КИЙИМДИН БИТИНЕН ИЧ КЕЛТЕ ООРУСУ ЖУГАТ

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Адамдын бити таракан, бүргө сымал эле атам замандан бери жашап келе жаткан жандык. Мындан 5,5 миллион жыл мурун жаралган деген маалыматтар бар. Мисирде, Перуда табылган байыркы мумиялардан кургап, катып калган биттер табылган. Биттин кандай түрлөрү бар? Алардан оору жугабы? Кантип кутулууга болот?

КӨЗҮ ЖОК, 1 АЙ ГАНА ЖАШООЧУ МИТЕ
Адамдын бити (латынча «рediculus humanus») – кан соруучу, ээсинин эсебинен жашоочу мите жаныбар. Ургаачылары эркегине караганда чоӊураак келет. Биттердин көбүнүн көзү болбойт, эгер болсо да көз ордуна пигменттүү тактар (өнүкпөгөн көздөр) жайгашат. Андыктан алар жыт сезүүсү менен айлана-чөйрөсүн баамдап кыймылдайт, жылат. Жытты мурутчалары менен аныктайт. Биттер күнүгө 2-4 ирет "тамактанат". Ургаачысы бир соргондо 1 миллиграммга, ал эми эркеги 0,5 миллиграммга чейин кан сорот. Тамактануусу 3-10 мүнөткө чейин созулат. Кан соргондо шилекейи кандын уюшуна тоскоолдук кылып, курмандыгынын терисин дүүлүктүрүп, кычыштырат.
Жашоосунун узактыгы максимум 30-38 күн. Сиркелер +36 градуста 4-8 күндө, +23 градуста 16 күндө өсүп, жетилип калат. Ургаачысы күнүгө 10го чейин жумуртка (сирке) тууп, аларды чачтын түбүнө же кийимдин тигишине денесинде иштеп чыгарган жабышкак зат менен жабыштырат. Бир ургаачы бит өмүрүндө 200-250 сирке таштаганга жетишет.
Биттер азыктанбай 2-4 күн жашай алышат. Адамдын бити адамда гана жашайт.

ЧАЧТЫН, КИЙИМДИН, ЖУКА ЧУРАЙДЫН ӨЗҮНҮН БИТТЕРИ БОЛОТ
Адамдын бити 3 түргө бөлүнөт: чачтын, кийимдин жана жука чурайдын бити. Баштагы бит чачтын түбүнө, кийимдин бити көбүнчө кийимдин тигишине, бүгүшүнө, ал эми жука чурайдын бити (чат) түктөрдүн түбүнө 3 жуп буту менен бекем жабышып алып, жашоо кечиришет. Чачтын битинин узундугу 4 миллиметрге, кийимдики 4,7, ал эми жука чурайдыкы 3 миллиметрге чейин жетет. Кээде мындан да көлөмү чоӊдорун кездештирүүгө болот.
Денеде биттер көп болсо, адам алардын чаккан жерин тырмай берип, канталатып жара кылып жиберүүсү да мүмкүн. Баштын жана жука чурайдын битинен оору жукпайт. Ал эми кийимдин бити ич келте оорусун алып жүрүүчүлөргө кирет. Алар ич келте менен ооруган адамдын канын соруу менен, ооруну алып жүрүүчүлөргө айланышат. Бирок ооруну кан соргондогу шилекейи менен жуктурушпайт. Кан менен кошо кирген ич келтенин оору козгогучтары биттин ичегисинде жашап, анан биттин заӊы менен сыртка чыгат. Оору ошол заӊдар бит чаккандан канталаган жарага же тытылган, сыйрылган жерге сүрүлгөндөн улам жугат. Оору козгогуч канга өтүп, оору жаралат.
Ич келте ачарчылык, табигый кырсыктар жана согуш кездеринде жөнөкөй эле санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбагандыктан эпидемияга айланып турган. Учурда аталган оору жаӊыдан өнүгүп келе жаткан, жашоо деӊгээли төмөн айрым өлкөлөрдө кездешет.

БАЛА БАКЧАДАН, ЛАГЕРДЕН КӨП ЖУГАТ
Бит бала бакчада орун жетишпей балдардын чогуу жатканынан, лагерде жана жатаканада, жатак-мектептерде достордун кучакташып уктоо адатынан, анан гигиеналык-санитардык эрежелер сакталбаган үйлөрдөн, конок үйлөрдөн, поездден көп жугат. Адамдан адамга колдонгон буюмдары, мисалы, тарак, баш кийим, шейшеп, сүлгү, кийим, төшөнчү-орун аркылуу жугат.
Биттеп кетүү, бит басуу педикулёз деп аталат.

КАНТИП АРЫЛУУГА БОЛОТ?
Баштын битинен. Шампундардан паранит, анти-бит, педилин, хигия, веда-2, аэрозолдон пара плюс колдонулат. Ниттифор крем-лосьону, медифокс аралашмасы, никс креми да жакшы жардам берет.
Шампунь, аэрозолдор бит, сиркелерди өлтүргөнү менен, аларды чачтан чыгаруу кыйын. Андыктан алардан арылуу үчүн тиши жыш жана майда келген тарактар менен тароо, тырмак менен сыдырып чыгуу керек.
Элдик медицинада колдонулган өсүмдүктөрдүн кайнатмасын, зайтун майын, керосин, бит дары (дуст), лаванданын эфир майы дегендерди колдонууга врачтар тыюу салат. «Алардан жардам жок, анын үстүнө керосин, бит дары деген уулуу» дешет.
Кийим битинен. Албетте, кийим, шейшептерди, сүлгүлөрдү ысык сууда кайнатуу, күн тийген жерге шамалдатып жаюу, кийимдердин ар бир тигиш, бүктөмдөрүн ысык үтүк менен үтүктөө керек. Мындан тышкары атайын каражаттар да бар. Мисалы, кийим, шейшептерди чылап жуучуларга: акромед, авицин, чистотел, форсайт-антивошь кирет. Аэрозолдон а-пар колдонулат.
Жука чурай битинен. Буларды кетирүү үчүн түктөрдү улам-улам кырып туруу зарыл. Биттерди жок кылууда спрей-пакс аэрозолу, нитилон жана лонцид лосьону, антиэнтом самыны жана башкалар колдонулат.
Эскертүү! Биттердин түрүнөн кутулуу үчүн колдонулган каражаттардын көпчүлүгү кош бойлууларга, бала эмизгендерге, астма, аллергия жана тери оорусу менен ооругандарга, кичине балдарга (көбүнчө 2 жашка чейинкилерге) каршы таасир берет. Андыктан сөзсүз врач менен кеӊешип, анан колдонуӊуздар!

БИТ САРЫКТЫ АЙЫКТЫРБАЙТ!
"Сарык менен ооруганда битти тирүү жедириш керек деген туура эмес нерсе. Бул илгери медицина өнүгө электеги эски түшүнүк. Мүмкүн, кимдир бирөө биттен акча табуу максатында ойлоп чыгаргандыр?! Анткени бит ашказанга барып түшкөндө ашказандагы туз кычкылынын таасиринен улам өлөт. Анан кайдан ал өлгөн бит сарыкты айыктырсын?!" дешет гепатологдор.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Жыныстык катнаштан да бит жугабы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
10.01.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгертеден бит ырыскы алып келет деп айтып коюшчу, айылдан дерматологу жок эле биттерди жок кылчубуз, анан сарык оорусуна жардам берээрине ишенем, илимий жактан тастыкталбаган канча элдик медицина ар турдуу ооруларга жардам берип атат.
SUPER.KG видео
10.01.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох ий денем дуркуроп кеттиго.
SUPER.KG видео
11.01.2015. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Денем кыбырап олдум кичинемде садиктен бит жугузуп келип битеп эле басып журот элем жашырганда эмне олло битейт элем апам байкуш айласы кеткенде басакалып чачымы кырып салат эле.
SUPER.KG видео
11.01.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин сарык болгом эч айыкпай койгом болнитцага коп жаткам! Анан ушул битен айыкам!Жетти бит жегем айранга кошуп беришиптир!мен азыр айыкам!Жардам берет бит!
SUPER.KG видео
11.01.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаат!!!! Керектүү кеңеш экен
SUPER.KG видео
12.01.2015. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Битти!Билбедим! Бирок Москвадагы батирдегии "клооп" деген нерсе абдаан!Коркунучтуу!!!
12.01.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корунушу эле дененди дуркурототко
SUPER.KG видео
12.01.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Битти Айнура Сагынбаева деген дерматолог да билбейт окшойт,корсотуп жаткандар бит эмес клоп же мал кене экен го.Битти мына биз билебиз илгери биз биттегенде,биттер бизди тан атканча бир метр ашык жаткан тошоктон суйроп кетээр эле.Чынында Айнура айым шаарда осуп чонойсо битти билбейт да.Азыр бит жоголду мобилдик телефон чыкканы биттер адамга жолобой калды.Бит азыр жок болуп жатат,сарыка дары имиш,азыр бир биттин баасы 5300 сом болуп жатат бир койдун эле баасы.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул врачка караганда кочологу биттеген бомж тушунуктуу кылып айтат анткени ал бит менен чогуу жашайт жон эле бирдени суйлоп койду интернеттен окуган ошону дооруп кыргызча чала була тушундурумуш болду
SUPER.KG видео
13.01.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bilgenden bitti taza emes adam ele bittei degen tuura emes,bolboso nemister myncha bittebesh kerek ele deim,bul jakta sadkite mektepte ishtep bittegen baldardy ene atalardy kop keziktirgem,ii bittegen ujat emes men bashynda tyrkyldap kulchumun bittep atababyz deshe azyr kulgonum uchun ujalam .
SUPER.KG видео
13.01.2015. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili.капа болбонуз)) абдан ката жазат екенсиз,бироолор м-н ой болушоордо катанызды ондоп анан жазыныз.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай супер инфо адаштынар бул бит эмес бул кене денеге жабашып кан сорот
SUPER.KG видео
14.01.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
chicago14,
Сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүз.
Модератор admin_media түзөттү 15.01.2015 10:07
SUPER.KG видео
14.01.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Битке очошуп, кийиминди орттобо. Макал.
14.01.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
итиркейим келип кетти... азыр биттеген киши жок го..
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинемде биттен арылчу эмесмин. Самынга аран жетсек кундо жуунмай кайдан. Уйдо коп бала болгондуктан бири бирибизге жуктура берсек керек. Бош болсок эле бири бирибиздин баштарыбызды карап отурчук. Апам аябай кучоп кеткенде керосин суйкоп туруп чачтарыбызды сиркеден тазалачу.
Мен Германиядан бала бакчадан балдарынарды текшергиле бир баладан табылды дегенин окуп алып аа кундо жуунган буларда деле бар тура деп кулгом. 2012 жылы кг барсам Бишкекти кантала каптап атыптыр.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Синдимдин квартирасында толтура экен. Алар мебелдин кычыктарына жабышып алып кечинде чыгышат экен. Уйго келип чемодандарымды балконго чыгарып алып бирден карап анан уйго киргизгем. Кудай жалгап таза калыптырбыз.
15.01.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча коркунчтуу биттер.
15.01.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кызыктай болуп кеттим.
18.01.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий дегенем кытышса суротту элестетип итиркейим келип кызыктай болуп атам, Кудай сактасын эми биттен
SUPER.KG видео
17.02.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы ай талашпай,врач туура эле айтат, бирок бул бит эмес эле тир шумдук го,мен битти корбосом дагы булар бит экенине ишенбей турам.
SUPER.KG видео
15.04.2015. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:D:DАййй супер инфоооо таппаган теманар жокко, чиркин. теманы окуп аябай кулдум))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо