КЫРГЫЗСТАНГА ОӉ РУЛДУУ УНААЛАР КИРБЕЙ КАЛАБЫ?

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 16-декабрдагы отурумунда оӊ рулдуу автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты. Эми ал жалпы жыйында каралат.
Ал эми Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко: "2015-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга оӊ рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынат",- деп ишенимдүү билдирүүдө. Ал 2016-жылдан тарта оӊ рулдуу унааларды коммерциялык багытта пайдаланууга да чектөө коюларын айтты. Бирок өлкөбүздөгү оӊ рулдуу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынбайт.
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында оӊ рулдуу унааларды сол рулдуу кылып жасап чыгуу керек деген демилге колдоого алынган жок. Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин өкүлү “рулду бир тарабынан экинчи тарабына которууда бир катар механизмдер бар. Ал иш бизге туура келбейт. Бул нерсе жол кырсыгын 2 эсеге жогорулатып жибериши мүмкүн”,- деп билдирди. Бирок жол кырсыктарынын көп болушуна рулдун кайсы тарапта экендигинен мурун МАИчилердин мас айдоочулардан пара алып коё берип, айдоочулук күбөлүктү саткан фактылары, өлкөбүздөгү айдоо маданиятынын дээрлик жоктугу себеп болуп жаткандыгына тиешелүү мекемелер анчейин көӊүл бөлбөй жатышат.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
22.12.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Унаалардын рулуна эмес рулда олтурган айдоочулардын сапатына караш керек.
22.12.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
22.12.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олчойгон креслодо олтуруп алып айдоочулук куболукту саттуу кимге жакпасын? Баарына жагат. Ошондуктан алар кирешелуу тармака анча конул бурушпайта. Бул жаны закон капчыгы жука элибизге жаман таасир этет.
22.12.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба бул закондун кереги жок эле,айдай алган адамга айырмасы жок
23.12.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи левый руль кылыш керек унааларды, эмне дегенде азыр правый рулга караганда левый рулдагы унаалар коп болуп жатат. Азыр правый рульда кымбат баалуу машинелер менен СССРдин заманынан калган унаалар эле калган болуш керек
23.12.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рульдан эмес айдагандан
23.12.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеп он рул сол рулда эмес,машинаны айдай билген эрежени сактаган адамга рулу артында болгон машинаны берсен да айдай берет,азыр айдоочуларда бири бирин сыйлоо деген жок,машинасынын тумшугу эле батса болду жоолоп жонойт,менден мурда бул машина отуш керек эле деген ойду такыр эле унутуп койгон
24.12.2014. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76,
эн туура жазылган комент. болуптур!!! +5
24.12.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрежени жана айдоосулар машинанын суммасына эме эрежеге карап айдаса ок болмок. негизи сый жок
24.12.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орок оро албаган,орок тандайт.
25.12.2014. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок он рулду абдан эле ынгайсыз го менимче.
26.12.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут эле он рулга шылтап салышты, коро жатарбыз эми кандай болот... лада калиналарды айдап калат турбайызбы
26.12.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
правый рулдар керек эмес кыргызстанга алып салыш керек негиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо