ЧЕК АРАЧЫЛАР МЕЛДЕШИП БИРИ-БИРИНЕ ОК ЧЫГАРА БАШТАШКАНБЫ?

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Баткен облусунда чек арада кайрадан ок атылды. Бир топ убакытка тынчый түшкөн Тажикстан менен чектеш аймактагы бул инцидент Жаӊы жылдан кийин капарсыз отурган кыргызстандыктар үчүн күтүүсүз эмес, бирок чочулоого түрткөн жаӊылык болду.

РАСМИЙ МААЛЫМАТ КЕЧИГИП, ИМИШТЕР ЖЕЛДЕЙ ТАРАДЫ
16-январь күнү 22:50 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы «Айкөл» чек ара тозотунда ок атылып, андан 1988-жылкы чек ара тозотунун башчысы, ага лейтенант Тынчтык Исмаилов курман болду. Анын орун басары, лейтенант Нуркелди Осмонов жана катардагы жоокер Жаӊыбай Сагынбай уулу да октон жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кайтыш болгон ага лейтенант Т.Исмаилов 18-январда Ош облусунун Ноокат районунда жерге берилди. Анын жакында эле үйлөнгөндүгү белгилүү болду.
Адегенде аталган чек ара тозотуна белгисиз адамдар кол салган болушу мүмкүн деп айтылды. Бул боюнча териштирүүлөр жүрүп жаткандыгы айтылып, бирок бардык териштирүүлөр жашыруун маанайда уланды. Мындай окуяларда маалымат дароо такталып, анан таркатылчу. Бул ирет маалымат такталмак тургай, божомолдонуп айтылып жатканы шек туудурду.
«Айкөл» тозотуна ким кол салды? "Чек арачылар менен маӊзат ташуучулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылышы ыктымал" деген версия да айтылды. Ошондой эле "катардагы жоокер «дедовщинага» кабылып, чыдамы чегине жеткенде ушундай жолго баргандыр" деген ойго жетеленгендер да четтен чыкты.

ШЕК ТУУДУРГАН БОЖОМОЛ
Буга катар эле "өз кызматташтарына ок чыгарган жаран 1996-жылкы Кадамжай районунун тургуну" деген кеп тарады. Маалыматтарга караганда, ал 100 миӊ сом жана Мерседес-Бенц унаасы үчүн бир ишти жасап баатыр атала ала тургандыгын айтып мелдеше кеткен. Божомолдорго караганда, 16-январь күнү чек ара тозотунун башчысы, анын орун басары жана катардагы жоокер чогуу чай ичип отурушкан. Бул учурда 19 жаштагы Кадамжайдын тургуну бөлөк кызматташынын куралын тартып алып, чек ара тозотунан сыртка чыгып, ашкананы көздөй ок чыгарган. Кийин кол салуу болгондугун билдирип кыйкырып кирген. Изин жашыруу үчүн сынган айнектер менен бетин тилүүгө аракет жасаган. Айрым маалымат булактары "ал өзүнүн бутуна атып салган" деп жазып чыгышты.
"Кол салган" деп шектелген кадамжайлык жарандын кызмат өтөп баштаганына 2 ай гана болгон. Адегенде анын аскерге жарамсыз экени белгилүү болуп, бирок кийин тиешелүү документтерди мыйзамсыз жасатып, кызмат өтөөгө келгендиги айтылууда.
19-январь күнү «Айкөл» чек ара тозотуна кол салуу жасалма уюштурулгандыгы аныкталганын Чек ара кызматы билдирди. Ведомство "келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер тозотко кол
салуу уюштургандыгын моюнуна алды"
деп маалымат таратты.
Бул билдирүү жоопсуз калып жаткан суроолордун санын көбөйтүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө бүдөмүк ойлорду жараткан ал суроолордун жообу табылар.

АЙКӨЛДҮН ТУРГУНДАРЫ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Эгемберди Омурзаков, Айкөл айылынын тургуну:
– Биздин айылдан 15 чакырымдай алыс жайгашкан тозотто эмне окуя болуп кеткени жөнүндө так маалыматым жок. Атышып кетишкендиги дароо эле угулган. Мурда мындай окуялар болгон эмес. Айыл элинин чочулаганы деле байкалган жок. Жашообуз мурункудай өз нугунда өтүп жатат.
Кулмырза Ахмедов, Айкөл айылынын айыл башчысы:
– Тозотто биздин айылдык балдар да иштейт. Бул окуя орун алганда эл чочулаган жок. Эмнеден улам атышып кетишкенин ар ким ар кандай айтып жатат. Чын-төгүнүн анык көргөндөр эле билсе керек.

САБАК БОЛБОГОН КЕЙИШТҮҮ ОКУЯЛАР...
Эсиӊиздерде болсо, 2012-жылдын 20-август күнү Ысык-Көл облусунда «Эчкили-Таш» чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 жоокерди жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткен болчу. 21-август күнү качкан жоокерди издегени чыккан топ Балбай Кулбарак уулун Ай-Таш капчыгайы тараптан табышкан. Кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөн. Кылмышка шектүү жоокер атышуу учурунда каза болгон.
Балбай Кулбарак уулу Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуӊ айылында 1993-жылы туулуп, 2011-жылдын күзүндө аскерге чакырылган жана 2012-жылдын күзүндө кызматы аяктамак.
"Эчкили-Таш" чек ара тозотунда болгон окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев «УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын жетекчилиги аскер кызматкерлеринин өздүк курамынын ичиндеги шартты жакшыртууга аракет кылбаганы көрүнүп турат» деп болгон окуядан олуттуу тыянак чыгарып, мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлүшүн тапшырган болчу. Шарттар тийиштүү деӊгээлде жакшырбаганын «Айкөл» чек ара тозотунда болгон окуя ашкерелеп койду.

«Супердин» сурак бурчу
Чек арачы болууга, чек араны коргоого даярсызбы?

Темирлан Абдалиев, студент, 17 жашта:
– Ата Мекенди коргоодон качпайм. Чек арага барып, чек арачы бол десе баш тартпайм. Окуумду бүтсөм жигиттик милдетти аткарып келем. Бирок ушу Баткен облусундагы чек араны коргоо жайларында абал жакшы эмес деп уккам. Эми жигит болгондон кийин чыдаса болсо керек.

Уларбек Долонбаев, коопсуздук кызматкери, 23 жашта:
– Мен аскер кызматын өтөп келгем. Анда 2 күндөй чек ара да кайтаргам. Эгер келишимдик негизде айлыгын жакшы төлөп берсе, чек арачы болуп кызмат өтөп келмекмин. Чек арачы болууга даярмын.

Талантбек Нуркул уулу, куруучу, 24 жашта:
– Ооба. Ата Мекен алдындагы кызматымды аскер бөлүгүндө өтөгөм. Аскерге чакырылганда мен бул жакка, тигил жакка барам деп тандабайсыӊ да. Жиберген жагына барасыӊ, чек арага бар дешсе жөнөмөкмүн.

Майрамбек Мааранбеков, айдоочу, 27 жашта:
– Кудай сактасын, бирок чек арабызда жаман иш болуп кетсе, кантип качмак элек?! Аскер кызматын өтөөгө барган эмесмин. Чек арачы болуп келген тааныштарымдан «дедовщина» күч жана шарттар начар» деп уккам. Ошентсе да мекенимди коргоого даярмын.

Нуржигит Алымбеков, студент, 20 жашта:
– Азыр юридикалык факультетте окуйм. Келечекте аркалай турган кесибиме пайдасы тиет деген ой менен аскерге барып келсемби деп жатам. Бирок чек арада шарттар начар экенин, дегеле армиянын абалы начар экенин билип туруп баргыӊ да келбей кетет. Бир чети намыстанасыӊ.

Жаӊыбай Барктабасов, студент, 21 жашта:
– Мектепти бүткөндө аскерге барууга көӊүлдөнүп жүргөм. Бирок үйдөгүлөр "окушуӊ керек" дешти. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин аскерге барып келейин деп жатам. Чек арадабы, же башка аскер бөлүгүндөбү, кызмат кылууга даярмын.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
26.01.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тузук Кыргызымдын жигиттери,силер бар биз тынч уктайбыз.Ал эми каза болгон азаматтардын жаткан жери жайлуу болсун
26.01.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындан мурда да болгон окуялар учун кимдир бироолор жоопко тартылып же кызматынан алынганбы,же ит уро берет кербен журо берет болуп эле калып жатабы?
26.01.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргжериндиякоргошажигиттикимилдетин экен деп коркон болбойт. Эл жеринди коргош жигиттик милдетин. Чатырда жатып болсода милдетинди отоп кел
26.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зеригип отурушуп ойношуп ушул ишти кылышты да.
26.01.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сценарийи озунчо эле боевик го.Акча,машина учун адамдардын омурун кыйып.Паны ишке ашпай калды.Артын ойлосо болмок.
27.01.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо.. кайран гана балдар..
27.01.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
копкондук тообо кылдым
27.01.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын Кыргыз Азаматтары деп аталат мындай азаматтар!
27.01.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа чегарачылардын айлык аккысы аз мен да Баткенде чегарада тургам дедовшина да бар и састоянасы да начар
29.01.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жаны гана уйлонуптур эле.
30.01.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,жакында эле уйлонгон болчу уйдогулор тойго барабыз деп барышкан эле ,эми жакында суйлошсом бата кылганы барып келдик дешти окунучтуу!Менин уйлонуу тойумда берилип бийлеген эле кайран.
05.02.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зеригишкенго чиркин андай чет жердеги заставаларда эч кандай дедовщина жок менин билишимче садикте жургондой эле журушот себеби мен жаны салынган заставаларда иштедим алайда карамык кара шыбак тозотунда баткен исфанада кулунду и о.э азыркы ызы чуу болгон айкол тозотунда да иштегем ал жер ото ээн жер азыр ото суук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо