№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
23-декабрь күнү Москвада Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча келишимге кол коюлду. Келишимди Жогорку Кеӊеш ратификациялаган соӊ ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.
«БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ БАШКА АЛЬТЕРНАТИВА ЖОК»
Адегенде 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча аракеттерди баштоо чечими кабыл алынган. 2014-жылдын 29-майында Бажы союзунун базасында түптөлгөн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча Кыргызстандын арызы кабыл алынган болчу.
Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдын 9-майынан баштап Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим толук кандуу иштей баштаарын белгиледи. Дал ушул датадан тартып бардык тоскоолдуктар алынып салынат. Буга чейин айтылгандай, биримдикке кирүү процессинде Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу үчүн атайын түзүлгөн фондго Орусия 1 миллиард доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Анын 100 миллион доллары ушул жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга которулат.
«Кыргызстан аталган биримдикке кирүү менен жоготконунан көбүрөөк табат, өлкөбүздүн бул кадамга карата башка альтернативасы жок»,- деди мамлекет башчы. Эске салсак, Кыргызстандагы товар жүгүртүүнүн 40 пайыздан ашууну Орусия жана Казакстанга туура келет.
КЫРГЫЗСТАНДЫН УТУШУ ЭМНЕДЕ?
Бийлик «Кыргызстан Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениядан турган биримдикке кирүү менен өнөр жайы жанданып, коӊшу өлкөлөр менен болгон чек аралар ачылып, элдин жашоо деӊгээли жакшырат» дейт. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Евразиялык экономикалык союзда 4 эркиндик болот. Алар: капитал, товар, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстары кыймылынын эркиндиги. «Биринчи кезекте кыргызстандык эмгек мигранттар утат, алар Евразиялык экономикалык союздун аймагында эркин жүрүү укугун алышат. Экинчиден, Казакстан менен Орусиянын базарларына продукциясын ташыган кыргызстандык ишкерлер жеӊиште болот»,- деди Темир Сариев.
КЫРГЫЗСТАН КАНДАЙ ЗЫЯН ТАРТАТ?
Өлкөнүн Бажы союзга кирүүсүнө каршы чыккандар да көп. Алар ар кандай нааразычылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Каршы тараптын башкы аргументи – Кыргызстан көбүрөөк импортко көз каранды өлкө, аталган союзга киргенден кийин бажы төлөмдөрү жогорулай тургандыгына байланыштуу импорттолуп келген товарлардын баасы көтөрүлүп, кымбатчылык башталат. Алар «Кыргызстан жакшысы Кытай менен, дегеле бардык өлкөлөр менен алака-катышты күчөтүп, баары менен иштешкени оӊ» дешет. Кымбаттоо качып кутулбай турган көрүнүш экенин Экономика министрлиги деле моюнга алды жана Казакстан, Орусия, Беларусь жана Армениядан башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарлардын баасы көтөрүлөт деди.
Контраргументтердин сап башында – Бажы союздун экономикалык эмес, саясий долбоор деп аталуусу болду. «Кыргызстандын көз карандысыздыгы чектелип, Кремлдин көзүн карап калуу күчөйт» дешет бул топтогулар.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы тараптагылар «Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү керекпи-жокпу» деген маселенин өзү парламентте каралбагандыгына нааразы.
Мирлан Өмүралиев
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |