КАН ЖУН САН – кол жеткис жигиттин гүлү

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Корей тасмалары менен "ооругандар" үчүн табышмак: "Кыш. Аппак кар. Аруу махабат..." Туура таптыӊыз, жандырмагы – "Кышкы соната". Ал эми көз айнек тагынып, кабаттап шарф оронуп, тасманын көркүн ачкан баш каарман Кан Жун Сан болсо бүгүн да бийкечтердин акыл-эсинен, өӊ-түшүнөн кете элек мырза. Актёрдун жашыруун кармаган жашоосун ачыкка чыгарып көрүүгө аракет кылдык.

КЫРКТЫН КЫРЫН АШКАН БОЙДОК

Аты-жөнү – Пэ Ён Жун
Лакап аты – "Ёнсама", япон тилинен "ханзаада Ён" деп которулат
Туулган жылы, күнү – 1972-жыл, 29-августта
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Кесиби – Актёр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою, салмагы – 180 сантиметр, 75 килограмм
Хоббиси – Гольф, компьютердик оюндар, оор атлетика, балык уулоо
Фильмографиясы – "Биринчи сүйүү", "Мейманкана кожоюну", "Кышкы соната", "Уламыш" жана башка сериалдары, "Жашыруун дүрбөлөӊ", "Апрель айындагы кар" жана башка тасмалары

ОКУУСУН КИНОДОН ЖОГОРУ КОЙГОН СТУДЕНТ
Пэ Ён Жундун карьерасынын тушоосу 1994-жылы кесилип, ошол жылы ал бир фильмге жана эки сериалга тартылган. «Жаштыктын күн тийген жагы» деген сериалдагы экинчи катардагы ролу кино сынчылардын купулуна толуп, Пэ ушундан тарта режиссёрлордун көзүнө илине баштайт. Кийинки «Биринчи сүйүү» деп аталган сериалдагы табышмактуу тагдыры бар жаш жана акылдуу жигиттин ролу Пэ Ён Жунду көрүнүктүү актёрго айлантат. Атагы эми чыгып келе жатканына карабай актёр 1999-жылы тасма талаасынан четтей турууну чечип, Сонгюнгван университетинде фильм, телевидение жана мультимедиа боюнча окуусун улантат.
Атактуулардан интервью алып жүргөн журналисттер Пэ Ён Жунду «маек берүүсү эӊ оор 3 жылдыздын» катарына киргизген. Ал буга «Мен бир жаӊылык компаниясына интервью берсем, анда башкалары таарынат. Баарыӊыздарга маек бере албаганым үчүн бардык журналисттерден баш тарттым» деп жооп берген. Ошондуктан да каарманыбыз тууралуу маалымат өтө аз. Үй-бүлөсү ата-энеси жана бир тууган карындашынан турат.

КАН ЖУН САНДЫН РОЛУНА КИШЕНДЕЛГЕН АКТЁР
Пэ 2001-жылы экранга «Мейманкана кожоюну» аттуу сериал менен кайтып келет. 2002-жылы «Кышкы соната» сериалына тартылып, андан бери арадан 12 жыл өтсө да, актёр ушул Кан Жун Сандын ролу менен калып калгандай туюлат. «Кышкы соната» Түштүк Кореяда көрсөтүлгөн учурда өлкө ичинде суу жана электр энергияны керектөө көлөмү кадимкидей ылдыйлап, жолдо кыймыл токтоп турган. Сериал эфирге кеткен мезгил аралыгында телефон чалган адамды да жактырышчу эмес. Ошол жылы «Кышкы сонатаны» ар бир экинчи корей көргөн, учурда бул тасманы көрбөгөн корей дээрлик жокко эсе. Бул сериалды бекеринен маданий феномен же «корей толкуну» дешпейт. Пэ Ён Жун туулуп-өскөн мекенинен тышкары Япония менен Кытайда атактуу, айрыкча орто жана улуу муундун кумири болуп саналат. 2004-жылы актёрду Токионун аэропортунан кыштын суугунда эшикте түнөгөн 5 миӊден ашуун күйөрмандары тосуп алган. Анда Пэ Ён Жундун коопсуздугун 350 полиция кызматкери менен атайын багыттагы 70 аскер камсыз кылган.

АТАК, АКЧА ЖАНА КЫЗДАР...
Каарманыбыз өлкөсүнүн эӊ кымбат актёру болуп эсептелет. 2007-жылы тартылган «Уламыш» деген сериалдын ар бир сериясы үчүн Пэ Ён Жун 250 миӊ доллардан турган гонорар алган. Бирок соӊку серияларында актёр аттан кулап түшүп, бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөлөрдө дарылануудан өтүп келет. 2013-жылдын ноябрь айында «Розасы жок гүл дүкөнү» деген тасмадагы ролго талапкер катары каралып жатканы маалымдалган. Пэ тартылып калса, бул анын 7 жылдан кийинки биринчи ролу болмокчу.
Анын жарнамага тартылуусунун ставкасы 710 миӊ доллар. «Money today» жаӊылыктар сайты Пэ Ён Жунду эӊ чоӊ акча төлөнгөн 7 атактуунун ичине киргизген.
Атактуу жана акчалуу болгону менен, 42 жаштагы Пэ үй-бүлө кура элек. 2015-жылдын башында каарманыбыз сүйлөшкөн кызы бар экендиги тууралуу маалыматты тастыктаган. Анын сүйлөшкөн кызы Гу Со Хи белгилүү эмес, бирок миллиардердин кызы. АКШдан жогорку билим алган карт бойдокту чаап алган ал Пэ Ён Жундан 14 жашка кичүү. Ата-энеси да кызынын атактуу адамга турмушка чыгуусуна каршы эмес. Айрым маалыматтарга караганда, экөөнүн тою ушул жылдын жаз айларынын биринде болуп өтөт.

“Кышкы сонатанын” күйөрмандары үчүн 2009-жылы сериалдын аягы баяндалган аниме тартылган. Анда Кан Жун Сан менен Ю Жиндин үлпөт тою көрсөтүлгөн.

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
19.01.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
канчалаган кыздардын суймончулугу. Эркектердин кумири Жун Сан Канг.
22.01.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gen_fanat,эркектердин кумири?жазат десе жазат экенсинерда ,,,силердин кумиринерда карасан чачын
19.01.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо мага да аябай жагат чыгармачылыгына соз жок.Мына атактуу деп ушуларды айтса болот.
19.01.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыш санатасын коруп мен да бир убактарда ооруп жургомун, даже ошол кино башталганга чейин иштерибизди батыраак бутуруп салчу элек.Ал убактарда интернет деген тушунук аз болчу, только телефизордон корчу элек .
19.01.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oa,magada aiabai jagat,koreiler suluu jana jaw korunot.ozdorun karap jurgondor
19.01.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наш кумир!!!Красава!
19.01.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жун Сан Канг.кинодогу образды соонун ачып берген.жан дуйносу аябай назиик жана акылдуу.таза тыкандыгы менен озуно тартып келет.бул актер менен биз да ооруганбыз.
19.01.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппееей 42 жаштабекен э убагында бизда вааау жунг сан деп жургон элек жашын билчу эмес элем. Мени тан калтырганы Жарнаманын озуно эле 710 мин АКШ доллары болсо вставкасы ото кымбат экен го
19.01.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улыбкасы эле ангельскийго. Кошо ыйлап кошо кулуп берилип корот элем. Ичинде бир чоон сыр катылгандай сезилет дайым кайгылуу жылмаят.
19.01.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш санатасын жакында эле кайталап коруп буттум эле жаман жагатда.
19.01.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кинобу ээ? Коруш керек экен.
19.01.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялын сабап салыптыр деп окугандай болдум эле бир жерден
19.01.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВА БАНК беле КИМ ИНА деген рольдогу актер жонундо да жазгылачы супер инфо
20.01.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterina, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
20.01.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин биринчи суйуум
20.01.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздар мин бай болсо да жеке жашоосу бактысыз
20.01.2015. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хххх чачын .м.н ххх ххх болбой
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-20 15:51:35
20.01.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ariet7, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
20.01.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кышкы соната"да адашпасам Жун Сан аягында жалгыз калып кетет го.Анан "үйлөнөт" дегениңерди кандай түшүнсө болот?
20.01.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dominic_toretto,ошол сүрөттүн комментарийин окуңуз. 2009-жылы тартылган анимеден алынган сүрөт. Сериал өзү 2002-жылы тартылган.
20.01.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жун Сан мага жагат деп куйоомон соз угуп экинчи айтпас болдум.
20.01.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо чын эле ВаБанктагы Ким Ина жонундо маалымат жазгылачы
21.01.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООоой...бул сериалдын ар бир сериясын чыдамсыздык менен кутуп корот элек да.Корбой калсам кадимкидей ооруп калчумун
21.01.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаман чон кишини суйгон экем да)))
21.01.2015. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино,драма.кыздарга аябай жагат.Кинолору только сезим,суйуу,слишком,ылжырап.Корей мужиктери ото эле назик кыздарга окшоп,чачы узун,чачтары сапсайган.Эркек деген Джейсон Стетхемдей эле болсо))кыздар жининерди келтирбегиле)).Мое личное мнение.
21.01.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушул актёр.
21.01.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар воще эле тажабайт го чиркин корей сериялдарынан
21.01.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпайт кыздардан бешбетер назик . Жигит жмгитей элк болгону жакшы го...
21.01.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карейлердиби башка улуттардыбы корсом итиркейим келет,кантип эле суйуп калат деймда башка улуттун балдарын.Кыргызымдын балдарынан алыс кетпейли кыздаар.
22.01.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш сонатасыны жактырып кайра кайра коргом.Башка кинолорго окшоп женил желпи тартылган эмес.Азырда коргондон тажабайм.Актерда актриса кызда аябай жагат.Менинда Жун Сандай оор басырыктуу тушунуктуу жигитим болсо деп кыялдана берем.
23.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AAl men dagyda bolso jaktyryp oorup kelem, maga negizi jun san atalgandan bawtap jaga bawtagan, ayavai yilap korchumun, kandai bolgondo da baktyluu bolsun
24.01.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыш сонатасы" дегенде эле тайэжемдер шашылып пушулуп иштерин бүтүрүшүп, тизилип калышат эле "кино" башталды деп, мен да түшүнсөм да, түшүнбөсөм да кошулуп алып жакшы көрүп көрчүмүн. Бир сыйра көрүп чыгыш керек унутуп калдым бул сериалды. Тууганы болуп калабы эле кыскасы көрүп чыгыш керек эле бир сыйра..
15.02.2020. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уже үйлөнүп бир кыз, бир балалуу болуп калбадыбы. Аялы дагы актриса өзүнөн 13 же 14 жаш кичүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо