БИР БҮРКҮМ

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

  • Былтыр Кыргызстандын аймагынан СИРИЯГА 200дөн ашуун адам кетип, 22 адам каза тапкан. Бул тууралуу 2-февралда Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.
  • Бишкектин шаар башчысы КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ жаӊы төрөлгөн кызына Дания деген ысым берилгенин айтты. «Биз Мэрия деп атагыбыз келген, бирок ата-энем кызыӊар кийин шылдыӊга кабылбасын деп бул ысымга макул болбой коюшту»,- деди Кулматов.
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, 700 киловатт-сааттан жогору электр энергиясын керектеген калк үчүн ТАРИФ 1-февралдан тартып 2 сом 5 тыйындан 1 сом 82 тыйынга түшөт. Ал эми өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф
    2 сом 19 тыйын эмес,
    1 сом 97 тыйын болот.
  • Билим берүү жана илим министри ЭЛЬВИРА САРИЕВА: «Жыл сайын илимге мамлекеттик казынадан
    500 миллион сом бөлүнөт, бирок анын жемиши көзгө көрүнбөйт»,- деди.
  • 2013-жылы өлкө ичинде РАК илдетинен 2983 киши кайтыш болгон. Бул маалыматты тараткан Улуттук онкология борбору ооруканага кайрылып, биринчи жолу рак диагнозу коюлган бейтаптардын 60 пайызы өмүр менен кош айтышканын билдирди. Эӊ көп тараган онкологиялык оорулардын ичинде ашказан рагы турат.
  • Кыргызстандагы СҮТ азыктарын иштеп чыгуучу 34 заводдун ичинен 8и гана Казакстанга продукциясын экспорттой алат.
  • 5-февралда доллардын баасы сомго карата 61 сом 50 тыйынга чыкты. Муну менен ДОЛЛАРДЫН сомго карата өсүшү жыл башынан бери 2 сомду түздү. РУБЛДУН наркы дале сомдон ылдый болуп, сатууда 95 тыйын, сатып алууда 89 тыйынды түзүп жатат.
  • Эсеп палатасынын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын ишмердүүлүгүнө карата бүтүмү Жогорку Кеӊешке келип түштү. Вице-спикер ТӨРӨБАЙ ЗУЛПУКАРОВДУН айтымында, парламент аталган шаарлардагы сапатсыз курулуштарды февраль ичинде карайт.
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө ичинде учурда 704 МАДАНИЙ КЛУБ бар, анын 94ү оӊдоо иштерине муктаж болсо, 16сы авариялык абалда.
  • "КЫРК ЧОРО" коомдук бирикмесине "өз билемдик" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлиги билдирди. Уюмга каршы арызды аталган бирикменин текшерүүсүнөн кийин "Люкс" караоке-барынын кожоюну жазган.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
09.02.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматов мырза таможняда иштеп турганда торолсо анда кызынын атын Бажыгул коймок го.
09.02.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubaychbek
Кулматов мырза таможняда иштеп турганда торолсо анда кызынын атын Бажыгул коймок го.


Jardyngo brat. Meria koiso tuura ele aityptyr chon eneleri bul baike kachanga cheiin mer bolot
13.02.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматовдон эч жанылык жок,анан кызын айтып чыгыпптырбы?ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-13 10:43:16
13.02.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxelya, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү. Азырынча оозеки эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо