БИШКЕКТЕ ҮЙЛӨР АРЗАНДАП ЖАТАТ

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

Борбор калаа Бишкектен турак жайлуу болуу үчүн мекендештерибиз жылдап акча чогултуп, бул маселе көпчүлүктү башка мамлекеттерге барып иштөөгө аргасыз да кылат. Жыл өткөн сайын баш калаада батирлер асман чапчыган баага көтөрүлүп, кыргызстандыктардын үйлүү болуу кыялын кол жеткис кылып келет. Бирок 2015-жылдын башталышы менен борбор калаада батирлердин арзандаганы айтылууда. Биз кыймылсыз мүлк боюнча адистерге кайрылып, алардын оюн угуп иликтеп көрдүк.

«БАТИРЛЕРДИН БААСЫ 15 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН ТҮШТҮ»
Адегенде эле Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы кыймылсыз мүлк рыногун анализдөө боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаевдин оюн уктук. Анын айтымында, өткөн жылдын январынан июнь айына чейин борбордогу көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин 1 чарчы метри 950-990 АКШ долларын түзүп жаткан. Август жана сентябрь айларында баалар көтөрүлүп, 1 чарчы метр 1000-1010 АКШ долларга жогорулаган. Буга катар Айдар Сукенбаев төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:
– Күз айларында түшүм жыйналып, мал-жандык сатылып, элдин акчасы көбөйүп калган болот. Ошондуктан бир аз кымбаттоо болот. Октябрь, ноябрь айларында батирлер кайрадан
арзандай баштайт. Учурда батирлердин 1 чарчы метри орточо эсеп менен 800 долларга бааланууда. Тактап айтканда, батирлер 14,7 пайызга арзандады. Буга коӊшу мамлекеттердеги каатчылык, доллардын наркынын кымбатташы да таасир этүүдө.
Өткөн жылы көп кабаттуу үйлөрдөгү 9683 батир, 3 миӊден ашуун жер там сатылган. Жакынкы учурда үйлөрдүн баасы укмуштуудай арзандап кетет дегенден алысмын. Себеби бизде батирлерге болгон муктаждык дагы эле курч бойдон калууда.

«ЭКОНОМИКАЛЫК КААТЧЫЛЫКТАН УЛАМ БААЛАР ТӨМӨНДӨӨДӨ»
Бишкектеги эӊ ири делген «Площадь» турак жай агенттигинин сатуу боюнча менеджери Елена Юн үйлөрдүн арзандап жатканына байланыштуу мындай дейт:
– Батирлер аябай арзандап кетти дегенге болбойт, баалар бир азга гана төмөндөдү. Кыш айларында баалар ушинтип түшөт. Ошентсе да бул жолку баанын түшүшүн сезондук арзандоо дей албайм. Баа экономикалык кризистен улам түшүүдө. Орусиядагы каатчылык бизге да залалын тийгизип жатат. Адатта батирлерди чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз алчу. Рублдун куну түшүп, доллар кымбаттап, мигранттар үчүн квартира алуу эмес, Кыргызстанга келип кетүү кыйындады. Батирлерди сатуу-алуу иштери доллар менен жүргүзүлөт. Рублду долларга алмаштыруу капчыкка чыгым кылууда.
Турак жай агенттигине телефон чалган ар бир экинчи адам "сатууга жардам бергиле" деп кайрылат. Бизде кардарга караганда сатуучу көп болуп жатат. Мен алдын ала көрө албайм, бирок жакынкы 2-3 айга чейин баалар төмөндөйт деген ойдомун. Экономикалык каатчылыктан улам элде акча жок болот, демек, сатып алуу азаят, талап болбогон соӊ үй сатуучулар бааларын аз-аздан түшүрүп башташы мүмкүн.

«СУРОО-ТАЛАП АЗАЯ БЕРСЕ БАА ДАГЫ ТҮШӨТ»
Турак жай боюнча адистердин оюн уккан соӊ курулуш компанияларына байланышып, алардагы кырдаал кандай болуп жаткандыгына кызыктык. «Жал Артис» турак жай комплексин курган «Артис Глобал» ЖЧКсынын сатуу боюнча менеджери Кубан Бекказы уулу: «Батирлер арзандап жатат. Учурда Бишкекте эки жүздөй үй курулууда. Мындан улам атаандаштык күч алып, баалардын арзандашына алып келди. Бизде баалар алгач бир чарчы метрге 1200 АКШ долларын түзчү, азыр 1000 доллар болуп төмөндөдү. Сатып алууга талап болбосо, борбордо батирлер дагы арзандашы мүмкүн»,- дейт.
«Аалам строй» курулуш компаниясынын сатуу боюнча менеджери Адис Сомоев: «Учурда биздин компания кардарларыбыз үчүн атайын жеӊилдиктерге барып жатат. Батирлер салыштырмалуу арзандады. Мурда
1 чарчы метрдин баасы 650 АКШ долларынын тегерегинде болсо, азыр 550, 600, 620 доллардан сатып жатабыз. Батир сатып алып жаткандардын жарымынан көбү чет жерде иштеп жаткан мекендештерибиз. Өзүӊөр көрүп тургандай, рублдун куну түшүп, доллар жогорулады. Андыктан валюта курстарынын айырмачылыгын да эске алуудабыз. Жакынкы кезде баалар арзандайт же арзандабайт деп айтуу кыйын»
,- деген ою менен бөлүштү.

ЭКОНОМИСТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Кыргызстандагы дасыккан экономисттердин бири Айылчы Сарыбаев: «Батирге болгон баалар түшүп кетти деп айтууга болбойт. Суроо-талап азайды. Сатчулар көбөйдү. Элде акча жок. Мунун айынан баалар арзандай түштү. Бул эми рынокто боло жүрүүчү көрүнүш. Ал көрүнүш канчага уланат көрө жатарбыз»,- деп билдирди.
Ал эми экономист Кубан Чороев бул маселеге кенен токтолуп өттү:
– Жылдын башында ар дайым экономикалык активдүүлүк басаӊдайт. Ошол себептен батирлерге болгон талап азаят. Бул сезондук фактор. Мындан тышкары биздин экономикада бүдөмүк абал түзүлгөндүктөн, банктар ипотеканы токтотуп коюшту, бул дагы чоӊ таасир берип жатат. Ипотека – узак мөөнөткө бериле турган долларлык же евролук кредит. Ал эми банктар жакынкы жылда сомдун наркы кандай болуп кетерин алдын ала божомол кыла албай жатышат. Эгерде сиздин айлыгыӊыз сом менен болсо, сомдун куну кескин төмөндөп кетсе, кредит алгандарга доллар менен кредитти төлөгөнгө кыйын болуп калат. Бул банктарга да маселе жаратышы мүмкүн, ошондуктан банктар чочулап жатышат. Мунун айынан батирлердин баасы акырындап түшүп жатат.
Менин оюмча, азыр батир ала тургандарга жакшы кырдаал түзүлдү. Албетте, кандай экономикалык кризис болбосун бизде батирлерге талап чоӊ. Баалар эми ушундай төмөн кармалып турушу мүмкүн, бирок жылдын аягында экономикалык активдүүлүктүн башталышы менен кайра өсө башташы ыктымал. Ошондуктан батир алам дегендер ушул жарым жылдын ичинде же жылдын башында алып алганы оӊ.
Чоӊ экономикалык активдүүлүк биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирер менен жайында башталат. Бизге чоӊ рынок ачылып жатпайбы. Мындай жагдайда бизге Орусия, Казакстан жана Беларустан капиталдар агылып келгенге жана Кыргызстандын экономикасынын потенциалын пайдаланганга жакшы шарттар түзүлөт.
Ал эми үй куруучулардын көптүгүнөн, аттандаштыктан улам арзандоо боюнча айтсак, мындай фактор бар. Бирок Бишкекте болуп жаткан курулуш биздин демографиялык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу аздык кылат. Курулуш рыногуна мындан да көбүрөөк компаниялар киришине дагы деле потенциал бар.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
02.02.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арзандаганы эл учун жакшыго бирок чет элдиктердин куну туулбайбы,аларда акча коп да,сатылган уйлордун ээлери ошолор болуп калбайбы акырында?
03.02.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын жараны болбосо уй алалбаса керек.
04.02.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, Ала аласын.
02.02.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер долларды сомго которгондо арзандаганы деле сезилбейт.
02.02.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор кыргызстанда бардык банктарда ипотекага уй берилбей калдыбы,данное время?Сураныч билгендер айтып койгулачы?
02.02.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan, ипотека менен рассрочканын айрымасы бар, ипотекада сиз алган үйүңүздүн акчасына акча кошуп төлөйсүз, ал эми рассрочкага бир пайыз да кошулбайт. Азыр жаңы салынып жаткан этаж үйлөрдү рассрочкага берип жатат. Алатургандарга ошол жолду рассрочка ( карызга) сунуштамакчымын
.
02.02.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рубль тушуп доллар которулуп кыйын эле болду рубль эле которулуп турса жакшы болот эле чындап эле уй алмак турсун Кыргызстанга барганга кыйын болуп калды
02.02.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рассрочкага канча убакытка берилет экен
08.02.2015. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass, Уйдун бутушуно жараша! Даяр уйду беришпейт, салынып жаны эле баштаган уйлор берилет. Эн эле кеч болгону 2 жыл, обычно 1 жылдын тегерегинде эле берет.
02.02.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4ай мурун 33мин рубльга1000 долл алсак азыр65000ге мин доллар алыпжатабыз кыйын болду кыргызга..
05.02.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, туура айтасын ошондо азыркы 2000 доллар мурунку 1000 доллар
03.02.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзандаса жакшы коп болсо канча!
03.02.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге бизде доллар мн эсептешет башка мамлекет озунун акчасы мн эсеп кысап кылат. Эртенки куну доллар 20сомго тушсо дагы кимдин акчасын колдонобуз анан.
03.02.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур да.
03.02.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакынкы 5-6 жылда батирдин бир чарчы метри 200-300$ чейин тушот деген гипотезалар бар! Чынында ушундай болуп кетсе 2-3 квартираны бир эле алат элем))
03.02.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй курган компаниялар минуска иштейт беле ? 200-300$ болбойт.
04.02.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle,болушу МУМКУН деп жатам. Толтура компаниялар ортосунда атаандаштык болот, а атаандаштык болгон жерде арзандоо болот!!!
04.02.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайдан тургузса болушу мумкун. Каркас уйлор ошондой болот.
08.02.2015. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
T-1000, $200-300 эми жомоктон эле корбосок, жашоодо кыйын болуп калды го.
09.02.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
T-1000, оозуна май кана ошондой болсо
03.02.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлор арзандап рубль которулуп турса жакшы болот эле бирок андай болбой калдыго
04.02.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзандабай эле ошол эле боюнча. Просто азыр доллар ото которулуп кетти а эгер мындайынан эсептесен ошондой эле болуп жатат. Сомго которгондо кайра мурдагыдан дагы кичине болсо да кымбат эле болуп жатат. Эч кандай арзан парзаны жок эле.
04.02.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыргыздарга доллар бышырып коюптурбу дейм да. Доллар менен эмес сом менен эле эсептеп сом менен эле уйлорду баалашпаса эмне муйуз чыгабы? Суйлошсо только доллар менен суйлошконуно дагы эмне дейсин....
04.02.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рассрочкага алуунун шартын,жол жобосун билгендер кенеш бергенче кетсенер?
05.02.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтыныздарчы ошондо жок дегенде 1 болмолуу батир канчадоллар же канча сом болуп калат сомго. мен чарчы метр дегенине тушунбодум. Билгендер жооп жазып коюнуздарчы мага
08.02.2015. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994, Жаны тушуп жаткан уйлорлун орто эсеби боюнча бир болмолуу батир 46 м2. Баасы орто эсеп менен $700-750 м2. Ошондо жыланач, ремонту жок, башкача айтканда под отделку бир болмолуу квартира $32-34 мин долларга тушот. Ал эми ремонту чонтогунузго жана фантазиянызга жараша жасай бересиз. Орто эсеп менен жок эле дегенде устунон дагы $10 мин сарптасаныз жашай турган уй болот.
08.02.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
burger,Берген жооопторунуз учун чооон рахмааат
05.02.2015. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Кыргызстан эле уй,машина баарын доллар менен суйлошот,сом менен эле иштешсе болмок.Жетишкен Европада Россияда деле оз валютасы менен сатат.
05.02.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kv.. Tam alayn dedim ele ipotekaga kanday kylsam bolot?
06.02.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 долларга тушуп кетсе да компаниялар уттурбайт, болгону алар кооп пайда коруп конуп калышкан, себеби, алардын кетирген расходу квадратный метрине максимум 500 доллар, а калганы пайда болот аларга, ошондо эсептеп коргуло, алар квадратный метрин 600 дон сатса деле аларды олтурбойт, алар жон эле олумуш боло беришет, тушпой калат бизге деп...
06.02.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 70 мин долларга квартира сатып алган элем 63мин долларыны тологом 7 мин доллары калган тез толобосон алып койобуз акчаны 32курс менен аласын дейт ушул туурабы кенеш берип койгулачы
09.02.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atyr38, саламатсызбы!
Төмөнкү макалалар жардам берет деген ойдобуз:
http://www.super.kg/article/?article=29999
http://www.super.kg/article/?article=12573
07.02.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ.Рассрочкага батир кантип алса болот,тушук алып бериниздерчи сураныч.Баарыбыздын койгойубуз экен.
09.02.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akmosha, cаламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
08.02.2015. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рассрочкага строительная компанияларга барып, суйлошуп, 30% акчасын предоплата бересин.Гуугл акемден сурап жазсан, Кыргызстандагы строительная компаниялардын каталогун чыгарып берет. Керек болсо кайсы райондо, канча айда, кайсы баада экенин дагы. Кээ бир компаниялар машине, эски квартира, участокко да алмаштырат. Калган акчаны уй канча айда бутсо, ошончо айга болуп салат. Мисалы квартира $100 мин болсо, $30 мин сразу бересин. Калган $70 минди 7 айдан кийин уй бутсо, айына $10 минден толойсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо