ДОЛЛАРДЫН БААСЫ КАЙРАДАН 60 СОМГО ЖАКЫНДАДЫ

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Доллардын курсу жаӊы жыл жаӊырары менен кайрадан көтөрүлө баштады. 8-январга карата АКШ валютасынын баасы Бишкек шаарынын акча алмаштыруучу жайларында сатып алууда 58 сом 60 тыйын болсо, сатууда 59 сом 40 тыйынды түздү. Айрым акча алмаштыруучу жайларда долларды сатуу 59 сом 80 тыйынга чейин жетти. Ал эми 5-январь күнү доллардын сатыктагы баасы 60 сомду чапчып турду. Улуттук банк сомдун курсун колдоо максатында 2014-жылдын 30-декабрь күнү 5 миллион долларга жеткен валюталык интервенция жүргүзгөн. Баш-аягы өткөн жылы Улуттук банк валюталык рынокко 500 миллиондон ашуун доллар сатты.
Ал ортодо рублдун курсу сомдон ылдый болуп, 8-январга карата анын баасы сатып алууда 85 тыйын, сатууда 1 сомду түздү. Дүйнөлүк рынокто нефти баасынын арзандап жатканына байланыштуу Орусиянын өзүндө да акыркы күндөрү доллардын баасы кайрадан жогорулай баштады. Жаӊы жылдык жана Рождество майрамдарына карата Орусиянын банкы доллардын расмий курсун 56 рубль деп бекиткен, ал эми 6-январь күнү аталган өлкөдө доллардын курсу 64 рублга чейин көтөрүлдү.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
12.01.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун дуйнолук рынокто нефттинин арзандашы менен Кыргызстан пайдаланып калбайт? Же бир гана Россиянын оозуна карап олтура береби? Нефттинин арзандашы менен Япония, Китай, Корея олколору эле пайдаланып калат. Озубуздун коншу олко Казакстанды эле айталы. Аларда бензин аи 92 маркасындагы 1 литр бензин 115 тенге болчу. Кийинчерек доллар алардада которулуп дефольт жарыялап, бензиндин баасы 128 тенгеге которулду.
12.01.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз гана убакыт отуп дейнолук нефттинин барельи тушо баштаганда, казактар аи 92 маркасындагы бензинди 115 тенгеге тушурду. Жакында эле бул корсоткуч дагыда тушуп 108 тенгеге тушту. Бул сомго болжол менен 108 тенге 29 сом болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо