Улуттук госпиталга башкы дарыгер болуп барган Динара
Сагинбаеваны
эле мисал келтирүүгө болот. Ал эми Канат Садыков боюнча “Улуттук университетке ректорлукка барат” деген кеп-сөз айтылууда.
Бош калган министрлик орундарды толуктоо боюнча КСДП фракциясы активдүүлүгүн көрсөтө алды. Дегенибиз, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине талапкерликке фракциялаштары Данияр Тербишалиевди сүрөп чыгышып, бирок ал баш тартып койду. Мындай милдетти депутат Ирина Карамушкина деле алып кете аларын айтышты. Депутат айым: “бул кызматка келүүгө жеке каалоом жок, бирок партия талап кылса иштеп берем”,- деди. Буга катар эле аталган кызматка журналист Жанар Акаевдин, учурунда Алиясбек Алымкуловго жардамчы катары иштеген Төлөн Усупбаевдин жана Эдил Байсаловдун да талапкерлиги каралууда.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине учурдагы вице-премьер Эльвира Сариева сунушталып, Жогорку Кеӊештин 73 депутаты анын талапкерлигин жактырды. Социалдык блокко жетекчилик кылып жаткан Сариева мындай сунушту кызматтан төмөндөө катары кабыл албай турганын, тескерисинче, ой-максатты бир багытка топтоп иштөөгө мүмкүнчүлүк болорун билдирди. Вице-премьерликке КСДП депутат Дамира Ниязалиеваны сунуштоодо.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
22.12.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умут кылалы жакшы иштешсин
23.12.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар Акаев тынч эле отура берсе болмок... эгер министр боло турган болсо анда коррупция гулдоп турганы.хотя к чему удивляться.
Его уважаю как журналиста.но ему далеко до министра. Он должен проработать в руководящей должности как минимум 5 лет
24.12.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azura, жаштарга орун бергиле деп кыйкырабыз, минтип жаштар министр болсун дешсе каршы болобуз, кыргыздар казандан чыкпай бири-бирибизди буттан тарта беребизби?
23.12.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигининтаптакыр эле жоюп койсо болмок эмне кереги бар жон эле орун ээлеп олтурушат.Киши барса кабыл алып тушундургонду билишпейт.Карапайым адамдар барса мыйыгынан кулушуп шылдын кылгандары корунуп турат.Ары бери чуркаткандан болок жумуштары жок
23.12.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ministr almashty summa (sapat) ozgorgon jok jana ozgorboit
24.12.2014. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Если жанар барса ушул должностько ишенем все таки кыргызстанда кичине онугуу жаштарга орун беруу бар экенине.
24.12.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат деген ушу. Министрлер алмаша беришет,алмаша беришет бирок элге пайда жок.
24.12.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СДПК Жанарды койгондон коркот, озунун тымпыйган баласын койсо айтканынан чыкпай иштеп берет. Бирок Асыранкулов айыл окмоту болуп жакшы иштей алган эмес.
26.12.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай тажатышты!!!Элим быт чыт болуп бодонону боло,таранчыны тага деп кун коруп келе жатабыз.Кандай ойлонушпайт,канткенде базарда тонуп чай сатып,жонуна кап которуп нан ташып,суукта титиреп банан которуп жургон апаларды корсом журогум ооруйт.Кайран кыргызым,Кудайым бизге ырайымдуу,Падышачылыка майланган элге куйумдуу кыргызым журогу менен колдогон бир патриот жигит болсо сонун болмок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо