ЖЫЛДЫН ОКУЯСЫ: АИДА САЛЯНОВА КЫЗМАТТАН КЕТТИ. ЭМИ «АТА МЕКЕНДИН» КАТАРЫНДА ШАЙЛООГО КАТЫШАБЫ?

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Бир айдан бери «Аида Салянова башкы прокурорлуктан кетет экен» деген сөз коомчулукта талкууланып келди. Президент Алмазбек Атамбаев Жаӊы жылдын алдында «мурун кызматтан кетүүгө арыз берген күндөрү болгон, бирок бул сапар эс алууга кетти» деген эле. Эмгек өргүүсү 1 айга жакындап калса да Аида Салянова ишине чыккан жок. 21-январда анын арызы каралып, депутаттар кызматтан бошотууга макулдук беришип, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кол койду.

«БАЛАСЫНЫН КЫЛЫГЫНА АТАСЫ ЖООП БЕРБЕЙТ»
Өткөн жылдын 23-декабрында эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен Аида Салянова башкы прокурорлуктан отставкага кетүү боюнча арызын 19-январда берди. Ошол эле күнү анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат коомчулукка тарады. УКМКдан кылмыш иши 5-январда козголгондугу айтылды. «Баласынын кылыгына атасы жооп бербейт» дегендей, жолдошуна козголгон кылмыш үчүн Салянова ээлеген кызматынан кетпеши керек. Ал буга чейин башкы прокурор болуп иштеген эркектерге караганда чоӊ жумуштарды аткара алды» деп 20-январда Бишкекте жарандык активисттик топ маалымат жыйынын өткөрүштү.

БАКЫТ АБДЫКАПАРОВ ЭМНЕДЕН ЧАЛЫНДЫ?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-январда тараткан маалыматта "Бир канча адамдардын тобу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин жабууга жардам берем деп, алдоо жолу менен 50 миӊ доллар акча алышкан. Кылмыш ишинде өтүп жаткан күбөлөр акчага байланыштуу иште Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун тиешеси бар деп көрсөтмө беришти» деп жазылат. «Салянова Жогорку Кеңештин трибунасында туруп, Батукаевдин "чет өлкөгө саякатын" актап-жактап, кийинчерээк кайра аны экстрадициялоо боюнча суроо жиберди. Президенттин көзөмөлүндө болгон УКМК тарабынан иликтенип жаткан иште жолдошу айыпталуучу катары өтүп жатса, президент өзү башкы прокурорго орден берип, сыйлап жатат. Бул өлкөдө акмакчылыктын чеги жок»,- деп укук коргоочу Чолпон Жакупова интернет баракчасына жазып чыкты. Эске салсак, мамлекет башчы 29-декабрда Аида Салянованы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Ал экс-башкы прокурордун укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылганы белгиленген.
Ал эми Салянова өзү маалымат агенттиктеринин бирине жолдошу жөнүндө айтылып жаткан сөздөрдүн баары калп экенин, убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгарын билдирген. Аида Салянова 2012-жылы «Супер-Инфонун» окурмандары менен түз байланышка чыгып, маек бергенде жолдошунун ишкер экендигин айткан. «Мен өмүр бою эле мамлекеттик кызматтарда келе жаткандыктан, жолдошум бизди багып, шарт түзүп берип, үй-бүлөбүз үчүн жанын аябай иштейт»,- деген эле.
Экс-башкы прокурорду кара булуттар буга чейин эле каптаган. Өткөн жылдын акыркы апталарында «Маркум Камила Дүйшебаеванын өлүмүнө Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Саляновдун тиешеси бар болушу мүмкүн» деген маалыматтар жазылып чыккан болчу.

САЛЯНОВА КАЙДА БАРАТ?
Аида Салянованын башкы прокурорлуктан отставкага кетүү арызы Жогорку Кеӊеште 21-январда 57 депутаттын макулдугун тапты. 18 эл өкүлү «каршы» деген добушун берди. Аида Салянованын өзү Жогорку Кеӊешке келген жок. Мунун айынан депутаттар ого бетер ызы-чууга түшүштү. Депутат Ташболот Балтабаев: «Коррупция менен күрөшкөн адамды кечээ эле эч кайда кетпейт, президенттикке татыктуу деген адамды укпай туруп кетиргени жатабыз. Келип отчёт бериши керек болчу»,- деп чыкты.
«Салянова башкы прокурорлуктан кетпесин» дегендер «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү болушту. Экс-башкы прокурордун жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жардамчысы экендиги да талкууга жем таштады. Аталган министр «Ата Мекен» фракциясынын квотасы менен кызматка барган. Бул маалыматтар менен катар Аида Салянованын быйылкы жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо «Ата Мекендин» катарында катышары сөз болуп баштады.
"Ыйык орун бош турбайт" демекчи 22-январь күнү эле президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊешке башкы прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин көрсөттү. Ал учурда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектейт. Жолдубаева 35 жашта. Буга чейин басылмаларда анын Конституциялык соттун экс-төрайымы, мурдагы башкы прокурор Чолпон Баекованын жээни, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевдин жубайынын бир тууганы экени жазылган.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(21)
26.01.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Накта мафиялар келиптир да.
26.01.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда прокурорлук кызматка эркектер калбай калганбы деп да ойлоп кетем.Татыктуу тажрыйбалуу эркектер да чыкмак шашбай карап корушкондо,коросунор жогорку жактагылар катындын иши катынча болот,жыйынтыгын кордунор ээ кечээ эле отчет бербей кеткенде.Бизде Кыргызстанда прокурорлук менен стоянщиктер аялдардан бошобой калды го.
26.01.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо бир балееси бар. Жонокой адамдардан булар башкы прокурор койбой калышты го. Чон атактуу туугандары барлар гана отурат да. Подход эчак эле болгон да алдын ала. Саясий оюн экенин элдин баары билип буткон го.
26.01.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага тамаша болуптур бул жагы,эми кайра эле ызы-чуу болот экен да.жонокой адамдардан койсо эмне болот башкы прокурор?
26.01.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кептин кыскасы президент оз билгенин кылып жатат да . Эл неболуп жатат ,эмне жеп эмне ичип жатат кайдан таап жеп жатат иши жок, оз корупциясынын торуна улкон улкон олжолор тушуп турса болду биздин ажого.
26.01.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжебизда эч нерсени кыйратпайт.баары туугандары.бир кылыш кылса коптоп жаап коюшат.хе хее.прикол болуп эле калды бул жагы.
26.01.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША иштей албай жатат
26.01.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо элэ "Санта Барбаро" го )))))))
26.01.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жизнь бумеранг...баары айланып озуно келет .мен таптазамын деп иштеп аткан апчем деле олкодон башка саясатчылар сыяктуу эле качып кетти го...
26.01.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыйратып иштей албай турганын не карталарынар корсотуп атабы,отуруп алып эле ХХХ жаза бербеш керек да,андан коро кенеш берип жакшы иштегенине жардам бериш керек да,ХХХ ХХХ ХХХ окшобой,может жакшы иштейттир,буга чейин коп кызматтарда иштеген экен,мен колдойм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-27 11:10:32
27.01.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sadyrov_n93, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү. Ар бир колдонуучу өз оюн эрежеден чыкпай жазууга укуктуу!
27.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sadyrov_n93 эми ушу сот сооройлор биздин кенешти угабы десениз?!)) Жакшы кенешинерди бергиле дептирсизго.
27.01.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
avazbek._92, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Азырынча оозеки эскертүү!
28.01.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna saga mafia
28.01.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай прокурор келсе да бийликтин саясаты менен иштейт.
29.01.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мамлекетти ушунча адамдар бала бакчасынан депутатына чейин ичип жеп атса да ошого карабай онугуп атканына тан калам.Тан калганда эмне?..чындыгында байкуш эл ар олкодо темселеп ,орустун ыштанын жууп болсо да акча таап атат.Айылда жашоо онолуп атат кабат уйлор,заманбап жасалга,спутник антена ,ар уйдо жылуу суу.ж.б.Бирок буга мамлекеттин эч тиешеси жок ,ал мамлекет байкуш желкесине жабышкан чоолордон арыла албай жатат.
30.01.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеткени жакшы болду.Ургаачылар башкара алышпайт.Прокурорлор элдин унун укпай эле акчанын унун угуп калышкан.Негизи кереги жок прокурорлордун.Эмне максат менен иштейт булар?
30.01.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коро жатабыз. ким кандай иштээрин. эгер бул эжебиз Салянованын ишин улантып кетсе жакшы. эгер уланта албаса кылмыштуулук тобого чыгат. жегендер кобойот. ощо
30.01.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул деле иштей албайт го, жаш балача нарынбаев жанында суфлер болуп олтурат
01.02.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индира айым эгер куйого чыкмакчы болсо ген прокурорлор закска чыгабы
02.02.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххе тагдырын эшек араба туулдун калдын балаага...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо