№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж
«Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун Евразиялык экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн 13 миллион 120 миӊ АКШ доллары керектелет. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Нарын облусуна болгон иш сапарында белгилүү болду. Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусовдун айтымында, быйылкы жылдын жаз айынан тартып «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту толук модернизациядан өткөрүлүп баштайт.
Аталган көзөмөлдөө-өткөрүү пункту жана «Торугарт» чек ара тозоту азыркы тапта чек ара, бажы, транспорттук, медициналык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзөт. Айта кетсек, бул пункт Кытай менен чектешкендиктен Евразиялык экономикалык биримдик менен Кытайдын чектешкен жерине айланат.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |