КЫЗАМЫК ӨТҮШҮП КЕТСЕ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕТ

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Кызамык (корь) – дүйнөдөгү эӊ кеӊири жайылган жугуштуу оору. Мисалы, 2013-жылы андан дүйнө жүзү боюнча 145 700 адам (көпчүлүгү балдар) көз жумган. Ушундай коркунучтуу оору учурда өлкөдө жайылып жаткан кези. Андыктан кызамык тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Жаркынбаевага кайрылдык.

КЫЗАМЫК ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?
Жугуу жолу
– аба аркылуу (чүчкүрүү, жөтөлүү, сүйлөшүү).
Оорунун козгогучу – PHK-вирусу (морбилливирустар түрүнө кирет).

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  1. Дене табы көтөрүлөт (38-40 градуска чейин).
  2. Мурун жана үн бүтөт.
  3. Күрсүлдөп жөтөлөт.
  4. Көз кызарып, чылпактайт. Жарыкты карай албай калат.
  5. Таӊдайда кызыл тактар пайда болот.
  6. Моюн бездери чоӊоёт.
  7. Көӊүл айнып, уйку бузулат. Тамакка табит жоголот.
  8. Денеге кызыл бүдүрчөлөр чыгат.

ДАРЫЛОО, ТАМАК-АШ...

  1. Төшөккө жатуу
  2. Бөлмөнү 3-4 маал жууп, желдетүү
  3. Көздү кайнатылган жылуу суу же соданын 2 пайыздуу аралашмасы менен жуу
  4. Мүнөздөп тамактануу (диета) сунушталат.
    Болбойт: Ачуу, туздуу, ышталган, ошондой эле аллергия чакыра турган азыктар (жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, малина).
    Болот: Шире (өзгөчө сабиз, алма ширеси), компот, сүт жана сүт азыктары (быштак, йогурт, айран), сүт ботко, алма пюреси, банан, суюк тамактар жана башкалар.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Балдарга кызамыкка каршы эмдөө 2 жолу жүргүзүлөт: 1 жашында жана 6 жашында.
  • Эмдөөдөн өткөн балага кызамык жуккан учурда оору жеӊил өтүп, бала кыйналбайт.
  • Кичине кезинде эмдөө албагандар жаш курагына карабай эмдөөдөн өтө берсе болот.
  • Кош бойлуу кезде эмделүүгө болбойт!

СТАТИСТИКА
Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматы:

  • 2014-жылдын декабрь айында кызамык менен 254 адам жатып дарыланган (мунун 139у балдар).
  • 2015-жылдын 1-январынан 21-январына чейин кызамык менен 710 адам жатып дарыланган (мунун 406сы балдар).
    Ооругандардын көбү мурун кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр.

БҮДҮРЧӨЛӨР АЛГАЧ БЕТКЕ, МОЮНГА ЧЫГАТ
– Кызамыкты кызылча (краснуха) оорусу менен алмаштырбоо кажет. Кызамыкка кышында көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон турушу себепкер. Анткени мындай абал вирустун жашап кетишине шарт түзөт. Ооруга көбүнчө жаӊы төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдар, анан эмдөө албагандар, кызамык менен ооруй электер кабылышат. Оору эпидемияга айланып турган кезде баланы эл көп жүрүүчү жерлерге (дүкөн, базар) жана конокко алып барбаш керек. Бала бакчага, мектепке алып баруу же алып барбоону кырдаалга жараша чечиӊиз.
Вирус организмге киргенден тартып анын жашыруун көбөйүү мезгили 9-21 күндү түзөт. Оору белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана башкалар) 3-4 күнгө созулат. 3-4 күндөн соӊ дене табы түшүп, кайра көтөрүлөт. Андан кийинки 1-күнү кулактын артында, моюнда, бетте кызыл бүдүрчөлөр пайда болот. 2-күнү кызыл бүдүрчөлөр баланын денесине, колуна чыгат. 3-күнү бүдүрчөлөр буттарына тарайт. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп чоӊ аймакты ээлеп калышы да мүмкүн. 4-күндөн баштап тактардын өӊү өчүп, бүдүрчөлөр кете баштайт да, баланын абалы жеӊилдейт.
7 айлык Жасмина Бишкектин тургуну. Апасынын айтуусуна караганда, Жасминага кызамык оорусу ооруканадан жуккан. Ал жерде аны 10 күн бою бронхиттен дарылашкан. Бирок наристе бир оорусунан айыкканы менен, экинчи дартты жуктуруп чыккан.

БАЛА БАКЧАДА КЫЗАМЫК КАТТАЛСА, ЭМДЕЛБЕГЕН БАЛДАРГА ГАММА-ГЛОБУЛИН САЙЫЛАТ
– Кызамыктын белгилери билинсе «Тез жардамды» чакырыӊыз. Балага антибиотик бербеӊиз. Ал кызамыктын вирусун өлтүрө албайт. Кокус оору кабылдап баратса, дарыгер гана дары-дармектерди сунуштайт. Эгер бала кызамыктын жеӊил түрү менен ооруса, дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө кароого болот. Эгер бала бакчада кызамык катталса, анда андагы эмдөөдөн өтпөгөн балдарга гамма-глобулин сайылат. Муну алган балдарда оору жеӊил өтүп, бат айыгып кетет.
Кызамык баланын иммунитетин өтө начарлатып салгандыктан, түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу туулат. Андыктан бул оору менен ооруп айыккан баланы 1 айга чейин башка балдарга кошпой, эл көп топтолгон жерлерге алып барбай, жакшылап кароо кажет.

ӨТҮШҮП КЕТСЕ, ӨПКӨ, БАШ МЭЭ ДА ЖАБЫРКАЙТ
– Оору өтүшүп кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит (кулактын сезгенүүсү) жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.
Кокус кызамыктын вирусуна башка бактериялар келип кошулса, анда баланын тамагы шишип, дем ала албай муунуп, чарчап калуусу да ыктымал. Андыктан кызамыктын оор түрү менен ооруган баланы сөзсүз ооруканага жаткырыӊыз. Бала 7-10 күндө айыгып чыгат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


Кыргызстанда кызамык илдети күч алууда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
24.01.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай озу сактасын
SUPER.KG видео
24.01.2015. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кичине кезимде кызамык менен ооруган экенмин апамдын айтуусу боюнча,кудай озу сактасын,бизде балдарды эмдоо болуп жатат бекен?
SUPER.KG видео
24.01.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинемде кызамыкка каршы эмделген болсом да кызамыкка каршы иммунитетим жокко эсе экен. Биринчи жолу бойумда бар кезимде врач кызамык болгон балдардан алыс болушумду талап кылган. Торогондон кийин уч этап менен кызамыкка каршы эмдоо алдым. Текшерилсем дагы деле абдан аз иммуниттетим болгондуктан врач мага кээ бироолорго таасир этпейт деп тушундурду .Экинчи жолу кош бойлуу кезимде да абайлашым керек болду.
SUPER.KG видео
24.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта эмдоо качан алса болот экен?
SUPER.KG видео
25.01.2015. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оруга Бозо дары болушу керек...
SUPER.KG видео
25.01.2015. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызылча деген свекла
SUPER.KG видео
25.01.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош-Бишкек жолун тосуш керек. Илдеттин баары Чуй тараптан келип жатат.
SUPER.KG видео
25.01.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Доктор эже создорунду дайардап алсан болмок
SUPER.KG видео
25.01.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СУПЕР ИНФО жардамыныздар керек кызылчы оорусуна каршы прирывка кайсы жылдан баштап берилет .Апам эстей албай жатат мен сурасам
SUPER.KG видео
26.01.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Витрянка менен ооруп буткондорго жукпайт бекен интерсно?000
SUPER.KG видео
26.01.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ооруларга 100жолу прививка сайсан да Кудай оору берсе оруйсун Кудай каалабаса сайдырбасан деле оорубайсын. Врач эжебиздин айтканы боюнча получается кунуно 50-70 бала тушуп атса ошонун баары прививка алган эмесби?прививка алган болсо кана сактаганы?
SUPER.KG видео
26.01.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лично мен каршымын прививкага! Андан коро Аллах озу сактасын!
26.01.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу админ тактап берип коюңузчу сураныч ветрянка, корь, краснуха кандай айырмалары бар? Кыргызчасы ветрянка-кызамык, корь-суу чечек (же жөн эле чечек), краснуха-кызылча болсо керек эле
Модератор SweetLady түзөттү 2015-01-26 11:26:54
26.01.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SweetLady, саламатсызбы!
Кызамык жана суу чечек оорусу тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=3843
Ал эми кызамык тууралуу ушул макаладан маалымат ала аласыз. Дагы кенен маалымат жарыялоого аракет кылабыз.
26.01.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SweetLady, чечек оспа деп которулат.
SUPER.KG видео
26.01.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор да эмдоо алыш керекпи?
26.01.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызамык(корь).кызылча оорусу(краснуха).суу чечек(ветрянка)
26.01.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай өзү сактасын, бул дагы кооптуу оору екен го?!...
SUPER.KG видео
26.01.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боюмда бар эле коркуп атам ушул оорудан,кичинемде оорудумбу же жок билбееейм...
27.01.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia Сиздин тушунугунузго окшогон адамдардын айынан ушундай оорунун саны кобоюп жатат да, прививка созсуз алынышы керек. Сактанганды Кудай сактайт деген соз бар, жон эле Кудай сактасын деп аракет кылбай отура берсениз болбойт!!!
27.01.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи эле азыркы диний сабаттуулугу томон динчилер балдарына прививка кылдырбайт экен, дал ошолордун балдары кобуроок ооруп жатышат, менин билишимче.
27.01.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын негизи балдарды киши коп жерге апарбаш керек. Базарга барсан 3айлык бобокторду которуп жургонун коросун
27.01.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызамыкка каршы привывканын аты Кандай экен,сураныч жазып койгулачы?
06.02.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargiz1985,КПК (корь, паротит, краснуха) уч ооруга бир вакцина сайылат.
27.01.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызамык деген корь эмес,корь бул кызылча а кызамык ветрянная оспа же ветрянка деп коюшат
29.01.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jude_72, а краснуха - деген кандай которулат?
SUPER.KG видео
29.01.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын!
30.01.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SweetLady,

Кызамык - краснуха, кызылча - корь, суу чечек -ветрянка, ветряная оспа.
30.01.2015. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынчалык тушунугу жоктор кайдан топтолуп алышкан.кичине мээсин иштетишсе кайсыл оору кандай которулушун тушунушмок. Кайран чала кыргыздар баары даярга конуп калышпадыбы
SUPER.KG видео
30.01.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын
30.01.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизденда 2 адам оорулу болуп табылды ушул оору м.н.
SUPER.KG видео
31.01.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia Туура айтат,прививка бул болбогон нерсе,кимге биздин ден соолугубуз керек,бир эле адамдын башы ооруса ким сага акысыз эле даары берет,албетте эч ким,а бул жакта тимеле буткул Кыргызстанды сактап калабыз деп тээ америкалыктар бесплатно даары береимиш этет,прививканын баардыгы иммунитетти тушуруучу нерсе,демек тескерисинче ошо оору менен ооруй тургандар прививка алгандар болот (кудай озу сактасын).Ишенбегиле прививка деген нерсеге...Врачтардын кобу балдарына прививка алдырышпайт.
01.02.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу сактасын оорулардан
SUPER.KG видео
02.02.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolgonai571,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо