КАДЫРАЛИЕВ КАРМАТПАЙ ЖАТАТ

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

“Издөөгө жарыяланган Канжар Кадыралиев ээн-эркин Куршабда сайрандап жүрөт”,- деген билдирүүнү Канжар Кадыралиевден жапа чеккенин айтып укук коргоо органдарына арыз жазган Келдибаевдердин үй-бүлөсү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Канжар Кадыралиев аларга телефон чалып, оорукчан балдары барын айтып, кечирим сурап жатат. Бирок эмнегедир эле аны милиция кызматкерлери таба албай жатышат. 19-ноябрдан бери бул адамды издеп, таппай жатканы милиция кызматкерлеринин шалаакылыгыбы же "карга карганын көзүн чукубайт" түшүнүгү себеп болуп жатабы? Ош облустук ички иштер башкармалыгынан: "Милиция издебей жатат" деген сөздөр туура эмес, аны табуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө, бирок дайыны жок. Канжар Кадыралиевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча чек ара кызматында маалымат жок. Башка бирөөнүн ысымы менен чек арадан мыйзамсыз өтүп кетиши мүмкүн деген божомол бар. Ошондуктан Интерполго кайрылып, материалдарды жөнөттүк”,- деп билдиришти.
Эске салсак, Өзгөн районунда жашаган Сактан Келдибаев аттуу ишкердин туугандары Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтып, арыз жазышкан. Анын артынан Абдиматалип Бекташев аттуу адам Кадыралиев коркутуу жолу менен анын ижарага алып жүргөн жер тилкесин тартып алганы жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Буга катар 2010-жылы каза тапкан “Чёрный Айбек” лакап аты бар криминалдык авторитет Айбек Мирсидиковдун апасы да милицияга кайрылып, Канжар Кадыралиев анын уулунун 25 жылкысын айдап кетип, акысын бербей койгону боюнча арызданган. Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун негизинде Канжар Кыдыралиев Ош шаардык прокуратурасындагы ээлеген кызматынан бошотулган. Жалпы жонунан Канжар Кадыралиевдин үстүнөн 6 арыз түшкөнү айтылууда.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
22.12.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек арадан чыгып кети деген маалмат жок болсо демек кыргызстанда болотда))))
22.12.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасынан сурашыптырбы? анан кийин айтып чыгат уйдо чай ичип ортурдук деп.
22.12.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куч органдары мандайында турганды кармай алышпаса анда билбейм. Тартип болбой калды го бизде.
22.12.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тура карга карганын козун чукубайтда азыр акчанболсо баарын сатып алсан болот.
22.12.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мышык чычкан ойномой дагы башталдыбы?
23.12.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал деген кыйында. Ал спальныйда эле жатат. Бирок таппайсынар.
23.12.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага демократия....
24.12.2014. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канжарды го таппай жатабыз деп шылтоо айтып жатышат. Камактагы адамды чыгарып качырып жиберип атышпайбы,бул емне болуп калыптыр.
24.12.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kytaida bolgondo it katary atyp salmak.
24.12.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келдибаевтер,эч кимди жыргатпайт. Канжардын кылганы чын болсо туура эле кылган
26.12.2014. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 арыз кызык аз убакытта эле 6арыз тушсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо