ОШ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ГАЗ МЕНЕН ТОСОТ

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

30-декабрдан тартып Кыргызстандын түштүк аймагына газ бериле баштады. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди. Маалыматка караганда, «Газпром Кыргызстан» 2015-жылга карата жаратылыш газын ташуу боюнча «Gazprom Schweiz AG» компаниясы менен келишимге кол койгон. Аталган компания «Газпром» холдингинин курамына кирет жана Борбордук Азиядан Европага жаратылыш газды ташуу жана сатуу иштери үчүн жооп берет. Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жана «Газпром» компаниясы бир канча жолу өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жургүзгөн. Бул жолугушуулардын жыйынтыгында Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүү чечими кабыл алынган.
Келишимдин шарттарына ылайык, 2014-жылдын 30-декабрынан баштап өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарга газ берүү калыбына келтирилди. Ош шаардык мэриясы газ түтүктөрүн текшерүү, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көгүлтүр от 30-декабрь кечке маал бериле баштаарын билдирди. Көгүлтүр оттун тарифи да өлкөнүн түндүк аймагындагы баанын деңгээлинде бекитилет. 2014-жылдын декабрь айындагы тариф калк үчүн 1 метр кубуна 13 сом 54 тыйынды түзгөн. Өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдарга 1 метр куб газдын баасы 16 сом 30 тыйын деп бекитилген.  
Эске салсак, Өзбекстан 2014-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтоткон болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
05.01.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охооо жакшы болуптур
05.01.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле бере элек
05.01.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээ,уже 5 января, газ жок дагы деле.
06.01.2015. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне еле пададан алдын чан чыгарышыпатат газ жок болсо,,,,,,,,,,,,,.
06.01.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Подхалимдер
07.01.2015. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тээ алыскы Лейлек районунун Акарык айылынын дет.садиги тазалык боюнча 1-орунду алганда чондор куттуктап келип, компьютер белек кылышыптыр да видеого тартып телевизорго чыгарыптыр да кайта компту унчукпай которуп кетип калыптыр. Эми ушуга кандай карайсынар. Булар алдамчылар да.
07.01.2015. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдамчы чондор
09.01.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы газ--? жок газ пока бере элек бугун 9.01.2015
10.01.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа да жок го
10.01.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондор баарын таеквондодо машыгышат. Ошол учун кулакка да жакшы тебишет.
11.01.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОШто ХБК к-н дагы деле газ жок. Бугун 11-январь
13.01.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдашты,келген жок газ,калпле жакшы корунуп элге,газ бердик деп мактанышып,Жаны жылды Оштун эли газ менен эмнс,печка,плитка очок менен тосту))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо