АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАРЫН ЭМДЕТҮҮДӨН ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТУУДА?

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

Учурда өлкөдө кызамык жайылып, оорунун алдын алуучу эмдөө иштери жүрүп жатат. Диний ишенимдерден улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер да көбөйүүдө. Мисалы, ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартууга акылуубу? Вакцина эмнеден жасалат? Бул маселе боюнча Республикалык эмдөө борборунун директору, иммунолог ЖОЛДОШ КАЛИЛОВДУ сөзгө тарттык.

– Учурда өлкөдө кызамыктын жайылып жаткан кези. Андыктан эмдөө иштери кандай жүрүп жатканын айтсаӊыз?
– 2015-жылдын 1-21-январь аралыгында республика боюнча 34 миӊ 321 адам эмдөөдөн өткөрүлдү. Азыр борбордо 48 миӊ 300 доза вакцина запаста турат. 15-февралга чейин дагы 840 миӊ доза сатылып келинет.
Учурда 10-19 жаштар аралыгындагы балдар көп ооруп жаткандыктан, ушул жаштагы 1 миллион 34 миӊ баланы февралдын ичинде эмдөөдөн өткөзүү пландалууда. Жыл аягына чейин 1-9 жаштагыларды да эмдөөдөн өткөзүү каралган. Эмдөө мурда эмделбегендерге жана кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондорго жүргүзүлүүдө.
– Вакциналар кайсы өлкөлөрдөн алынып келинет?
– Бизге Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ВОЗ) уруксат алган вакциналар алынып келинет. Алар Япония, Франция, Бельгия, Индия, Италиядан чыгарылган сапаттуу жана курамдары бирдей вакциналар.
– Баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны канчага жетти?
– Вакцина алганда балада ооруга каршы 15-20 жылга жете турган иммунитет жаралып, оору жукса да жеӊил өтөт. Эмдөөдөн өтпөгөн балдарда мындай иммунитет жок болгондуктан оору жукканда катуу оорушат. Кабылдап кетсе каза болуп калат. Мындан тышкары алар ооруну дени сак адамдарга жугузуп, эпидемиянын таралышына салым кошушат. Муну түшүнбөй 6 миӊ 462 баланы ата-энеси эмдөөдөн өткөрбөй жатышат. Алардын көбү «эмдетүү шариятка туура келбейт» деген түшүнүктү кармангандар.
– Баш тарткан адамдардын арасында врачтар да бар дегенге кошулат чыгарсыз...
– Алар вакцина зыян деген пикирдеги аз сандагы пенсия курагындагы медициналык кызматкерлер.
– Сөзүӊүзгө аралжы, учурда балдарга сайылып жаткан кызамыкка каршы вакцина адамдын жана тооктун түйүлдүгүнөн жасалат дегендин канчалык чындыгы бар? Мүмкүн, ушундай маалыматтар баш тартууга себепкер чыгар?
– Азыр кызамык, кызылча, тепмеге (паротит) каршы бириктирилген вакцина (КПК) сайылып жатат. 1 вакцина менен бала 3 ооруга каршы эмделет.
Азыркы КПК вакциналарга аталган оорулардын алсыздандырылган вирустары, антибиотиктер жана тооктун түйүлдүгүнүн клеткалары кошулат. Ошондуктан тооктун жумурткасынын агына аллергиясы барларга сайылбайт.
Вакцина алгач пайда болгондо бойдон түшкөн түйүлдүктүн клеткалары керектелген (башталгыч материал катары). Кийин ал клеткалар улам өстүрүлүп, көбөйтүлүп отуруп, түйүлдүктүн клеткалары колдонулбай калган.
Вакцина шариятка туура келбесе, анда ажыга баруучу 18-85 жаш курактагылар кептөөр, менингит, сасык тумоого каршы эмдөөдөн эмнеге өтүп жатышат? Өздөрү вакциналарды алат да, балдарына келгенде башкача сүйлөп калышат. Учурда муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен чогуу иш алпарып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
– Ата-эне баласын эмдетпей коюуга акылуубу?
– Мыйзам боюнча акылуу. Андайлар түшүнүк кат жазып берүүлөрү керек. Бирок ошол эле учурда мыйзамда «эпидемиялык абалга карата эмдөөдөн өтпөгөн балдарды бала бакчага,
мектепке убактылуу киргизбөө» тууралуу да жазылган.
– Ата-энелерге кабарлабай туруп бала бакчада, мектепте эмдөө жүргүзүп салышканы туурабы?
– Жок, буга укуктары жок. Мыйзам боюнча эмдөө жүргүзүлчү күндү жана эмдөөгө жакындарынын келиши зарыл экендигин башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелерине кат аркылуу кабарлоо зарыл. Жогорку класстын окуучуларына оозеки айтылат. Эмдөөдөн мурда балдар медициналык кароодон өткөрүлөт. Бала ошол кезде ооруп жатса, анда эмделбейт.
– Бала төрөтканадан чыга электе 2 вакцина сайылат. 11 жашка чейин 10 түрдүү ооруга каршы вакцина алат. Минтип ар түрдүү вакциналарды сая берүү баланын иммунитетин улам начарлатып, жаӊы ооруларга чалдыгууга жеткирбейби?
– Бала курсакта экенинде энесинен алган иммунитети ал төрөлгөндөн 2-3 айдан кийин төмөндөйт. Ал эми вакцина ооруларга каршы иммунитетти иштеп чыгарууга организмге түрткү
болот.
– "ВОЗ оорулардын алдын алуу эмес, киреше табуу максатында дары чыгаруучу компаниялар менен сүйлөшүп, вакциналардын сатылышын көздөйт» дегендер да көп...
– Фармацевтикалык компаниялардын эч кандай кызыкчылыктары жок.
– Шалга (полиомиелит) каршы вакцина маймылдын бөйрөк клеткаларынан алынабы?
– Ооба, вакцина Африкадагы жашыл маймылдардын бөйрөгүндөгү клеткаларында өстүрүлүп алынат.
– Вакциналар нерв системин жабыркаткандыктан аутист балдар көбөйүүдө дешет. Чындыгы канчалык?
– Чындыгы жок.
– Мен интернеттен «Адамдын клеткалары өз убагында өсөт, жетилет, анан өлөт. Ал эми вакциналар ал процессти бузуп, рактын келип чыгышын шарттайт. Бул гана эмес вакцинанын курамындагылар аллергияны жаратат. Аллергиктердин көбөйүп жатканы ушундан» дегенди окудум. Ишенүүгө болобу?
– Вакцинадан онкологиялык оорулар жаралса, эмдөө алгандардын баары ошол оору менен ооруп, аллергик да болуп калышпайт беле? Ишенүүгө негизсиз экени ушундан көрүнүп турбайбы?!
PS. Жолдош Калилов учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнөн улам "корь" илдетин "кызылча" деп которуп, колдонуп жатышканын айтты.


ЭМДӨӨГӨ ШАРИЯТ КАНДАЙ КАРАЙТ?
Бул жаатта дин аалымы ЧУБАК ЖАЛИЛОВДУН оюн билдик:
– Шариятта «дарынын эмнеден жасалганына карабай, анын натыйжасына кароо керек» делет. Эгер вакцина адамдарды оорудан чындап сактап, көз жумуп кетүүдөн алып калып жатса, анда ал вакцинаны жерүүгө болбойт. Чочкодон гана алынып жасалган дарыларды колдонбоо керек.
Эгер ВОЗ болобу же башка топтор болобу «оорунун алдын алуу керек» деп келе элек оору үчүн вакцинанын сайылышына салым кошуп, өз кызыкчылыктары үчүн пайда таап жатышканы анык болсо, анда ойлоно турган маселе.
Вакциналардын курамы эмнелерден турарын, тескери таасирлерин элге ачык айтып, түшүндүрүү кажет. Элдеги вакциналарга карата шектенүүлөрдү жоюу үчүн курамы бизде да текшерилүүдөн өтүшү, ал үчүн лабораториянын болушу шарт. Саюудан мурда балдар аны көтөрө алабы, жокпу, балдардын анализи алынып, текшерилүүдөн өтүшү да зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(56)
03.02.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы Чубак Жалиловдун "Саюудан мурда балдар аны көтөрө алабы, жокпу, балдардын анализи алынып, текшерилүүдөн өтүшү да зарыл"
деген созуно толук кошулам.
Балким алган уколдор баланын организмине тескери таасирин берип калса кандай болот.
Мектептен эле койду, уйду сайгансып оптом сайып кетишетко, ал жерде медициналык эрежелер да сакталбайт.
бул суроо врачтарды кызыктырып деле койбойт.

03.02.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maimyldyn, tooktun dep korkosunar Chubak ajy chochkodon alyngan gana bolboit dep aityptyr demek ech nerse bolboit
03.02.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушунук деген передачадан корсонор прививка алдырса болобу деген темада талкууло болду интернеттен карасанар анан коруп баарын билесинер. Прививка алдырса болот деп чыккан врач аягында берки кишиден женилип соз таппай калды аягында соз жок деди. Приривка алдырса болбойт деген врач баарын далилдеп айтып берген.Мен кызымды торолгондон бери алдыра елекмин азыр 1 жашта озу тендуу балдардан караганда жакшы иштейт акылы 10 айында басты приривка алдырса мееси да жакшы иштебей калат екен
04.02.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
marmilantka, Менин да уулум пр.ка албаган жакшы осуудо, пр.ка алгандардын ооругандары бар осушу кеч.
04.02.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Метркасы жок балдар прививка албай калышат. Бирок оорушпайт, бою, акылы жакшы онуккон.
04.02.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал передача эмне кыргыз тилиндеби? [moderated]дан корсо болобу?
Модератор admin_superstan түзөттү 04.02.2015 10:38
04.02.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын эрте же кеч басышы прививкадан эмес го дейм, менин эжемдин баласы прививка алган 10 айында баскан.
04.02.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары кудайдан замандаштар!прививканы баары бир алыш керек,болбогон нерсени жазбай,майдаланып,иммуннитети начарлыгы,дагы кобуроок алып бергиле кытайдын бок сактарын,химикатка толгон момо-жемишин-)))ушу силерге окшогон карангы кишилердин тоскоолдугунан ислам динибиз жаман корулуп жатат да,болбосо биринчи ойлоп табуунун бардыгы ислам аалымдарына таандык,тарыхты окусанар-)))).
04.02.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билгендер айтып коюнуздарчы балам 2айлык прививка р москвада роддомдо алган БЦЖ и гепатит В педиатр 3айлыгында кылабыз дейт.3айлыкта кандай прививка берилет ошону Кыогызстандан алсак болобу айырмасы жокпу
05.02.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygiza77, Кыргызстана да алса болот.бирок россияда ото ишеничтуу врачтары.мен россияда кобунчо алдыргам балдарыма.бирок Кыргызстанда да алдыргам барсан ызы чуу бардак.
04.02.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaisarbek оа кыргыз тилинде интернетте бар
04.02.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен. балама эмдеткен жокмун .бул динге байланыштуу эмес.азыркы учурда ошол вакциналардын айынан канчалаган наристелер которо албай каза болуп калышканын айтуудан коркушат.менин курбум баласын торогондо жакшынакай тороп ,роддомдон чыгаар куну наристеге вакцина сайышат .ошондон кийин баланынын температурасы тушпой реанимацияга тушуп калат.азыр болсо эки жарым жашта бирок баспайт .акыл эстен артта калган .мындайча айтканда инвалид болуп калды.
05.02.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Feroza, мурда бир идиште бир эле ооруга вакцина берилчу ал эми азыр бир идиште 5 ооруга вакцина сайышат.
05.02.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
так билген киши болсо магада кенеш берип койгулачы сураныч,менин баламда 6 айлык болду АКДС деген эмдоо уколун алышы керек экен врачтардын айтуусу бойунча,алуу керекпи же жокпу?
05.02.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнодо далилдеп каршы чыккан окумуштууларды жок кылдыртышкан себеби миллиардаган киреше алып келет бул вакциналар.советтер союзунан калган тушунук боюнча жашайбыз японияда жок экен.бала адаптация боло электе 24 саат ичинде оор укол саю туура эмес экен.менин досум 6 балалуу,бирине да сайдырган эмес баары жайында дейт.кайра укол жеген менин балдарым тезден оорушат.
05.02.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтар да экиге болунуп калышты , кээ бири болот дейт жарымы ишенбейбиз таасири мурункудай эмес дешет го.
06.02.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толгонай туура айтасыз,мисалы БЦЖ алган балдар деле толтура,бирок туберкулез менен ооруп эле...Мен да кызыма алдырган жокмун,шугур баары жакшы .Анан дагы ал бекер жасалат !.?
06.02.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БЦЖ эмнеге бекер деп ойлойсуз. Себеби ал бизнести онуктуруу учун гана. БЦЖ алган бала орууга каршы инунитеттерин жоготот. Анан ар кандай ооруулар жуга берет. Ошентип дары алып ичирет. Бизнесмендердин дарылары отушуно жол ачылат. Илгери БЦЖсы жок эле жашаган элдер
08.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldos-kg, эн бир туура айтасын. Ошондой бекер нерсе жок. Биз менен лабороториядагы чычкан иретинде эксперимент болуп жатсак керек деп ойлойм.
06.02.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kim ozunun oiun talkuulap bashkany karap oilop koiuu jok bolup kaldygoi
06.02.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура ал фармкомпаниялардын иши да,бир нече жыл мурун колорадо конузунун бизге Америкадан гумжардам деп берилген картошкалары аркылуу келгенин да баары билет...Азыркы кундо бекер нерсенин ,,бирогу"бар да:-(
06.02.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым бизди жаратып, озубуздун жаныбызды озубузго аманат кылган, ден соолук учун озубуздон башка эч ким курошпойт. А наристе курошо турган абалда болбогондуктан ата эне наристенин ден соолугу учун милдеттуу. Вакцинаны алыш керек. Вакцинадан олсо биз качан эле олуп калмакпыз го...
06.02.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык нерсе Аллахтан гана болот.
06.02.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вакцина эмне ой жугуртолу эмнеден жасалат эмне учун неге пайда жетет капырларга алданганыбыз укугубузду билели балким керек эмес а динсиз америка акча учун ХХХ ХХХ ХХХ динсиздерге баарыбир АЛЛАХТЫ ТААНЫБАЙТ ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-09 14:47:32
09.02.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabr, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
07.02.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кылым кары ткан калк пыз вакцини жок Эле жашайбыз Аллах адамды жаратканда Эле иммунитет и менен жараткан имуниттет оору лар менен курошот витамин же дуа кыл Аллах колдойт бал асал балык жениз чурканыз оорубайсыз бир тууган
07.02.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Эми айлана-чойронун баары эле зыян нерселерге толка кетпедиби, пайдаланган нерсебизден ичкен жегенибизге чейин химикаттар. Мисалга алсак телефондун эле канчалык зыян экенин билебиз, бирок колдонобуз. Вакцинанын зыян экени анык дейли, бирок, чойрону курчап турган вирустардан кантип сактанабыз. Бир кездерде кызамык массалык турдо кобойуп, прививкадан улам оорулуулар азайган экен. Акыркы жылдары прививкадан баш тартуудан улам кайра азыр куч алып жаткан болбосун...
07.02.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
прививка алуу керек,оорунун алдын алыш керек
07.02.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактагы жалбырактын жерге тушуусу,жердеги чандын асманга учканы,вирустун бир адамдан экинчи адамга жукканы,Алланын каалоосу менен болот.
08.02.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал го туура, бирок, алланын каалоосу менен жукту деп отура бербейсизда соссуз ооруканага барасыз, прививка да Аллах тарабынан балдарыбыздын оорубасына себеп болоор дары болуп калышын тилек кылаар элем. Деги эле менен балдар оорубасынчы.
08.02.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин катасын жонотуп алгандан кийин кантип ондойт ай?
09.02.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisarbek, саламатсызбы!
Комментарийди бир сааттын ичинде түзөтсөңүз болот.
08.02.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакциналардын маймылдын денесинде оорчутуу, тооктун денесинде оорчутуу дегени кандай ал? Жаныбарлардан кайра адамдарга орррунун илдеттери жугушу мумкун эмеспи андайда?
08.04.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да наристелердин вакцина алышына каршымын' интернет булактардан коп кором вакцинанын айынан коп балдар ооруп же чарчап калгандарын. Бул мировой элитанын цели жер шаарынан элдин санын кыскартуу' аны кантип кылышат,ушунтип бекер даары беримиш болуп,заранее толук кандуу иштеген имунный системаны олтурушот, кийин адамдарда уже ооруга каршы имунитет иштебей калат. Эн негизгиси кудай бизди бир бутун,толук организм кылып жаратты,анан маймылдын же тооктун болукчолору бизге керекерекпи?!
30.10.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura 3nchu balama nrivivka akgan emesmin azur en akylduusu,sadikte ejeiy tan kalat tez jattait yrlardu deit
02.03.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорудан алдын ала сактануу ШИРК!!! Ооруп калсак даарылануу ПАРЗ!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо