Абдылда Иманкулов, куудул: «ДЕПУТАТТЫККА БАРБАЙМ. АКЫЛ ЭМЕС, АКЧА ЖЕТПЕГЕНДИКТЕН»

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

«Кайсы жерге барып концерт койбойлу, жок дегенде залдын жарымы толот, кээ бирөөлөрдөй мажбурлап билет сатып эл чогултпайм» дейт куудул Абдылда Иманкулов. Ичтеги арманы, ызасы, күйүтү, сүйүнүчү менен бөлүшкөн куудул бир каткырып, бир кабагын түйүп отуруп кызыктуу маек куруп берди.

– Куш келипсиз маек төрүбүзгө, Абдылда мырза! Алгачкы суроом, «Ар бир айдын алтысы» долбоору эмне себептен жабылып калды?
– Саламатсыздарбы? Ал долбоор беш жыл өмүр сүрдү, андай болду, мындай болду дей албайм, кандай болгонуна эл күбө. Биринчиден, бир концерт берип артынан кайра концертке даярдануу азаптын азабынан, экинчиден, куудул балдарды кармап турган рычаг жок калганынан токтоп калды. Алар тойлор менен жанын багышат да, түнү менен тойдо жүрүшүп, эртеси репетицияга келишпейт. Бир айда жакшы даярдансак, экинчисинде даярдана албай калабыз. Ошондой боло бергендиктен уят болбоюн деп бир жыл мурун долбоордон чыгып кеткем. Эми таптакыр жабылды.
– Чыгармачылык казанында кайнап жатканыӊызга канча жыл болду?
– Аскерден келгенден кийин эле Токтогул театрында актёр катары жумушка орношуп, ошол жерде спектаклдерде өзөктүү ролдорду аткара баштадым. Спектакль бүткөндөн кийин бир саат элге концерт берчүбүз, ошондо алып баруучулук кылып, эки ырдын ортосунда куудулданып да койчумун. Ал жерден анан Оштогу филармонияга жумушка кирдим. Ошол күндөрдөн бери 35 жыл өтүптүр.
– Сиздин атаандашыӊыз деп Рахман Разыковду билсек болобу? Мисалга, экөөӊөр окшош машина минет экенсиздер дегендей...
– Биз эми атаандашчу мезгилден өтүп кеттик. Жаш кезде деле ортобузда атаандашуу болгон жок. Экөөбүз теӊ бири-бирибизден калышпайбыз. Машинага келсем, биздин муун, мисалы, Күмөндөр, Рахман, мен, Жаныбек рулга кеч отурдук. Ошондуктан чоӊ трассадан, анда да байкабай калганда, саатына 120 чакырым ылдамдыкта айдап алып коркуп кетем. Негизи унаамды бир жарым, эки жылда алмаштырып турам. Техниканы билбеген жаным бузулуп калабы деп тез-тез сата берем.
– Кесиптештериӊиздин айрымдары 2-3 аял алышты, сиздин бир жеӊебиз менен жашашыӊызды сүйүүдө туруктуу деп билелиби же эч ким карабай койду деп түшүнөлүбү?
– Карабай жатат дейин десем, мени эмес, Жамбылды деле карап жатышпайбы. Бирөөнүн 2-3 аял алганына, 2-3 күйөөгө тийгенине сын тагып да, талкуулап да болбойт. Үй-бүлөнүн ички мыйзамдарына эркек менен аял көнүп жашаса, анан түтүн уланат. Бир катаӊды дагы кайталап алган учурлар кездешиши мүмкүн, бычактын кырында жүргөн мезгилдер да болот, жаштыкка алдырасыӊ, пенде болгондон кийин көп каталарды кетиресиӊ. Моюнга алыш керек, акмакчылык көбүрөөк эркектерден кетет. Бирок ошонун баарын көтөргөн аял акыры жеӊип чыгат, ушунча жүрүп аялдын утулганын көрө элекмин.
– Жеӊебиздин жеӊишке жеткенине канча болду?
– Утканына 4-5 жыл болуп калды. Куда күтүп, небере көргөндө эле менден сурап отурбай желек аялыма өтүп кеткен.
– Аялыӊыз капа кылса кантип жазалайсыз?
– Чогуу жашаганыбызга 33 жыл болду, бир жолу кызуулуктан колум тийип кеткен. Кээде жинге тийгенде чорт гана «тигини, муну бер» дегеним болбосо, 2-3 күн сүйлөбөй коём. Анан конок келип калат же дагы бир нерсе чыгат, кантип сүйлөшүп кеткенимди деле байкабай калам.
– Ала жипти аттаган учуруӊуз болду беле?
– Аттадым дейин десем үйдө аялым отурат, аттаган жокмун дейин десем көпчүлүк «эркек эмес экен» дешет. Мындай суроолорду Тынар (ред. Курбаналиев), Рыспек (ред. Жантөрөев) дегендерге берчи, ошолор жакшы жооп берет.
– А балдарыӊызды кантип тарбиялайсыз?
– Артист атаны баласы жөн эле алдап коюшу мүмкүн. Талаалап эле жүрсөм, балам «үйдөн чыкпай сабак окуп отурдум» десе ишене берем да. Ошондуктан балдарды тарбиялоо энесинин милдети. Атанын орду баарынан өйдө, өзгөчө, сырдуу болуш керек деп ойлойм. Эгер маселе жаралса мага түз жеткирбей, апасынан айттырышат. Анан чакырып алып кеп-кеӊешимди берем.
– Эӊ жакын досуӊуз жана касыӊыз барбы?
– Жакын достор көп, бирин айтсам, экинчиси таарынат. Элдешкис касым жок. Анткени мен жаман-жакшы айтышкыдай мамлекеттик кызматтарда иштеген жокмун да. Жоро-жолдоштор арасында таарынышуулар болуп калат, убакыттын өтүшү менен кайра эле чечишип алабыз. Мисалы, Рахман экөөбүздүн ортобузда ачык айтылбаган капачылыктар болуп калганын байкап калам. Сүйлөшүп калганда ошол теманы экөөбүз теӊ козгобойбуз.
– Саясатчыларга көп тийишесиз, эмнеге?
– Бүгүнкү турмушту ошолор түзүп берип жатышса, биз, куудулдар, саясатчыларды айтпаганда кимди айтабыз?!
– Эмнеге өзүӊүз депутат болом деп чыкпайсыз?
– Мен депутаттыка барбайм, акылымдын эмес, акчамдын жетпегенинен. Сен азыр акчасы жок депутат болгон адамдын атын атачы. Бирөөнү да таппайсыӊ. Бир жолу депутаттардын бири "сен депутат болушуӊ керек экен" дейт, "ооба, мен болушум керек. Элдин көӊүлүнө жаккан көп нерсе айтасыӊ, эч нерсеге жооп бербейсиӊ, "как раз" менин ишим" дедим.
– Депутаттарга нааразы болуп жатып эле шайлоодо үгүт иштери менен чуркап каласыз го...
– Адам үмүт менен жашайт экенбиз. Ошол үмүт, ишенич менен кайсы бир партияга добушумду берем. Мени менен жакшы мамиледе жүргөн инилерим бар, ошолордун жанында жүрүшүм мүмкүн.
– Сынды кандай кабыл аласыз?
– Эгер орундуу болсо эмнеге кабыл албашым керек? «Ар бир айдын алтысында» баш-аягы 150 интермедия ойноптурбуз, ошонун 130уна мен аралашыптырмын. Бул билген кишиге чоӊ эмгек. Бир жолу Келдибек Ниязов телевизордон бизди сындап «халтура» деп сөз сүйлөдү. Сен уктуӊ беле Келдибек байкенин бир жолу жеке концертин бергенин? Мен ыраазы болот элем, эгер ар бир айдын алтысында эмес, беш жылда да эмес, он жылда бир жеке концертин өткөрсө.
– Кейиген учурларыӊыз болобу?
– Менин кейигеним, көзү тирүүсүндө ал адам тууралуу жакшы сөзүбүздү айтпаганыбыз. Өткөндө Алтымыш Кадыровду эскерүү концерти болду. Кара-Суу районунун кыйындары бүт келишиптир. Алтымыш жөнүндө сүйлөгөндөн кийин «жакшы сөзүбүздү айтыш үчүн адам сөзсүз өлүш керек экен. Жакында Рахман Разыков алтымыш жылдыгын берет, ушул жерде отурган кыйын чыкмалар, алтымыш жылдыкка келбесеӊер, эскерүү кечесине киргизбейм» дедим.
– Бактылуусузбу?
– Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт экен. Кээ бир тойлордо тамадалар "кол чапкыла, чапкандардын балдары министр, чаппагандардын балдары ошол министрдин шоопуру болсун" деп калышат. Адамдын бактысы министрликте, депутаттыкта, жадакалса президенттикте да эмес. Муну Кыргызстандын тарыхы кайра-кайра далилдеп жатат. Мен бактылуумун.
– Жакынкы пландарыӊыз...
– Февралдын ортосунда борбордо концерт берейин деп даярдануудамын.
– Маегиӊизге рахмат, ден соолукта болуӊуз!

"Аялымдын биздин үйдүн туусун алганына 4-5 жыл болду".

"Чыгармачылыктын арты менен көп эле өлкөнү көрдүм".

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(49)
02.02.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женебиз да жакшы киши корунот.Аял жакшы эр жакшы да.Абдылда байке сизге бекем ден соолук.узун омур .кажыбас кайрат каалайм.Бар болунуз аман болунуз.Талантынызга соз жок.
02.02.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала жип мени аттап кеткен деп койбойсузбу,башкалар аны аттаса
12.02.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidar.001, Таап айтыпсын Айдар... Жакты
02.02.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай талантын жана чыгармачыл жолун баалайм, тизе бугуп таазим этсек да жарашат бул кишиге.Жонокой бирок таамай айтып маек куруптур. Ушундай талант ээлерин мамлекет колунан келишинче которуп алса болмок.Эч жасалмасыз чыныгы талант. Ишинизге ийгилик,уй булонузго бакыт ,ден соолук каалайм.
02.02.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда ака,уч кылымда жаралган бир таланттуу инсан,мындай киши 12 миллиярддан бир болот экен.Талантынызга таазим Абдылда ака,сизге элиниз сыйлык берип койгон капа этбениз.
02.02.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ен мыкты омур берсин
03.02.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул Адылда байкеге бербейсинерби заманыбыздын супер куудул наамын Супер Инфо!!!
03.02.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ala jipti attabasan erkek emessin degendin ozu erkek emes!
Erkekmin degen ui buloosun,kanynan jaralgan balasyn oiloit ala jipti attoonu emes.
03.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала жипти атап жибергенго
03.02.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы чыныгы талант деп айтса да болот
04.02.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер куудулсуз!
04.02.2015. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кокуй оооойййй ай ала жипти аттабаган эркек барбы?Аттаса аттагандыр эркек да баары бир урматтуу Супер Кумондор Абыловдон жан шериги Жамиля женеден интервью алыныздарчы алдын ала рахмааат)))
04.02.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Сунушуңузга рахмат!
04.02.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кыргыз Маданиятынын кыйындарына согуш айткым келе берет.Кайдагы бир Мааниси жок ырчыларга "Маданияттын мыкты кызматкери"деген наам беришет экен.Азыркы берилип жаткан наммдарга,ошол алып жатышкандардын 50% кана татыктуу деп ойлойм.Отуз жылдан ашык эмнеги бар Абдылда агабыз эмне куноосу учун наам албай журот.Мисал:Дайыр Исмадияров деген ким озу,эмне болгон ырчы?Кайсы жакшы,кыйраткан эмгегтне наам алды?Абдылда Иманкуловтун жанында ал бир кишинин кол чабуусуна татыбай калат го.Же эмне Абдылда а
04.02.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда акеге бериш керек эле да жогорку сыйлыктан.Мисалы Жанетта Бобкова эмнеге кайсыл эмгегине алган?Ырларын уксан супсак,сулуу болгонуна алганбы? Юрий Бобков дун чон наамы бар го,ошол жетет да бир уйго.
04.02.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызстанда копчулук чиновниктер терс кабыл алат. Абдылда Иманкулов туура соз айтат. Туура айтсан, тууганга жакпайсын. Абдылда Иманкулов туура айткан учун эл артиси болбойт.
04.02.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тируусундо бербесе керек эл артисти Абдылда байкеге. Ажал келсе капа болбой кете берин Абдылда байке барибир олгондон кийин берет. Тирунуздо эл артис болгондой болуп кете берин. Барибир козунуз откондо беришет
04.02.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanat_kyrgyz, Эй сенин акылын жайындабы,Абдылда акани кайда жонотуп жатасын?Барсан озун барып тур,Абдылда аканин азыр кеткенге шарты жок.Анан да оздорунун катар очереддери бар.Ракман,Жамбыл,Кумондор бар,Абдылда акем озунун планы бар.Бирок Абдылда аке депутат эч качан болбонуз,биз жакта депутатмын деп айтса отто уят иш катары корот.Бишкеке барып депутат болгом десениз мисалы,ий андан коро Правда кочосуно мостто иштебепсин деп айтышат.Депутат болуш учун мээни дагы иштетиш керек экен,тигилерге окшо
04.02.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз ишинизге игилик сиз эл артиси эмес эмгек синирген кудулсуз
04.02.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйлөп баштаганда эле күлө баштайм
04.02.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага бул куудул абдан жагат соонун маэк бериптир. Уй-булобуз менен сыйлап талантын баалайбыз. Турмуштан алынган таамай тамашалары коптон коп жагат. концертинизге албан-албан ийгиликтер болсун
05.02.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле козу кор болгон ХХХ министирлери ушундай адамдарга наам бербегенине аларды ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-05 10:50:25
05.02.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makwell, провокацияга жол жок! Эскертүү!
05.02.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда сиз,унунузду кырылдатып алып,укмуш аткарасыз, жолдошум экообузго абдан жагасыз.ишинизге чон ийгилик,уй булонузго бакыт каалайбыз.Сыйлык бербесе коюшсун чондор...
05.02.2015. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men en syilagan insan jana suiup korgon kuudul.Kop jawanyz!!!
05.02.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы куудул,сыйлайм.басканын коруп эле кулкум келет.


05.02.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо азыркы министрден сурап корбойсторбу Абдылдага эмне учун ушул мезгилге чейин эл артисти деген наам берилген эмес.
05.02.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ernist007, саламатсызбы!
Ал тууралуу репортаж жасалган:
http://www.super.kg/media/stv/129951/
05.02.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cилер суйлогондо кулсонор,мен озу сахнаны аттап келе жатканда эле кулом.талантынызга таазим.сизге соз жок.
05.02.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок бул братка
06.02.2015. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байке сизге соз жок талантынызга бар болун ардайым сизди чоон чоон сахнада концерттерди берин кутобуз чыгармачылык ийгилик

07.02.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Абдылда байке же

admin_superstan мен сизге ылайык келген интермедияларды жазган элем бул учун сиз менен кантип байланыша алам?
09.02.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik, саламатсызбы!
Тилекке каршы, интермедиялар гезит бетине жарыяланбайт. Рахмат!
07.02.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим, супер куудул да .
07.02.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда Иманкулов озу эле, турган турпаты эле кулку

16.03.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдылданын талантын баалайм ар бир образы элге жеткиликтуу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо